Минур Алтынбеков: «Ырчылыкка кайра кайтам»

Бир кезде жылдызы жанган “Жебе” тобунун жигиттеринин бири, ырчы, учурда тамадалыкты катырып жаткан мырза Минур Алтынбеков менен маектештик. Ал жаңы ырларды жаздырып жатканын, жубайы ай-күнүнө жетип, үй-бүлөсүндө толуктоо күтүлүп турганын жана башка жаңылыктарын айтып берди.

– Минур мырза, кандай жаңылыктар менен келдиңиз маекке?

– Чыгармачылыктагы жаңылыктардан айтсам, азыр 1-2 ыр даярдап жатабыз. Булардын обону өзүмө таандык. Буга чейин эле обон жазчумун, бирок тартынып, элге чыгарчу эмесмин. Былтыртан баштап 1-2 обонума акындарга текст жаздырып чыгардык, клиби да бар. Азыр да заманбап стилде бир ыр жаздык. Клибинин сценарийин да түзүп даярдап койдум. Учурда текстин жазып жатышат, бүтсө эле чыгарабыз. Анан келинчегим ай-күнүнө жетип, үчүнчү наристебизди күтүп жатабыз. Буюрса, аман-эсен көз жарып алса, ноябрда уулубузга сүннөт жана жентек той берсекпи деген пландар бар.

– Ата болгон кандай экен?

– Жакшы экен, көбүрөөк жоопкерчилик пайда болот экен. Биринчисинде аябай сүйүнөт экенсиң. Экинчисинде, кыздуу болгондо андан да катуу сүйүндүм. “Балдарым эч нерседен кем болбой, жакшы жерлерде окусун, жакшы жерлерди көрсүн” деп ойлонуп, колдон келишинче алардын тилектерин орундатканга аракет кылып калат экенсиң. Анан да мурдагыдай көп жалжаңдай албай калат экенсиң (күлүп). Себеби өсүп келаткан балаң сени карап түздөнүп, сенден үлгү алат.

– Өзүңүз бала кездей кандай элеңиз?

– Мен айылда чоңойгон баламын, бала чагым айылда өткөн. Кара-Кулжанын Биймырза деген айылында чоңойдум. Эсимде, аябай гиперактивдүү бала болчумун. Бир орунда турбаган, дайым кыймылдап турган, “шустрый” бала элем. Кийин ошол энергия жоголду (күлүп). Азыр иштен үйгө чарчап барып, бат эле уктап калам.

Чоң энемдин колунда чоңойдум. Аябай тентек элем, жаңы кийим кийгизсе эле ылайга жата калып булгап салчумун. Бир жолу топчандын бир бутуна мени байлап койгону эсимде. “Ушул акыркы кийимиң, тигилериң кургагыча кирдетпей тур” дешип. Мектепте да активдүү элем, кароо сынактарга катышып, майрамдарда алып баруучу болчумун. Ошондо эле чыгармачылыкка жакын болгон экенмин. 7-классымдан баштап алып баруучу боло баштадым, 10-класста бир классташым менен ырдай коюп, Гран-прини жеңип алганбыз. Ошондо “аа, мен ырдашым керек экен” деп оюм өзгөрүп, ырчы болом деп калгам. Негизи 4-классымда эле үйгө туугандар чогулуп калганда ортого чыгып, “ай, шамал, шамал, бузба чачымды” деп ырдай берчүмүн.

– Учурда тамадалыкка басым жасап жүргөндөйсүз. Тамадалыктын эмнеси жакты?

– 4-5 жылдан бери ошол жактан бошой албай жүрөбүз. Мурда тойлорго ырчы катары барсак, азыр көбүнчө тамада катары чакырышат. Экөө бир болгон жакшы окшойт. Биринчиден, тамадалык деле концертке чыгып ырдагандай эле. Байкап көрсөм, бул деле меники. Эл алдына чыгасың, күндө эл менен болосуң, 3-4 күндө бир өзүңдүн талантыңды, мүмкүнчүлүгүңдү элге көрсөтөсүң дегендей.

– Той алып барганда кызыктуу учурлар көп болсо керек?..

– Ооба, кызыктуу окуялар көп болот. Тойдо каалоо-тилектер канчалык көп айтылса, той ошончолук шаңсыз болуп калат. Каалоо айтам дегендин баарын уга берсең, той той эмес эле чогулуш болуп калат. Бир жолу 21-апрель тойго буюртма алып, өзүмө 21-мартка деп жазып алыптырмын. Музыканттарымды, ырчы, бийчилердин баарын ээрчитип барып алсам эле башка той. Чакырып алган ырчы-бийчилердин жол киресин төлөп кетиргем. Эң узак алып барган тоюм түнкү 1 жарымга чейин болду. Анда жалаң депутаттар келип, узак сүйлөшкөн.

– Эмнеден коркосуз?

– Жыландан (күлүп). Анан бат чочуй берем, бирөө катуу чочутса чаап жиберишим мүмкүн. Бойдок кезде үйдө жалгыз калууну самай берчүмүн, көрсө, ал жаман нерсе экен. Жалгыздыктан да акыркы кезде корко баштадым. Балдарымдын ызы-чуу болуп турганына көнүп калыптырмын, апасы балдар менен бир жакка кеткенде ээнсиреп калам.

– Бош убактыңызда эмне кыласыз?

– Телефон чукуйм (күлүп). Тааныштарым эмне кылып жатты экен деп соцтармактарды карайм. Азыр жашоо ушул да, ким эмне кылып жатканын тарыхчаларынан билесиң. Анын үстүнө жер тамда жашайбыз, майда-чүйдө иштер бар. Анан бала бакчадан балдарды алып келдиң, болду, бош эмессиң.

– Жашоону кызыктуу жашап жатам деп ойлойсузбу?

– Ооба, Элмирбек Иманалиев агабыз айткандай, жаркырата жашаш керек да жашоону. Жашоону мурун бойдок кезде жакшы жашап жатам деп ойлочумун. Көрсө, анда жаман эле жашачу экенмин. Үйлөнгөндөн кийин жакшы жашоону түшүндүм. Үйгө барсаң ата-энең, аялың, балдарың бар.

– Акыркы убакта эмне жөнүндө көп ойлонуп жатасыз?

– Үй алыш керек деп ойлонуп жүрөм. Үйүбүз бар, ата-энебиз менен чогуу турабыз, бирок балдар чоңойгуча көп кабаттуу үйдөн батир алыш керек.

– “Жебе” тобундагы эсте калган, ностальгия тартуулаган учурлар кайсы?

– 2013-2014-жылдар го дейм. Кайсы жерге барбайлы аншлаг болуп, күйөрмандар биздин ырларыбызды кошулуп ырдап турган учур эле. Жалпысынан ушул топко кошулганыма ыраазымын, анын артынан көп нерсе үйрөндүк, көп жерди көрдүк. Азыр да тартынбай алпаруучу болуп жүрөбүз дегендей. “Жебе” тобундагы жигиттер өкүл апам Кенже Дүйшеева менен чогуу бир ыр жаздырганы жатабыз. Мурункудай топ болбосок дагы, гастролдоп эл алдына чыга албасак дагы, чогуу ырдап, клип тартып туралы дедик.

– Жеке ырчы катары сизди кайсы ырыңыз таанытты деп ойлойсуз?

– “Мейли”, “Жазгүлүм” деген ырларымды жакшы кабыл алышты. Анан репертуарымда Чыңгыз Мырзаев агабыздын “Бир тууганым”, Фархат Кеңешбек уулу байкенин “Сулууга” деген ырлары бар. Эң биринчи чыккан “Аттиң” деген ырым бар, чыгыш стилинде. Тойлордо ушулар жакшы кабыл алынат.

– Ырчылык сиз үчүн?

– Ырчылык менин кесибим да, ырчылыкка атайын 5 жыл окугам. Кудай буюрса, ырчылыкка кайра кайтам. 

АКЫРКЫ ЖОЛУ КАЧАН...

... көп акча кетирдиңиз?

– Кечээ жакында эле көмүргө кырк миң сом кетирдик.

... ыйладыңыз?

– Бир жыл мурун болуш керек. Жөн эле, бук болуп калганда ыйлап алмайым бар, жеңилдеп калам (күлүп).

... ким менен уруштуңуз?

– Нияз деген досум бар, ошол менен уруштум.

... мушташтыңыз?

– Көп болду, мушташа элекпиз. 2017-жылы го дейм, биз “Жебе” тобу менен гастролдоп жүргөндө Таш-Көмүрдө мушташканбыз. Андан бери тынчтык жолу менен маселе чечип келе жатабыз.

... жубайыңызга гүл бердиңиз?

– Быйыл туулган күнүндө бердим. Жок, 8-Мартта апама, келинчегиме, кызыма гүл бериптирмин. Андан бери бере элекмин, андан бери майрам деле боло элек го (күлүп).

... китеп окудуңуз?

– Көптөн бери окуй элекмин. Ачыгын айтыш керек, акыркы жолу “Магия утра” деген китепти окугам. Анан “Сынган кылычтын” бир томун жарымына чейин эптеп чыдап окудум. Андан ары жагын окуй элекмин (күлүп).

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1138, 26-сентябрь-2-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан