Белгилүү акын, драматург, “Карагыз”, “Апамдын махабаты” жана башка тасмалардын сценарийин жазган Жеңишгүл Өзүбекова кыргыз тили үчүн күйүп-бышкан инсандардын бири. Өмүрлүк жолдошу Ташбоо Жумагулов да эне тилдин өнүгүүсүнө зор салымын кошуп кетти. Демек, улуттун жүгүн аркалап жүргөн Жеңишгүл эжеге жакында Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгисинин ыйгарылышы бекеринен эмес. Эне тил көйгөйү, турмуш, келечек тууралуу маанилүү маекти сунуштайбыз.
«Жолдошум көп кыйынчылык көрдү, бирок өзүнүкүн берген жок»
– Кыргыз тили күнүн майрамдабаш керек, тескерисинче, көңүл айтыш керек. СССР деген держава албууттанып, 15 өлкөнү чеңгелинде мыжыгып турган мезгилде мамлекеттик кыргыз тили күнүн майрамдоо – бул чоң эрдик болчу. Биз ошол азаматтарга таазим кылышыбыз керек. Мамлекеттик тил комиссиясына жетекчи болуп жөн адамдар иштеген жок, баары эне тил десе ичкен ашын жерге койгон азаматтар. Арасында менин өмүрлүк жолдошум Ташбоо Жумагулов да бар. Ал жакта эми бардык аракетиңди микроскоп менен карагандай эле аңдып турушат экен да. Ташкем (ред.: жолдошу) улуттук тил комиссиясын жетектеп турганда баягы түзмө-түз, робот которгондой “Любовь-морковь – сабиз сүйүү” деген котормолордун баарын жоготкон. Президенттикке талапкерлер кыргыз тилинен сынак тапшыра башташкан. Ташкем “кыргыз тили жалгыз мамлекеттик тил болот, көрөсүңөр” деп эле күйүп-жана берчү. Ошондо орусиялыктар “Чингачгук в скорлупе” деген макала жазып Ташкеме асылышкан, анысы аз келгенсип юмористтери тамашаларына кыпчып кеткен учурлары да болгон. Эч кимге тийишпей эле эне тилибизди өнүктүрүп жатканыбызды эмнеге алар анчалык оор кабыл алышат деп таң кала берчүмүн. Жолдошум көп тоскоолдуктарга чыдады, күрөштү, бирок өзүнүкүн берген жок.
«Сыйлыкты 15 жылдан кийин беришти»
– Жакында мага Улуттук тил комиссиясы “Кыргыз тили” төш белгисин берди. 2009-жылы Улуттук тил комиссиясын жетектеп турган жолдошума “Ээ, Ташке, мен деле эмгек сиңирдим окшойт. Поэзия, драмаларымды айтпаганда да сериалдарым менен ар бир кыргыздын үйүндө жүрөм. Бул кыргыз тилин жайылтууга кошкон салымым эмеспи, ыя?” десем, “Жеңишгүл, сен иштей берчи, сыйлыкты кийин сага өздөрү издеп келип беришет” деп койгон. Анын айтканындай эле болду, “Ташкем бербеген сыйлыкты силер 15 жылдан кийин бердиңер” деп тамашаладым. Туура кылган экен, жарыктык, аялынын көңүлүн карап сыйлык берип койсо, көп туура эмес сөздөр чыкмак экен. Көрөгөчтүк кылган тура.
«Бирден дубал сүзүп көрүп баш коштук»
– Ташкем экөөбүз Улуттук университетте окуп жүргөндө таанышканбыз. Анда мен суйкайган шаардык кызмын, Ташкемди силер сүйрүсүнөн сүт толуп, туурасынан эт толуп калган кезинде көрүп калдыңар да. Жаш кезде кичинекей арык жигит болчу. Алгач такыр теңиме алган жокмун, эптеп жаныма келип кошоматтанып сөз айтып кетчү. Үй-бүлөлүү да болчу, ошого да маани бербесем керек. Кийин турмушка чыгып кеттим. Турмуштан ажырашып жүргөндө тагдыр бизди кайра жолуктурду. Анда 28 жашта элем, Ташкем да ажырашып, катуу чөгүп жүргөн кези экен. Экөөбүз бирден дубал сүзүп көрүп, чекебиз шишип, ак-караны айырмалап калган куракта табыштык. Ал кезде менин күйөө дегенден көңүлүм калган болчу, бирок агаңар көгөрүп артымдан эки жыл жүрүп баш кошкон. Мурунку никесинен балдары Кудайга шүгүр эле. Мен бир уул, бир кызым менен турмушка чыктым. Экөөбүз Илимбек деген уулдуу болуп, азыр ал 4 балалуу болуп калды. Мен ошол баламдын колундамын.
«Үйгө эт алып келеби деп күтсөм, китеп көтөрүп келиптир»
– Жолдошум иштин майын чыгарат эле, бирок жашоонун эмес (күлүп). Чогуу 40 жыл жашап көп сыноолорду, жокчулукту баштан өткөрдүк. Айрыкча өлкөбүз эгемендик алган алгачкы жылдары. Көптөр завод-фабрикаларды талап-тоноп жатканда жолдошум үй-бүлөсүн өкмөттүн карандай айлыгына бакты. Бир жолу үйдө эт жок, эмне тамак жасайм деп башым маң, кечке жуук атабыз эт көтөрүп келер деп күтүп отурсам толтура китеп көтөрүп келсе болобу?! “Аа, кокуй” деп эле калдым. “Үйдө эт барбы? Балдар канча күндөн бери эт жей элек?” деп сурачу эмес. Анан үйдө болгон күнүмдүк макарон, картошка менен тамак кылып койсом ошону тамшанып жеп, ырахаттанган бойдон кайра чыгып кетет эле.
«Таарынычтан улам «Карагыз» чыгармасын бир түндө жазып салгам»
– Бир жолу Жаңы жыл тосуп калдык. Советтик жаран катары анда баарыбыз совет шампаны менен тосчубуз майрамды. Дүйүм дасторкон жасап “азыр Ташкем шампан алып келсе чогуу тособуз” деп күтүп отурам. Бирок бир шампан алып келе албай койду да. “Эми жок болсо жок да, шампансыз эле тосо бергилечи” деп саат тогузда эле жатып алды. Ичимден ушунчалык ыза болуп таарындым. “Ушул кантип күйөө болсун, бир шампан алып келе албаса” деп улам-улам өзүмө суроо берип коём. Ошондо балдарымды уктатып туруп, түнү менен “Карагыз” чыгармасын жазып салгам. Жакшы чыгарма жаратыш үчүн деле бир түрткү керек болгон окшойт. “Карагыз” – менин чыгармачылыгымдын туу чокусу деп эсептейм. Көзүмдөн салаалап жаш агып, ичимдеги башкача бир ыза менен жазган элем. “Апамдын махабаты” да биз Кировкада жашап жүргөндө жазылган. Айылдагы кадимки турмуш, ылай чылап, сарай куруп, буурчак терип, тамеки тизип жүргөн күндөрүм болгон. Мына ошол турмуштун баарын “Карагыз”, “Апамдын махабаты” чыгармаларымда чагылдырып кеткем.
«Жолдошума көп кыз-келиндер ашык эле»
– “Сыңар сөйкө” деген ырымды көбүңөр билесиңер. Аны Ташкем кийин тамашага салып досторуна “кыйын болсоңор силер да чөнтөгүңөргө сыңар сөйкө салып келбейт белеңер” деп чычалата берчү. Чынында, жолдошума көп кыз-келиндер ашык болгон, менин бою кичинекей күйөөм кимге кызык деп ойлоп жүрсөм, көрсө, сөзү менен эле сүйдүрүп алчу тура. Жарыктык жугумдуу, сөз баккан киши болчу. Мени “чыгарма жаз, калем кармабаганыңа көп болуп кетти” деп түрткүлөгөн да ушул киши эле. Тегерегинде дайыма балга чогулган аарыдай болуп топ киши жүрчү. Кээде кызганып калганымда “Жеңишгүл, сен менин ичиме бир эле жолу кирип чыкчы, ошондо билет элең ордуң кайсы жерде экенин” деп калчу.
«Кудай бизге оор ажырашуу берди»
– Жолдошум көп жыл онкологиялык оору менен алышып жүрдү. Акыркы көз ирмемине чейин жанында болдум. Коридордо баратсак арабада отурган, сөөгү менен териси эле калган, чачы жыдып түшкөн бейтаптарды көрсөтүп “карасаң, булар ошол оорудан да, менин кайсы жеримде ошол оору?” дечү. Чын эле Ташкем арыктап, жүдөп же баса албай калган жок. Эрки бекем, духу күчтүү киши эле. Ооруканага көргөнү келебиз дегендерге “кызыл вино көтөрө кел” деп буюртма берип, кооз фужерге куйдуруп иччү. Ошентип жапжакшынакай жүрүп эле каза болуп калды. Пандемия күчөп, чек аралар, аба каттамдары жабылган мезгилде о дүйнөгө кетти да. Ал кездеги президент Сооронбай Жээнбеков “кыргыз тилине күйгөн азаматыбыз Москвада калып кетпесин, алдырталы” деп, ал кишинин тикелей кийлигишүүсү менен сөөгүн Кыргызстанга алдыртышкан. Новосибирскке чейин учак менен, андан бери Казакстандын талаасын аралап 3 күн, 3 түн унаада жол жүрүп алып келгенбиз. Астанадан бизди ал кездеги элчи, азыркы тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев термосуна ысык кофе жасап күтүп туруптур. Көңүл айтып, транспорт берип узаткан, ага да ыраазымын. Ташкемдин духу ыраазы болсун. Пандемияга карабай акыркы сапарга узатууга эл көп келди. “Урдук пандемияңды, ушундай кишиге кантип топурак салбай коёбуз?” дешти. Ташкемдин эли-жерине кадыры сиңген экен, эли да ошол сүйүүнү кайтарды. Мен ушундай адам менен маанилүү, маңыздуу, көркөм жашаганыма бактылуумун. Сүйлөсө сөздүн балын терип, иштесе иштин майын чыгарган Ташкемдей кишилер азыр аз.
Лунара Бекиева