Белгилүү куудул, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Борончу Кудайбергеновдун уулу Улан мырза менен баарлаштык. Борончу агабыз атасын жер каратпай турган мыкты уулду тарбиялаптыр. Маекке көз жүгүртүңүз, окурман.
– Кандайсыз, Улан мырза? Алгач сизди окурмандарга жакындан тааныштыра кетсек...
– Жакшы. Эми өзүм жөнүндө айтып берүүгө, атамдын бейнесин толугураак ачып берүүгө аракет кылайын. Бирок дайым интервью берип жүрбөгөн үчүн бир аз толкунданып кетишим мүмкүн (күлүп). Атым Улан, ата-энемдин тун уулумун. 1996-жылы төрөлгөм. Негизи өзүм тууралуу айтканды табиятымдан жактыра бербейм. Башында сизден “сүрөтүмдү чыгарбай эле коюңузчу” деп суранганым да ошондон (күлүп).
– Макул, анда кептин нугун атаңызга буралы. Атактуунун баласы болуу кандай? Жакшы жагы көп болуш керек?
– Атамдын атактуу болушунун бир себеби – ал эң жакшы адам. Мага анын атактуулуугунан да “жакшы адамдын баласысың” деген элдин сый-урматы маанилүүрөөк. Ушинтип көп айтышат. Эми бардык уул үчүн атасы үлгү деңизчи, бирок менин атам чынында жакшы киши. “Сенин атаң жаман” деген сөздү эч жерден уга элекмин. Башкаларга колунан келишинче жардам бергиси эле келип турат. Мен дагы ага татыктуу уул болгум келет. Сиз айткандай, элге таанымал адамдын баласы болуунун бир тарабы – жоопкерчилик, экинчи тарабы – сыймык. Менде эки сезим тең бирдей, ошол сезимдер менен чоңойдум. Атамдын атына көлөкө түшүрбөй турган уул болоюн деп аракет кылып келдим, дагы деле кылуудамын. Кыскасы, атактуунун уулу болуу өзгөчө сезим.
– Борончу ага чыгармачыл адам катары гастролдо көп жүрдү да. Силерге жетиштүү эле көңүл бурулдубу кичине кезиңерде?
– Туура айтасыз, ал киши жашыраак кезинде гастролдоп көп кетчү. Бирок бул ага шылтоо эмес эле. Үй-бүлөнү биринчи орунга койгондуктан, бизге жетишерлик көңүл бурду деп айта алам. Ошон үчүн аны менен сырдаш болуп өстүк. Атам мага ата гана эмес, дос дагы боло алды. Айрым балдар атасынан коркуп, “атам билбей калсын, атамдан жашырыш керек” дешет го. Менде андай болгон жок. Атама келип бардык нерсени айта алчумун, ал мени түшүнө турганын билчүмүн. Өзү да баарын кабагыңдан сезип турган адам, жүзүңдөн эле эмне болгонун билип, бир маселең болсо сурап, чечишип, акылын айтып жол көрсөтүп келди. Сабырдуу, кечиримдүү, түшүнүктүү ата. Кичине кезде эми баары зымга тизгендей болбойт да. Кээде тентектик кыласың, кээде бир ишти анын көңүлүндөгүдөй жасабай коёсуң, кээде такыр эле жоголуп, ойноп кетесиң. Эсимде калганы – кандай жорук кылсам да атам мени чаап же катуу урушуп, кыйкырган жок. Атам өзү да кичине кезинде баккан апасынын эркеси болуп чоңойгон үчүнбү, бизге эркиндик берди. Бул эми балалыкта калган элестер. Азыр эми акыл токтотуп калдык, атам таянар тоом, мен ишенген, кеңеше турган бирден бир адам.
– Канча бир туугансыңар? Адатта бир баласы атасы үчүн “любимчик” болот го. Кимиңерге жакын?
– Эки бир тууганбыз. Инимдин аты Кудайберген, 1999-жылы туулган, жеке ишкер. Атам иним экөөбүздү эч качан бөлгөн жок. Бирдей карады, бирдей мамиле жасады. Ошондуктан иним экөөбүз тең эле “любимчигибиз”.
– Атаңардын чыгармачылыгына кандай карайсыңар? Сизде да чыгармачылык чымындар барбы?
– Чыгармачыл адамга, эл көзүндө жүргөн инсанга үй-бүлөсүнөн эң биринчи колдоо болушу керек. Эң оболу аны жакындары туура түшүнүп, колдоп, мотивация берип турса чыгармачылыгы дагы өнүгөт деп ойлойм. Колдон келишинче бул жаатта апам да, балдары да колдодук. Дайыма эргүүсү келген учурларында жолтоо болбойлу деп аракет кылчубуз. Чыгармачылыгын урматтайм, колдойм, суктанам. Менде чыгармачылык чымындар мурда бар болуш керек эле, бирок башка жолду тандадым. Чымындар болсо да, өлтүрүп койдук окшойт, азыр алысмын ал тармактан, башка иштер менен алекмин.
– Атаңыздан үйрөнгөн жашоо сабагы...
– Атамдан алган эң биринчи сабагым – аялзатка жакшы мамиле жасоо. Атам апама укмуш камкордук, урмат менен мамиле кылат. Ата балдарына тарбияны сөз менен эмес, үлгү болуу менен берет дешет. Бизде да ошондой. Атамдын апама жасаган мамилесинен мыкты сабак алдык. Экинчи сабагы – бизди ыймандуу кылып тарбиялады, Кудайдын жолунда жүрүүнү үйрөттү. Атамдан көп эле нерсе үйрөндүм, бирок ушул эки нерсени баса белгилеп айткым келди.
– Атаңыз тууралуу таасирдүү бир окуяны эстеп айтып берсеңиз...
– Өзүңөр билгендей, атамдын деги бир жаны тынбайт. Улам бир жаңы долбоорду элге тартуулап, жаңычылдык эле издеп басып жүрөт. Кандай иш баштабасын, Жаратканга гана таянат. Иши оңунан чыкпай калса такыр кейибейт, “демек, ушундай болушу керек болгон турбайбы” деп коёт да, жолун уланта берет. Болгонуна да, болбой калган ишине да ыраазы. Мени атамдын ушул мүнөзү аябай таасирлентет.
– Борончу аганын эл билбеген жактары...
– Атам тамакты укмуш даамдуу жасайт. Берилип, жан дүйнөсүн арнап, түрдүү кылып тамак жасаганды жакшы көрөт. Өзгөчө палоо басканы башкача. Анын колунан чыккан бардык тамактары ресторандыкындай өзгөчө болот. Дагы эл билбеген, а балким, өзү да жакшы билбеген өзгөчөлүгү бар. Атам апабызды абдан катуу жакшы көрөт (күлүп). Атамдын эл билбеген жагы ушул, менимче.
– Маегиңизге рахмат. Бар болуңуз!
Нуржамал Жийдебаева