Акыркы эки жылда популярдуулугу артып, “2024-жылдын мыкты ырчысы ким?” деген сурамжылоодо көпчүлүк мекендештери SHAMAN’дын атын атап, рейтингде биринчиликке чыкты. Патриоттуулугунун аркасы менен популярдуу болуп, ошол эле учурда өгөйлөнгөн ырчы мырзанын чыгармачылыгы, өмүр баяны кызык болду.
Туулган жери: Орусия, Новомосковск
Туулган жылы: 1991-жыл, 22-ноябрь
Жылдыз белгиси: чаян
Бою: 182 сантиметр
Кесиби: ырчы, акын, музыкант
Репертуарындагы белгилүү ырлары: “Я русский”, “Встанем”, “Улетай”, “Ты моя”, “До самого неба” жана башка
Наамы: Орусиянын Эмгек сиңирген артисти
Ойногон музыкалык аспаптары: фортепиано, бас-гитара, флейта, гитара, гармонь, балалайка, барабан жана башка.
3 дипломдун ээси
“Музыкант болорум кичинемден эле бешенеме жазылса керек. Анткени башка кесипти аркаласамбы деген күмөн ойлор такыр келген эмес. 4 жашымда алгачкы жолу сахнага чыккан экенмин. Ошондон ушул күнгө чейин сахна менин экинчи үйүм болуп келе жатат...”
2020-жылга чейин бул артист Ярослав Дронов деген ысым менен сахнага чыкчу. Талант болсо атасынан берилген, анткени ал акустикалык, электр гитараларынын чебери, музыка жаатын жакшы түшүнгөн адам. Алгач музыкалык мектептен билим алды, анан музыкалык колледжди аяктады, жогорку билимди болсо Москвадагы Гнесин атындагы музыкалык академиядан алган. Мындайча айтканда, ырчынын куржунунда 3 музыкалык диплом бар.
Ийгиликке жол ачкан сынактар
Чоң сахнага 2013-жылы чыкты. “Фактор А” музыкалык сынагына катышып, 3-орунга татыган. Анан да сынактын калыстар тобунун мүчөсү Алла Пугачёванын мактоосуна, ошондой эле “Алланын алтын жылдызы” атайын сыйлыгына ээ болгон.
Ал эми чыгармачылыктагы экинчи чоң тепкич – “Голос” сынагы. 2014-жылы өткөн “Голосто” ырчы Пелагеянын командасына кошулуп, финалга чейин жеткен. Финалда жеңишке бир кадам жетпей, экинчи орунду алганы менен, жалпы Орусия жана башка бир катар орус тилдүү мамлекеттер Ярослав Дронов аттуу жаш ырчыны жакшы таанып калышкан.
Эмнеге SHAMAN?
2014-2017-жылдар аралыгында Ярославдын ишмердүүлүгү “Час-пик” аталган топ менен бирге өттү. Бирок Ярослав жамаатта иштегенден да тажап, эми жеке чыгармачылыкка аракетин баштаган.
2020-жылдан баштап эле ырчы жигит Shaman деген псевдонимди алганын жарыялады. Эмнеге? “Башынан эле өзгөчө псевдоним менен чыккым келчү. Сахнага чыкканда ичимден чыныгы мен ойгонгондой, бирок ага кадимки адам аты жарашпагандай сезиле берчү. Анан интернеттен менин ырларымдын астына “сыйкырдуу үн”, “гипнозго салган үн” сыяктуу билдирүүлөрдү жаза башташты. Ошондо анан мага Shaman деген ат жарашарын түшүндүм” дейт таланттуу мырза.
Популярдуулук
Көпчүлүк таланттар сыяктуу Shaman’дын бактысын ачкан интернет десек болот. Анын аткаруусундагы “Улетай” ыры миллиондогон көрүүгө ээ болуп, ТикТок желесинде да трендге айланган. Shaman ырларынын сөзүн, обонун өзү жазат. Анын калемине таандык 200дөн ашык чыгарма бар. Интернеттеги популярдуулугун бекемдөө максатында имиджин да өзгөртүп, чачын дред кылып өрдүртүп алат. “Ырчы көп да, көрөрман кайсы бирин эстеп калыш үчүн өзгөчөлүк керек. Менин чач жасалгам жана үнүм сөзсүз көңүл бурдурат” деп түшүндүргөн кадамын артист.
2022-жылы эле Shaman Орусиядагы эң көп талкууланган артист болуп чыга келди. Бүтүндөй Орусиянын шаарларын түрө кыдырып концерт берип, концертине эң көп билет сатылган ырчы катары да аты чыкты. Мындай күтүүсүз популярдуулуктун себеби бар эле. Орусия-Украина жаңжалынын фонунда Shaman’дын патриоттук негиздеги “Я русский”, “Встанем”, “Моя Россия” жана башка бир катар чыгармалары аскердик параддардын, иш-чаралардын гимнине айланган. Ырчыны мамлекеттик иш-чараларга чакыруулар көбөйгөн.
Кесиптештеринин “бойкоту” жана наам
Өзүлөрүнө караганда популярдуулугу артканы үчүнбү же кымбат гонорар алганы үчүнбү, же чындап себеби барбы, айтор, Shaman’ды жактырбаган орус ырчылары көп. “Жылдын ыры-2023” фестивалында ырчы мырза менен бир сахнага чыккысы келбеген, чыккандары ага көңүл бөлбөгөн учур катталып, ызы-чуу жаралган. Кесиптештери Shaman’га болгон бойкотту – “ал псевдопатриот, бийликке кошоматчы, Кремлдин пропаганда куралы” деп түшүндүрүшөт. Бойкотчуларга жооп кылып, Орусиянын президенти Владимир Путин “ме сага” деп туруп 2024-жылдын жайында Shaman’га Орусиянын Эмгек сиңирген артисти наамын бакыйта берип салды. Shaman’дын патриоттуулугу үчүн бойкот кылган ырчылар эле эмес, санкция салып, кирүүсүнө тыюу салган 27 мамлекет бар.
Ызы-чуулары да көп
Жаңы Shaman болуп башталганда дред чачтар чечилип, жаңы чач жасалга менен жүргөн ырчы мырзаны ызы-чуулар байма-бай коштоп жүрөт. Алардын бирин эске салсак, гонорар сурагандагы “аппетити”. Оренбургдагы шаар күнүнө чакырылган ырчынын гонорары 16 миллион рубль, ал эми Ставрополь аймагындагы майрамдык гонорары 15 миллион рублду түзгөн. Бул сумманын ызы-чуусу Мамлекеттик Думада да каралган. Депутаттын суроосуна Маданият министрлиги “Shaman’дын ырлары элдин патриоттуулугун, духун көтөргөнү үчун чакырылат” деп жооп берген. Өз кезегинде депутат “патриоттуулук жана дух көтөргөн ырлар акча менен бааланбашы жана сатылбашы керек” деп жооп берген. Ырчынын чыгармачылыгындагы кымбатчылыкка карапайым калк да көңүл буруп, концертке билеттери өтө кымбат экенин айтып келишет. Ошентсе да Shaman билети эң көп сатылган артист болуп жатпайбы.
Ванга менен байланышы барбы?
Көзү ачык Ванганын 80-жылдары “бир күнү ак шаман келип, Орусияны сактап калат” деген сөзү бар экен. Арадан 40 жылдан ашуун убакыт өтүп, Shaman ырчыны Ванганын айтканы менен байланыштыргандар чыгат. Ал эмес, белгилүү алып баруучу Андрей Малахов “Ырчы Shaman – Ванганын кабарчысыбы?” деген темада берүү жасап чыккан. Студияда отурган коноктор “Ванга айткан шаман чынында эле учурда орустардын патриоттуулук духун көтөрүп жаткан ырчы Shaman болушу мүмкүн” деген ойду айтышкан. Алардын оюна ырчы мырза да макул болгон. Бирок тарыхчылар, серепчилер "Ванганын айтканы менен ырчынын эч кандай тиешеси жок, хайп кылбагыла" деп келишет. Айтор, бул ой ар кимдин ишенимине жараша кала берет окшобойбу.
Варваранын атасы
2012-жылы Ярослав өзүнөн 6 жаш улуу музыка мугалими Марина Рощупкинага үйлөнүп, экөө Варвара аттуу кыздуу болушкан. 2016-жылы жубайлар ажырашканы менен, ырчы мырза кызы менен тыгыз байланышта. Варвара да атасынын жолун жолдоп чыгармачылык багытта болгусу келет. Ярослав кайрадан өзүнөн 13 жаш улуу айымга ашык болгон. Ишкер Елена Мартынова экөө 2017-жылы баш кошушкан, ошондон бери эриш-аркак жашап келе жатышат.
Асыл Орозбекова