Жубайлардын талашына түшкөн “Вайлдберриз”

Башкы кеңседеги куралдуу жаңжал

Өткөн апта “Вайлдберриз” маркетплейсинин Москва шаарындагы башкы кеңсесинде куралдуу жаңжал болуп 10дой киши жараат алып, 2 киши көз жумган. Компания жетекчиси Татьяна Бакальчук күйөөсү Владислав компаниянын кеңселерин басып алууга аракет кылганын билдирген. Айтымында, Владислав Бакальчук кеңсеге куралчан топтун коштоосу менен кирүүгө аракет кылган. Орус медиалары атышуудан набыт болгон эки адам кеңсенин күзөтчүлөрү экенин жазышты. Кийинчерээк Орусиянын тергөө комитети атышуудан эки укук коргоо кызматкери да жарадар болгонун тастыктады. Күбөлөр атышууда жараат алгандардын арасында Кавказдан келген ММА мушкерлери бар экенин айтып көрсөтмө беришкен. Ал эми Владислав Бакальчук компаниянын кеңсесине жетекчилик менен жолугушууга, жаңы кампаларды куруу маселесин талкуулоо үчүн келгенин, бирок күзөтчүлөр киргизбей койгондо жаңжал чыгып кеткенин айткан.

Үй-бүлөдөгү көйгөйдү Рамзан Кадыров айтып чыккан

Жубайлар Владислав жана Татьяна Бакальчуктун ортосундагы жаңжал, ажырашуу процесси,  бизнес бөлүштүрүү чырын алгач өзүнүн баракчасына Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров жазып чыккан. Анда чечен башчысы Владислав Бакальчук ага келип үй-бүлөсүндөгү жана чогуу түптөгөн бизнестеги олуттуу көйгөйлөр боюнча даттанганын кабарлаган. Татьяна Бакальчук биригүү деген шылтоо менен түшүнүксүз компаниялар менен байланышып алганын баса белгилеген. Эсиңиздерге салсак, орус медиалары “Вайлдберриз” менен сырткы жарнамалардын оператору “Russ Outdoor” компаниясы бириккенин жарыялаган. Медиалар ошондой эле эки бизнестин биригүүсүн президент Владимир Путин жактырганын кабарлашкан. Татьяна Бакальчук мамлекет башчыга жолдогон катында долбоорду колдоону өтүнгөн жана муну менен "Amazon жана Alibaba компанияларына атаандаш боло алчу кудуреттүү ишкана түзүүгө, SWIFT системасын кыйгап өтүп, эсеп-кысапты орус рубли менен жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк ачыларын" түшүндүргөн.

 

Саясий топтун куралы болуп жатабы?

Маалыматка караганда, Владислав Бакальчукка компаниядагы үлүштүн 1 пайызы гана таандык, калган 99 пайыз аялыныкы. Эксперттер жубайлардын кирешелүү бизнести бөлүштүрүү талашында сүйлөшүүлөр аяктабай калганын, бирок сөзсүз бетме-бет отуруп баарлашуу керектигин айтышууда. Сүйлөшүп, келишип алышпаса үй-бүлөлүк чырды саясий топтор өз пайдасына колдонуп кетерин, андан экөө тең утулуп каларын эскертишүүдө. Ошондой эле бул окуяда бүдөмүк жагдайлар көп экенин, согуш маалындагыдай менчикти кайра бөлүштүрүү жүрүп жатканын белгилешүүдө. Татьяна Бакальчук экс-жолдошу менен расмий ажырашкандан көп өтпөй, өзүнүн Телеграм каналында кыз кезиндеги Ким деген фамилиясына кайтканын жарыялады. Ага жооп кылып Владислав Бакальчук: “Фамилияңды өзгөрт. Компаниянын атын өзгөрт. Чач жасалгаңды өзгөрт. Дагы эмнени өзгөртсө болот?” деген билдирүүсүн калтырган. Эске салсак Бакальчуктардын үй-бүлөсү “Вайлдберриз” онлайн базарын 2004-жылы негиздешкен, чогуу жашаган жылдарда 7 балалуу болушкан.

 

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1138, 26-сентябрь-2-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан