(Башы өткөн сандарда)
Күткөн күн келди. Ак көйнөкчөн Алия күзгүнүн алдында бактылуу жылмайып турду. Канатты бир көргөндө эле өзүнүн адамы экенин сезген. Анын өтмүшүн, сүйүүсүн да билчү. Бирок үмүт, сабыр менен жылдар бою күттү. Канат да анын сүйүүсүнүн бекемдигин, бир сөз менен болсо да сурабаганын, өтмүшүнө болгон урматын байкады. Ушунун баары анын эч качан айыкпайт деген жарасын айыктырды. Биротоло чын дилден бул кызга берилип калды. Жаш кыздын аруу сезими анын илдетин айыктырды, кайра башка бир Канатты жарата алды.
– Даярсыңбы?- деди жеңеси Алияга.
– Эмнеге?
– Бакыт эшигин ачканга...
Алия жылмайып башын ийкеди. Жеңеси кызды алып чыкканда, аны Канат бир кучак гүл менен тосуп алды. Кыз узатуу шаан-шөкөтүнөн кийин үлпөт тою башталды. Той эки жаштын жакын санаалаштары менен чакан тойканада өтүп жатты. Бир кезде Шоола менен Жанат кол кармаша кирип келишти. Апакай үлпөт көйнөк кийген Алияны Шоола биринчи жолу кызганыч менен эмес, мээрим менен карады. Жанат агасын куттуктап, кулагына шыбырады.
– Бактылуу бол, агам!
– Сен да бактылуу бол, Жанатым.
Шоола Алиянын колдорун бекем кыса куттуктады.
– Сага Канатты тапшырдык. Ал өзүн эч качан аябайт. Кимге болсо жардамга чуркай берет. Сен аны сакта, ая, жанында дайым бар бол. Силер бактылуу болосуңар. Мен силерге ишенем!
– Ооба, биз бактылуу болобуз!- деди Алия ишенимдүү. Шоола чын дилинен бакыт каалап турганын сезди. Чындыгында, акыркы окуяларда Канат Шоолага бир боорундай болуп калган. Ал болбосо өзү, наристеси жашайт беле, ким билет. Жакшы бир досун, бир боорун ишенимдүү колго тапшырып жаткандай сезилди. Алиядан кийин Канатка кадам таштады. Экөө бир саамга тиктеше түшүштү. Экөөнүн тең көкүрөгүндөгү бороон-чапкын бүткөн эле. Жылуу, бир туугандык кыйбастык сезим калган.
– Рахмат сага, Канат! Жанат, мен, наристебиз үчүн кылган бардык жакшылыктарыңа ыраазымын. Сен болбосоң биз бири-бирибизди сактай албайт болчубуз. Сендей адамдар аз. Алия менен бактылуу бол! Чыныгы бактыңды таптың деп ойлойм.
– Рахмат, Шоола!
Шоола менен Жанат ээрчише ары басышты. Канат жеңил дем алды. Колуктусунун колун кысып алды.
– Эмне болду?
– Сага мен бир маанилүү нерсе айтам деп унутуп калыпмын.
– Эмнени?
– Мен сени сүйөм!
Алиянын бети албыра түштү. Канаттын ага бул сөздү биринчи жолу айтышы эле.
ххх
Султан Жаркындын жанына бара албай буйдалып жатты. Акыркы жолу жолукканда “менден да, Канаттан да алыс тур” деп бакырганы эсинде. Көрмөксөн да боло албай, барып учураша да албай кыйнала берди. Жаркын өзү басып келди.
– Кандайсың?
– Салам.
– Эмне чоочун кишидей болуп?.. Уулуңдун тою го бул.
– Уулумдун тою. Чакырганыңа рахмат. Бирок уулум мени менен ошондон бери сүйлөшө элек. Телефон чалсам албайт. Качкандай болуп жүрөт менден.
– Убакыт бер. Өмүр бою Жусупту ата десе, эки айда эле сени бооруна басып “аталап” калбайт да. Убакыт керек ага да, сага да.
Султан Жаркындын жылуу сөзүнө эрдемсий түштү. Дароо колдон алды.
– Жүрү, уулубуз менен анын тоюнда сүрөткө түшүп коёлу. Эстелик болсун.
– Жусуп отурат.
– Эмне болуптур, бир сүрөткө түшүп койгонго акыбыз жокпу Канат менен?
– Жакшысы, Жанат, Шоола болуп баарыбыз түшөлү. Сен экөөбүз барып сүрөткө түшүп жатсак эл эмне дейт? Жусуп анда такыр токтоно албай калат.
Ошентишти. Жанат, Шоола, Канат, Алия, Султан, Жаркын болуп тизилип сүрөткө түшүп жатышты. Баары бактылуу эле. Бакыт деген нерсе адамга оңою менен келбейт тура. Ар биринин өз жолу, өз сыры бар болчу. Тагдыр деген улуу жолдо алар өздөрү билген куралдар менен согушту. Канат мээрим, боорукерлик менен куралданса, Жанат өжөрлүк, куулук менен ийгиликке жетишти. Жаркын сыр сактоонун устасы болсо, Шоола сүйүү менен куралданды. Айтор, баары бакыт деген марага аксап, сылтып болсо да жеткен инсандар болчу. Ошол үчүн аларга бул көз ирмем абдан кымбат эле.
Жусуп буларды алыстан карап турду. Өмүр бою ал балдарына, аялына сырттан карап келген. Азыр дагы сүрөттүн сыртында калды. Баарын күч менен багындырып келген. Жашоо болсо ага сүйүү жана мээрим менен да жеңишке жетсе болорун айгинеледи. Оор үшкүрдү. Бул жерде отура албасын билди, таягын алып эшикти көздөй басып жөнөдү. Анын чыгып кеткенин эч ким байкаган жок. Куду ал бир кезде жакындарынын сезимдерин байкабай келген сыяктуу... Жашоо бумеранг деген ушул.
ххх
Жусуп эшикти бирөө каккылаганда чочуп кетти. Аны издеп телефон чалып, кабар алгандар аз болчу. Эшикти ачып Жанаттын турганын көрдү. Колуна толтура азык-түлүк көтөрүп алыптыр.
– Жардамыңа муктаж эмесмин!- деди корс эткен атасы.
– Билем,- деген Жанат колундагыларды коюп, үйдү айланта карады.
– Алып кет буларыңды!- деди Жусуп таяк менен түртүп.
Жанат көңүл бурган жок. Эшикке чыгып бирөөлөр менен сүйлөшүп, кайра кирди.
– Ата, азыр бир аял келет, үйдү тазалап, тамак жасап турат. Сизди ошого тапшырдым. Мен жумуш боюнча чет өлкөгө кетип жатам. Мен келгиче акчасын төлөп кетем. Кызматыңызды кылат. Бирок кыйкырмай жок. Келгенде үйүмө алып кетем. Ага чейин чыда.
– Кереги жок дедим сенин жардамыңдын... Сенин үйүңө барбайм!
– Ата?!
– Кеткилечи, жолобогулачы мага...
Жанат атасын кучактай берди. Алсыз, шалдыраган, күч-кубаттан тайган атасынын андан башка эч кимиси жок эле.
– Ата!
– Кет, келбе экинчи!- деди атасы үнү бош чыгып. Бирок сөзүнүн аягына жетпей, Жанатты кучактап ыйлап жиберди. Кечирим сураганы ушул эле. Жанат жаш баладай буркураган атасынын башынан сылап жатты. Атасын чын дилинен кечиргенин сезди.
ххх
Шоола аман-эсен кыз төрөдү. Эми алардын эки сөзүнүн бири Айыма болуп калды. Бул жолу Жанат менен Шоола жакындарын коштошуу үчүн конокко чакырышкан. Анткени чет өлкөгө кетип жатышкан. Канат менен Алия эрте келишти. Алар Айдарды ээрчите келишкен экен.
– Айдар, сенин карындашың болот. Атаң сени тааныштырган да, ээ?
– Жок, бул менин карындашым эмес. Канат байке, сиз балалуу болосуз. Ошол мага ини болот,- деди Айдар мурчуюп. Чоңдор күлүп калышты.
Жусуп келбей койгон, бирок Султан менен Жаркын келишти. Алардын жүздөрүндө бир толкундануу бар экенин сезишти. Тамак-аш ичип отурган соң Султан сөз баштады.
– Жанат, силер алыска кетип жатыпсыңар. Кеткиче бир маселебиз бар эле, ошону айталы дедик.
– Эмне маселе?
– Балдар, силер биздин икаябызды билесиңер. Жашообуздун канчасы калганын ким билет, Жаркын экөөбүз чогуу жашайлы деп чечтик.
– Кандайча?
– Үйлөнөлү деп чечтик. Балдар, бизге тагдыр дагы бир мүмкүнчүлүк сунду. Бири-бирибизге жөлөк-таяк бололу дедик. Силер кандай дейсиңер?
– Албетте, биз каршыбыз!- деди Канат.
– Апа, мен макулмун!- деди Жанат түз эле.
– Саткын, бир аз кыйнайлы деп сүйлөшпөдүк беле?- деди Канат күлүп. – Апа, албетте, биз макулбуз.
– Кыздар, силер да апабызды Султан байкеге бергенге макулсуңарбы?- деди Жанат тамашалай. Алия менен Шоола каткыра баштарын ийкешти. Үйдө бактылуу күлкүлөр жаңырып, шаңга бөлөнүп турду.
(Аягы)