Кол салуу (Кылмыштуу топтун кыңыр ишин баяндаган курч сюжеттүү сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Кол салуу болорун ойлогондо Эсен Кемелов бир орунда отура албай калды. Артём экөөсү ар кандай варианттарды кайра-кайра талкуулап көрүштү, коопсуздук боюнча бардык эле иштер жасалгандай. Кайраттын көз жумуп баратып “ат” дегенин да чечмелөөгө аракет кылышты, бирок ишенимдүү, реалдуулукка жакын вариант табышпады. Артём учуп-конуучу тилкенин тегерегинде жүргөн балдарын тилкенин жээгине коюлган милиция кызматкерлерине жакыныраак жерлерге жөнөттү. Алар учак коно турган маалда тилкеге мүмкүн болушунча жакын турушуп, эгер бир нерсе боло турган болсо шартка карап аракетке өтүүгө тийиш. Тишине чейин куралданышкан, коопсуздук жаатында дүйнөдөгү эң алдыңкы каражаттар менен жабдылган адамдар эле.

Артём Эсендин тынчсызданганын көрүп:

– Баары жакшы болот, Эсен мырза, коргоо мыкты коюлду, эки мамлекеттин атайын кызматтары жүрүшөт,- деп көңүлүн тынчтандырууга аракет кылды.

Президент Ан-24 деген учакта учуп келмек.

Френк адатынча жылкыларын таңкы саат алтыда айдап чыкты да, аэропорттун жанына коё берип, өзү бир талдын түбүнө жатып алды. Ага эч ким көңүл бурган жок, жылкылар аэропорттун учуп-конуучу тилкесине жакындаганда чуркап барып артка айдап коёт да, кайра жатып алат. Андан башка да күндө кой кайтарган балдар жүрүшөт.

Френк аэропорттогу кыймылдын баарын байкап жатты.

Девид кечээ түндөп Ошко кеткен, Оштон Түркияга учуп, андан ары Америкага кетмек.

Аэропорттун имаратынын тегереги бүт дарак болгондуктан, аэропорттун ичи көрүнбөйт эле, Френк канча караса да Эсенди же анын балдарын көрө албады. Акыры учак келчү маал жакындады. Саат 10го он мүнөт калганда Френк жаткан жеринен туруп, кетмен көтөрүп алып тилкени айланып өткөн жол менен талаанын ары жагына, жарандардын айдоо жерлери тарапка жөнөдү. Жылкылары ордунда оттоп калышты. Бир бээ гана Френкти “каякка кетип жатасың?” дегенсип карап окуранып койду. Френк тилкенин аркы бетине өтүп, коюу, бийик өскөн жүгөрүнүн арасына кирди. Анан жерди кетмен менен чаап, суу өтпөс материалга оролгон узун нерсени алып чыгып чечти, жапжаңы снайпердик мылтык болчу бул. Мылтыкты сылап, дүрбүсүн бир сыйра аарчып койду да, эгин талаасынын жээгине алып барып койду. Өзү жылкылары көрүнө турган жерге отуруп алды. Жылкылар да көрдү Френкти. Саат 10го эки мүнөт калганда асмандан самолёт көрүндү. Френк отурган ордунан кыймылдаган жок.

Самолёт көрүнгөндө Эсен чыдабады. Бир коркунуч келерде далысы муздай берчү анын, бул жолу да негедир далысы муздап чыкты. Аэропортто керосин сакталган 3 чоң цистерна бар эле, Артём экөө ошонун бирине чыгып айлана-тегеректи карай башташты. Эч кандай коркунучтун белгиси көрүнбөйт. Куралданган милиция кызматкерлери өз ордуларында турушат, алардын артында эч кимге көрүнбөй, баарына даяр болуп Артёмдун профессионал адамдары турушат, снайперлер ар бир кыймылга көз салышууда, баары ойдогудай эле сезилет. Тээ тилкенин ортосунан бир аз арыраакта койлор, аттар жүрүшөт оттоп. Эсен Кемелов аттарды көргөндө селт этти. Кайрат “ат” деп ушул аттарды айтпады бекен? Ичи муздай түштү, дароо жылкылардын айлана-тегерегин карады, эч ким көрүнбөйт, кой кайтарган балдар тээ ары жакта ойноп жүрүшөт, эмне коркунуч болушун түшүнбөдү. Бирок негедир коркунучтун булагы ошол жактан чыгып жатты. Аттардын тушунда, тилкенин аркы бетинде бирөө отурат бүкчүйүп. Негедир ошол адамды карап туруп калды, ал адам да Эсенди карап турган, экөө тиктеше түшкөндөй болду. Френк кайра дароо жерди тиктеп, шек алдырбоонун айласын издеди. Эсен ушул адамдан бир коркунучту сезди. Эмне кылышы мүмкүн бул адам?

Френк Эсенди тааныды, сүрөттөгү адам эле.

Самолёт конууга жакындап келатты. Бир маалда Френк шарт эле ордунан ыргып туруп, жүгөрүнүн арасына кирди да, аттарга көрүнө турган кылып колундагы костюмун булгалай баштады. Эсен дароо көрдү муну, аттар тилкени көздөй чуркап жөнөштү. Тушалган беш ат биринин артынан бири секирип чуркашты. Эсен коркунуч эмнеде экенин дароо түшүнүп, Гомердин акылына таң калды. Кантип башы жетти мындайга? Кимдин оюна келиптир мындай болору? Бекеринен анын кызмат акысы кымбат бааланбайт да. Өз ишинин чыныгы адиси экенине Эсен дагы бир жолу ынанды. Катуу ылдамдыкта келип конгон учак тилкеден өтүп бараткан аттарды сүзсө авариялык абал жаралмак. Тилкеден чыгып кетчү болсо талкаланып, өрттөнүп кетиши да мүмкүн. Анан да муну атайын уюштурулган иш деп эч ким шек санамак эмес, “чукул кырдаал”, “кокустук” деп табылмак, милиция кызматкерлери алыс тургандыктан жылкыларды тосуп жетишпейт эле. Френк баарын мүнөт, секундуна чейин эсептеп койгон. Эсен Артёмго аттарды колу менен көрсөтүп бир нерсе деп кыйкырды, бирок учактын күрүлдөгөн добушунан эч нерсе угулган жок. Убакыт аз, учак аттарга жакындап келатты.

Бир маалда Френк булгалап жаткан костюмун таштап, аттар тилкенин дал ортосуна жеткенде снайпердик мылтыгы менен мээлеп алдыда келе жаткан чоң бээни дал башка атты, аңгыча экинчи ок атылды, анысы таң маңдайга тийди. Аттар мүдүрүлүп жыгылып тыпырчылап, тилкенин дал ортосуна жатып калышты, калган аттар токтобой чуркап өтүп кетишти.

Эсен Кемелов баарын көрүп турду, бирок эмне кыла алмак эле, рациядан сүйлөйүн десе учактын добушунан баары бир угулмак эмес.

Френк дароо жүгөрү талаасына аралап кирип көрүнбөй калды, ал бараткан тарапта жүгөрүнүн баштары гана кыймылдап жатты.

Френк жыйырма метрдей чуркап барды да, андан ары да 20 метрдей сойлоп, алдын ала атайын даярдалган чуңкурдун үстүн ачып кирип жашынып калды.

Президент учуп келе турган Ан-24 48 орундуу учак эле. Френк ошол учактын ылдамдыгын эсептеп чыгып, ошого жараша даярданган болчу. Аталган учактын салмагы оор болгондуктан, тилкенин аяк жагына чейин барып, араң токтомок. Эң кызыгы – бул жолу Ан-24 бузулуп калып, президент башка чакан учакта учуп келген эле. Ал учак жеңил болгондуктан, конгондон кийин бир аз эле жүрүп барып токтой алат. Ошентип учактардын алмашып кеткени президентти чоң кырсыктан сактап калды. тилкедеги аттарды учкучтар да көрүштү. Командир дароо учакты токтотуучу рычагды өзүнө тартты. Бул рычагды тартканда учактын винттери абаны өзүнө тартып алдыга сүйрөгөн абалын өзгөртүп, тескерисинче, абага каршы айланып, самолётту артка түртөт да, тез токтойт. Учак тилкедеги аттарга 200 метр жетпей токтоп, артка бурулуп кетти. А берки аттар тилкени кесип өтүшүп, Френк калтырган жемди талашып жеп калышты.

Милиция кызматкерлери кабар бергенби, учак бурулуп кетери менен аэропорттун кызматкерлери келишип, тилкенин ортосунда өлүп жаткан аттарды машинеге жүктөп, алып кетишти.

Эсен Артёмго “жүрү” деп кол жаңсады да, экөө машинеге барып отурушту. Эсен Френк тууралуу окуянын баарын айтып берип, “тез кармаш керек” деди. Артём дароо командасындагы снайперлерге буйрук берип, алар Френк жайгашкан аймакты курчоого алып, снайперлер эгин талаасынын айлана-тегерегин дыкат мээлеп жатышты. Эгер Френк көрүнө турган болсо колуна же бутуна атып, тирүү кармоого буйрук алышты. Бирок Френк эгин талаасынан сыртка чыккан жок, Артёмдун он адамы, милициянын тилкенин четине коюлган алты кызматкери, баары эгин талаасынын ичин тытып жиберишти, Френкти жер жутуп кеткенсип эч жерде жок...

 

(Уландысы кийинки санда)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1138, 26-сентябрь-2-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан