Ырчы Алтынай Асанбекова ноябрь айында алгачкы жеке концертин берүүгө даярданып жаткан учур. Анын “Жамгыр”, “Жаным”, “Айтайынбы?” деген чыгармалары казакчага да которулуп ырдалып жүрөт. Шоу-бизнестеги орду тууралуу “мен оңой эле азыркы белгилүүлүккө жетип калган жокмун, мунун артында 12 жылдык эмгек, түйшүк жатат” дейт ырчы айым. Лирикалык ырларды ийине жеткире ырдаган таланттуу кыздан “свежий” маекти сунуштайбыз.
– Куш келипсиз, Алтынай! Бүгүн аба ырайы бүркөө, сизди келет деп жамгыр жааганга даярданып тургандай...
– Кош келдим, саламатсыздарбы? (Күлүп) Ооба, болушу мүмкүн, бүгүн, эртең жамгыр жаайт деп жатышат го. Жамгыр жааганда менин “Жамгыр” ырым тактыны эч кимге бербейт өзү.
– Бизге мындан бир жыл мурун маек берген элеңиз, андан бери эмнелер өзгөрдү жашооңузда?
– Башкалар “бардык иш-чарада сен жүрөсүң, болуп кеттиң” деп көп айтып калышты. Демек, тынымсыз чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатам. Бир жыл ичинде бир топ эле жылыш бар. Дагы деле ысымымдын эл арасында жайылып, бекемделип калышына аракетимди көрүп жүрөм.
– Сиз үчүн популярдуулуктун туу чокусу кайсы чекте?
– Бул деле напси да, адам негизи эле тойбойт эмеспи. Мисалы, мурун “бир эле ырым хит болсо ошого ыраазы болот элем” десем, азыр “ар бир ырым хит болсо экен” деп калышым мүмкүн. Адам максатына жеткен сайын кыялдары, башка максаттары бийиктей берет. Өзүмдүн мисалымда айтсам, мен оңой эле азыркы Алтынай Асанбекова болуп калган жокмун. Артта 12 жылдык эмгек, түмөн түйшүк жатат. Бир ыр менен эле хит болуп, ырларым ар бир “үтүктөн” жаңырып бат популярдуу болуп кетсем, балким, өзүмдү таппай калмакмын. Мага атактуулук акырындан келип жатат, өзүмө да ушул нерсе жагат. Мен кыргыз эстрадасында өзүмдүн ысымымды бийик жерден көргүм келет. "Кыбыраган кыр ашат" дейт эмеспи, мен ошол кыбырап чокуга келе жаткан ырчымын десем болот.
– Ырларыңыз Кыргызстанда эле эмес, коңшу Казакстанда да популярдуу болуп жатыптыр...
– Ооба, казак туугандар “Жамгыр”, “Жаным” деген ырларымды жакшы көрүшөт. “Жамгыр”, “Айтайынбы?” деген ырларымды которуп ырдоого уруксат бердим. Жакында эле Казакстанга барып клип тартып келдик, аябай сыйлап, коноктошту. “Сендеги үн менен Казакстанда деле атактуу болсо болот, казакча ырдабайсыңбы?” деген сунуштар түштү. Негизи буга чейин казакча ырдоо максатым жок болчу. Анткени эки элдин тили окшош го, ошол эле “Жамгырды” казактар кыргызча эле угушат экен, ошондуктан казакча ырдоонун зарылчылыгы жок го дейм.
– Ырларыңыздын көбү лирикалык чыгармалар, шаңдуу, тойго ылайыктуу ырларыңыз барбы?
– Оаба, жакында “Неге, тагдыр, неге?” деген ырды бат ыргак менен жаздырып көрдүм. Андан тышкары Зарлык Камбаралиевдин чыгыш музыкасынын ыргактары бар чыгармасын аткардым. Бирок угармандар болбой эле мени лирикалык чыгармалар аркылуу таанышат, ошондой ырларымды ырдата беришет. Тойго ылайыктуу ыр жазам деп убара болбойм деле. Негизи элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгарма жазсаң болду экен. Мисалы, кайгылуу “Жамгыр” деген ырымды ырдатмайынча тойдон кетиришпейт мени. Андыктан чыгармачыл адамдын милдети – тойго ылайыктуу ырларды жазуу эмес, элдин көңүлүнө төп келген ырларды аткаруу деп билем.
– Жеке жашооңузда абал кандай? Чыгармачылык карьераңыз үй-бүлө курганга тоскоол болбой элеби?
– Негизи тоскоол болот. Башында “ысымым элге тааныла элек, дагы кичине иштеп алайын” деп жеке жашоону экинчи планга жылдырып койчумун. Азыр аздыр-көптүр атым таанылып, ырларым элге сиңип баштады. Эми сөз айткан, таанышкысы келген жигиттерге мүмкүнчүлүк берип көрөйүн деп чечтим. Учурда баамдоо, байкоо этабындамын десем болот (күлүп).
– Пластикалык операция жасатып өзгөрүлгүңүз келеби?
– Жок, дене мүчөмдүн эч жерине бычак тийгизбейт элем. Дене – бул Кудайдын аманаты, аны татыктуу пайдаланып, ошол бойдон кайра алып барышыбыз керек. Бул жашоо убактылуу гана, кийин ар бир кылганыбыз үчүн жооп беребиз. Жасаткандарга каршы ой айта албайм, алардын тандоосу да, оюмду таңуулабайм.
– Ырды ийине жеткире аткарыш үчүн чеберчилик жетишсиз, ал үчүн ошол сезимдер менен жашап көрүш керек дешет. Өзүңүздүн жашоону чагылдырган ырыңыз барбы?
– Мендеги ырды ийине жеткире аткаруу чеберчилиги музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө эле калыптанган. Эжейим Сайра Чоткараева “Алтынай, ар бир тамганы, тыбышты сезип ырда” деп көп айтчу. Кийин чын эле ырдын ар бир тамгасын, тыбышын сезип ырдаганга үйрөндүм. Бул ырларымдын баары жашоомдон алынган деген сөз эмес. Мисалы жакында “Сыр төгүү” деген ыр жагып калды, ага чейин бир кыз жашоосундагы кайгылуу окуясын айтып берген эле. Ошол кыздын башынан өткөн окуяларын элестетип ырдадым ал ырды. Анан көбү “бул Алтынай байкуш, көрсө, эч кимге ачыла албай, сыр төгө албай бук болуп жүрө берет турбайбы” деп ойлошу мүмкүн да (күлүп). Өзүм абдан жашыкмын, кээде күндө ыйлаган учурлар болот. Мисалы, бүгүнкү күнүм сонун өтүп, Кудайга ыраазычылыгымды айтып жатып ыйлап жиберишим мүмкүн. Ыйлаганда жеңилдей түшөм.
Кыска-нуска
– Кыргызстандын “алтын үнү” деп кимди эсептейсиз?
– Гүлнур Сатылганованы.
– Кыргызстанда эң сулуу айым ким?
– Ден соолугу чың айымдардын баары сулуу.
– Сезимдериңиз жоопсуз калган учур болгонбу?
– Сезимдеримди айта албай ичимде калып кеткен учур болгон.
– Жигитиңиз чечкинсиз болуп жатса колун сурайт белеңиз?
– Анчалык өзүмө ишенимдүү эмесмин, корком.
– Болочоктогу жолдошуңуз кандай болушу керек?
– Токтоо, сабырдуу. Анткени өзүм ачык-айрым, шайырмын. Бир плюска, бир минус болсун да.
– Кыз киши сүйгөнүн билдирбеши керек дегенге кошуласызбы?
– Мамиле куруу эки адамдын иши, андыктан кыз да, жигит да кайсы бир деңгээлде сезимдерин билдирип турганы жакшы.
– Сизге сөз айткандардын арасында үй-бүлөлүү мырзалар да болгонбу?
– Ооба, аларды акырын өз жолуна салгам. Бирөөнүн уясын бузуп бактылуу боло албайсың.
– Чыгармачылыктан кандай материалдык байлык таптыңыз?
– Азырынча автоунаа сатып алдым.
Лунара Бекиева