Саясат жана коом

Кыргызстан жашоого коопсуз өлкөлөрдүн ичинен 77-орунду ээледи

Кыргызстан Global Peace Index (Тынчтыкты сүйүү глобалдык индекси) боюнча 77-орунга жайгашты. Жашоо коопсуздугунун деңгээлин аныктаган рейтинг 23 көрсөткүчтү эске алуу менен түзүлөт. Мисалы, өлкөдөгү кылмыштуулук, зордук-зомбулук, эл аралык мамилелер жана башка жагдайлар эске алынат. Быйылкы рейтингде Казакстан 59, Өзбекстан 60, Тажикстан 71-орунду ээлеген. Кыргызстан Борбордук Азияда Түркмөнстанды гана артка калтырды, Түркмөнстан тизменин 82-катарына жайгашкан. Согушту баштан кечирип жаткан Орусия 152, Украина 159-орунду ээледи.

Ал эми рейтингде биринчи орунга Исландия жайгашты, бул өлкө лидерликти 2008-жылдан бери эч кимге бербей келет. Буга Исландияда кылмыштуулуктун дээрлик жокко эсе экендиги, мыкты экологиялык абалы, социалдык камсыздоо жана билим берүүнүн сапатынын мыктылыгы себеп. Алдынкы ондукта Ирландия, Австрия, Жаңы Зеландия, Сингапур, Швейцария, Португалия, Дания, Словения жана Малайзия бар.

Жашоого кооптуу өлкөлөр деп Орусия менен Украинадан тышкары Израил, Йемен, Судан, Түштүк Судан, Ооганстан, Конго жана Сирия табылды. Жалпысынан быйыл тынчтыктын деңгээли 0,56 пайызга төмөндөгөн. Себебин изилдөөчүлөр Украина жана Газа тилкесиндеги согуштар дешет. Учурда дүйнө жүзүндө 56 активдүү чыр-чатак бар деп эсептелет, бул – агрессиянын экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эң жогорку көрсөткүчү деп айтылууда.

Кыргыз делегациясы дүйнөдөгү эң ири ГЭСтин иши менен таанышты

Кытайдын энергетиктери ГЭС куруу мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн Кыргызстанга келиши мүмкүн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев баштаган делегация Кытайда болуп, расмий жолугушууларда аталган өлкө менен биргеликте Кыргызстанга ГЭС куруу маселеси талкууланды. Кыргыз делегациясы дүйнөдөгү эң ири ГЭС деп саналган “Үч капчыгайга” барып, Кытай энергетиктери аталган ГЭСтин ишмердүүлүгү боюнча маалымат беришти.

Аталган ГЭС Кытайдын Хубэй провинциясында жайгашып, аянты 1084 чарчы чакырымды түзөт. Плотинасынын бийиктиги – 185 метр, узундугу – 2,3 чакырым. 2012-жылдан бери ГЭС жылына орточо 98,1 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.

2023-жылы Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Казарман ГЭСтер каскадына 4 ГЭС куруу боюнча макулдашууга кол коюлган. Долбоордун наркы 2,4-3 миллиард доллар деп маалымдалган. Аталган ГЭСтердин кубаттуулугу 1160 мегаватты түзүп, 2030-жылга чейин колдонууга берилет деп пландалууда. Курулушту Кытайдын энергетика тармагындагы ири ишканаларынын бири жүргүзмөкчү.

Жогорку Кеңеш Акаевге “экс-президент” макамын кайтарып берүүдөн баш тартты

Парламент Аскар Акаевге “экс-президент” статусун кайтарууга макулдук берүүдөн баш тартты. Мындай чечим Жогорку Кеңештин 25-сентябрдагы жыйынында талкуусуз кабыл алынды. Акаевдин убактылуу депутаттык комиссия түзүү жана “экс-президент” макамын кайтаруу өтүнүчү орундалган жок.

Аскар Акаевдин арызы Жогорку Кеңешке 3-сентябрда түшкөн. 24-сентябрда арызды парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти комитети талкуулап, депутат Гуля Кожокулова бул маселени терең изилдөө үчүн депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады. Депутат Жанар Акаев качкын президент Аскар Акаевдин бийлиги тушунда өлкөдө үй-бүлөлүк-кландык башкаруу гүлдөгөнүн, Аксы окуялары болгонун депутаттардын эсине салды. Жыйынтыгында комитет Аскар Акаевдин өтүнүчүн орундатуудан баш тартууну Жогорку Кеңешке сунуштоо чечимин кабыл алган эле.

Аскар Акаев Кыргызстан эгемендик алгандан кийин өлкөнү 15 жыл башкарган. Анын тушунда өлкөнүн тагдырына терс таасир эткен көп иштер жасалганы азыркыга чейин айтылып келет. Мисалы, союздук завод-фабрикалардын, мамлекеттик мүлктөрдүн таланып-тонолуп кеткени, үй-бүлөлүк башкаруу, Аксы окуясы жана башкалар.

Кыргызстандыктарга Ливан менен Израилге барбай туруу сунушталды

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө жарандарын Ливан менен Израилге барбай турууга чакырды. Ал эми аталган өлкөлөрдө жашаган мекендештер башка өлкөлөргө чыгып кетиши же сактануу эрежелерин күчөтүшү керектиги айтылды. Себеп – Израиль менен Ливандын ортосундагы чырдын кескин күч алышы. Израиль 23-сентябрдан бери Ливандын аймактарына сокку урууда. Израиль муну “Хезболла” кыймылына каршы операция деп атады. Аталган кыймылынын буталарына урулган соккулар көптөгөн өмүрлөрдү кыйып жатканын чет элдик ЖМКлар чагылдырышууда. Буга чейин Израилдин президенти Ицхак Герцог Израиль “Хезболла” менен согушууга кызыкдар эмес, бирок өзүнүн жарандарын коргоого милдеттүү деп билдирген. Бул арада Кипрге АКШнын ондогон аскерлери келип түшкөнү кабарланды. АКШ президенти Жо Байден Жакынкы Чыгышта толук кандуу согуш башталышы мүмкүн экенин эскертти. Кипр 2006-жылы да Израиль менен “Хесболланын” ортосунда согуш чыкканда Ливандагы чет элдик жарандарды эвакуациялоодо маанилүү ролду ээлегени айтылууда.

Учурда башка өлкөлөр да өз жарандарын Ливандан тезирээк чыгып кетүүгө чакырышууда. Орусия Израилдин соккуларынан Ливанда карапайым адамдар каза таап жатканын сындады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1138, 26-сентябрь-2-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан