КАРЫН ЭНЕЛИК: Муктаждыкпы же... 

Редакциябызга 32 жаштагы айым “карын энелик боюнча атайын программага катышып алданып калдым” деп кайрылды. Айтымында, чет элдик жубайларга бала төрөп берип, бирок келишилген сумманы колуна толук ала албай калган. Албетте, карын энеликке Кыргыз мыйзамдары тыюу салбайт. Балалуу боло албаган жубайлардын акыркы аргасы деп саналат бул кызмат. Алданып ара жолдо калгандар да кездешет. Айтор, тандоо ар бир адамдын өзүндө. Каарманыбыздын тагдыры башкаларга сабак болор деген максатта анын баянын угалы дедик.        

Айзада (аты-жөнү өзгөртүлдү), карын эне болгон айым: “Кытайлык аял бизге бала төрөп берчи деп ыйлады”

– Кичи мекеним – Токмок шаары. Учурда 32 жаштамын. Турмушка чыгып, бирок ажырышып кеткем. 2 кызым бар, апамдын колунда турушат. Апама жүк болбой, өзүм үйлүү болуп, бөлүнүп чыгып кетсем дегенде эки көзүм төрт эле. Бир күнү таанышымдан карын энелик тууралуу угуп калдым. Интернеттеги жарнама аркылуу байланышсам “Грузиядагы агенттиктин Кыргызстандагы филиалыбыз” дешти. Чакырышты, бардым, сүйлөштүк. Макул болдум. Мени врачтарга текшертишип, баары жакшы дегенден кийин Тбилисиге жөнөтүштү. Ал жакка эмнеге кетип жатканымды апама айтпадым. Чет өлкөгө иштегени кетип жатам деп койдум.

Грузиядан да көп текшерүүдөн өткөрүштү, келишимге кол койдук. Келишим орус тилинде жазылыптыр, айрым жерлерин түшүнбөй, алардан сурадым. Жөнөкөйлөтүп оозеки түшүндүрүштү, ынандым. Анан бардык шарты бар 1 бөлмөлүү батирге жайгаштырышты мени. ЭКО клиникага барганыбызда мени кытайлык жубайлар менен тааныштырышты. Аялы “оорунун айынан жатынымдан ажырап калгам. Үй-бүлөмдү сактап калгым келет, бизге төрөп берчи” деп ыйлады.

“7 айлык төрөгөнүмдө мага мамиле 100 пайызга өзгөрдү”

– Донордук урук клеткасын биринчи жолу салганда боюма бүтпөдү. Келишим боюнча 3 жолу аракет кылууга болот эле, экинчисинде боюма бүттү. Баланын жүрөгү соккуча "керектүүлөрүңө жумша" деп 400 доллар беришти. "Түйүлдүк жатынга жабышып жашап кетиши үчүн керек" деп дарыларды да ичирип жатышты. Ай сайын айлык катары акча төлөнүп турду. Төрөгөндөн кийин негизги сумманы – 15 миң доллар беришмек. “Курсагыңда чоңоюп жаткан бала сеники эмес” деп башынан эле мени психикалык жактан даярдай башташты. Талгак менде оор өттү, врачтар улам текшерип жатышты. Климаттан уламбы, 7 айлык кылып ара төрөдүм. Ошондо агенттиктин мамилеси дароо 100 градуска өзгөрүп, мени күнөөлөй баштады. Келишилген акчанын 30 пайызын бербей коюшту. Эмнеге десем “ара төрөп койбодуңбу? Келишимде ушинтип жазылган” дешти. “Соттошом” деп коркутканымдан натыйжа чыкпады. Жубайлар баланы алып кетишти, кашы-көзү кара жакшынакай уул экен. Төрөгөн ымыркайыңды көргөндө энелик инстинкт баары бир ойгонот экен, жакшы көрүп барып токтодум. Бишкекке келгенден кийин укугумду коргоо үчүн мени Грузияга жөнөткөн агенттикке чалсам, “мындай номер номер жок” деген сөз уктум.  Сыягы, агенттик номерлерин өзгөрткөн же убактылуу гана иштеп жабылган. Же дагы бир башка сыры бар. Менин окуям башкаларга сабак болсо дейм. 

Камиль Рузиев, укук коргоочу: “Келишимдин ар бир пунктун окуп чыгуу зарыл”

– Карын эне болууга өлкөбүздүн мыйзамдары жол берет. Жашоонун оордугунан, жумушсуздуктан, аргасыздыктан айрым жаш аялдар карын эне программасына катышып, пайда табууну көздөшөт. Көбүнчө бул кадамга балдары бар жалгыз бой аялдар барышат. Изилдеп көрсөк, карын эне болчу аялдарды көбүнчө Грузия, Армения, Азербайжан жана Кипрге алып кетишүүдө. Карын эне болом дегендерди тыя албайбыз, алардын өздөрүнүн эрки. Болгону юридикалык жагына жакшыраак көңүл буруш керек. Карын энелик кызматты көрсөтүүдө эки тарап юридикалык келишим түзүшөт. Ошол келишимдин ар бир пунктун дыкат окуп чыгып, анан кол коюу керек. Эми жогорудагы каарман өзү жашаган аймактагы прокуратура органына арыз менен кайрылып, анда кайсы агенттик аркылуу Грузияга барганын жана башкаларын толук көрсөтүп жазуусу зарыл. Башкысы – агенттикти табуу жана 2 тарап кандай келишим түзгөнүн тактоо талап кылынат. Бирок келишимге кол коюлуп калгандыктан, каармандын калган сумманы кайтарып алышы кыйын.

Гүлжан Жалиева, Бишкектеги “Анкалайф” клиникасынын ЭКО адиси:  “Өлкөдө карын эне кызматы муктаж болгон жарандарга  гана көрсөтүлөт”

– Кыргыз өкмөтүнүн 2018-жылдын 30-июнундагы токтому менен кабыл алынган “Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруудагы кепилдиктери жөнүндө” мыйзамы бар. Ошого ылайык, Кыргызстандын жарандары карын эне болууга, ал эми балалуу болгусу келген жубайлар карын энени жалдап балалуу болуу укугуна ээ. Ошол мыйзамда карын эненин жана аны жалдагандардын укуктары жазылган. Негизи дүйнөдө тукумсуздук жылдан жылга көбөйүп жатат. Статистикага таянсак, бул көйгөйгө Кыргызстанда ар бир 4-5-жубай дуушар болот. Оорулардын айынан жаралган эркектин жана аялдын тукумсуздугу деп 2 формага бөлүнөт. Карын энени жалдоого жаш келиндер эмне себептен муктаж болушат? Кандайдыр бир себептен улам жатынынан кол жууп калган болсо. Андай себептерге төрөт учурунда кан кетүүдөн улам жатынынын алып салынышы же жатындын оорулары (миома, Ашерман синдрому, жатындын залалсыз шишик оорусу) да кирет. Акыркы кезде рак оорулары жаштар арасында көбөйүп бара жатканын да айта кетели.

Карын энеге талаптар кандай жана кимдер боло алышат? 35 жашка чейинки, ден соолугу чың, өнөкөт оорулары жана кош бойлуулукка каршы көрсөтмөсү жок жаш келиндер карын эне боло алышат.  

“Анкалайф” клиникасы муктаж болгон жарандарга гана карын эне кызматын көрсөтөт. Карын эне жалдаган үй-бүлөнүн укуктары мыйзам чегинде корголот. Карын энеден төрөлгөн бала өзүнүн биологиялык ата-энесине катталат. 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1138, 26-сентябрь-2-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан