ТАМШАНДЫРГАН, ТАҢ КАЛТЫРГАН ТАИЛАНД

Саякат. Кабарчынын күндөлүгүнөн

Анталия, Малайзия, Египет... Бул жерлерди эмне байланыштырышы мүмкүн? Ооба, булар биз бир нече жылдан бери уюштуруп келе жаткан “Супер сулуу” сынагынын жеңүүчүлөрү эс алган жайлар. Сынактын алгачкы жеңүүчүсү Айгерим Анталияда, Чинара Малайзияда, Жамиля менен Бегайым Египетке барып эстен кеткис эс алууну баштан өткөрүп келишкен. Бул саам экзотиканын очогу болгон Таиланд падышалыгы менен таанышып келүү бактысы сынактын жеңүүчүсү Бактыбек кызы Бурулга буюрду.

ЫЗГААР КЫШТАН ЫСЫККА АЛТЫ СААТ...
31-январдын түнү саат 03:00дө Алматынын аэропортунан биз отурган учак көккө көтөрүлүп, Таиландды көздөй бет алды. Командир 6 саат 20 мүнөт дегенде Бангкоктун «Утапао» аэропортуна барып конорубузду билдирди. Адатта билинбей өтүп кетчү алты саат ушунчалык узакка созулгандай туюлду. Анткени сырдуу өлкөгө кызыгуубуз күч болчу. Командир “бел куруңарды тагынгыла, конууга камынабыз” дегенде кубанганыбызды айт. Сыртта 32 градус ысык экен. Ошентип, 6 саат 20 мүнөттө ызгаар кыштан мээ кайнаткан ысыкка жеттик.
Аэропорттон бизди турфирманын кызматкерлери тосуп алышып, Бангкок шаарын көздөй алып жөнөштү.

БАНГКОКТОГУ ЭКИ КҮН
Тарыхый архитектуралык эстеликтер, улуттук сейил бак жана музей, эң башкысы, таң каларлык сулуулугу жана көлөмү менен айырмаланган храмдар, түрдүү мөмө-жемиштер мунун баары Бангкокто. Мейманканага жайланышкан соң шаар көрүүгө ашыктык. Алгач эле “Siam Ocean World” деп аталган Түштүк Азиядагы жер алдында жайгашкан эң чоң океанариумга бардык. Акуладан тартып майдаларына чейин суу жандыктардын 30 000ге жакын түрү бар экен.
Бангкокко барып белгилүү храмдарды көрбөй кетүү чоң катачылык болсо керек. Алгач биз эң эле байыркы деп саналган Ват Сакет храмына бардык. Андан соң эң узун (45 метр) статуясы менен белгилүү Ват Пхо (Узунунан жаткан Будда) деп аталган храмда болдук. Бизди коштоп жүргөн гид ачык-чачык кийимдер менен кирүүгө болбой турганын эскертти. Кыска кийим менен келип алгандарга сырттан ижарага узун кийим алып кийүүгө да шарт түзүлүптүр.

АЗИЯНЫН ВЕНЕЦИЯСЫ
Саякатты Чаопрайа дарыясынан уладык. Бул жерди Азиянын Венециясы деп коюшат. Дарыяны жээктей жайгашкан шаарда заманбап үйлөр да, азыр урап калчудай болгон эски кепе тамдар да турат. Дарыядагы саякатта балыктардын курсагын тойгузууга да үлгүрдүк. Адамдарга үйүр алып калган балыктар нандын күкүмүнө додо болуп үйүлүп жатышты.
Бангкоктогу «Safari World» деп аталган зоопаркты да көрө кетели деп чечтик. 43 гектар жерден орун алган бул парк жаш балдарды эле эмес, эс тарткан адамды да таң калтыра алат. Арстан, жолборс, пил, маймылдар, дельфин, тюлень, атайы муздатылып даярдалган жайда сууда жашоочу ак аюу. Айтор, жаныбарлардын толгон-токой түрлөрүн ушул жерден көрүп, башкача бир эмоция менен Паттаяны көздөй жөнөдүк.

ЭМНЕГЕ ПАТТАЯ ТАИЛАНД ЭМЕС?
Паттаядагы эс алуунун ар бир күнү эс-тутумдун флешкасына өчпөс болуп жазылган жаңы көз ирмемдер менен толду. Гиддин “эсиңизде болсун, Паттая бул – Таиланд эмес” деп кайра-кайра кайталаганына анча маани берген эмеспиз. Шаардагы эс алуучу жайларды, эс алуу түрлөрүн көргөндө гана Буддага сыйынган калктын жалпы салт-санаасына бул жашоо туура келбесин түшүндүк. Түнү да көз ирмебей күүлдөгөн жашоонун очогун көрөм десең, Волкин-стрит көчөсүнө баруу керек дешкен. Чу дегенде эле ошол көчөгө жөнөдүк. Мына сага, кытайлардын Жаңы жыл майрамына туш келиптирбиз! Көчө элге жык толгон. Бурул экөөбүз бир сыйрадан адашып-табыштык да, издешип кыйналбайлы деп жетелешип алдык. Жетелешкендерди бул жерде кадимки курбулардай эмес, “башкача” түшүнүп карашат экен. Анткени кыз менен кыздын, эркек менен эркектин мамилелери бул жер үчүн нормалдуу көрүнүш тура. Биз менен эле чогуу барган казак туугандар экөөбүздү шектүү тиктей башташканда гана түшүнүп, күлүп калдык. Кызыктар дейбизби же накта бузулгандык дейбизби, айтор, бул көчөнүн таң калтырчу “Пинг Понг”, “Леди Бойс” өңдүү шоу-кечелери көп. Алар тууралуу келерки сандарда кеңири сөз кылабыз.

АШКАНАСЫ
Нандын ордуна күрүч колдонгон тайлыктардын ашканасы, чынын айтканда, кыргыздын ашказанына жагышы кыйын экен. Деңиз азыктарынан жасалган тамактарды сыртынан көрүп эле ичиркенип, жегенге даабадык. Бирок экзотикалык мөмө-жемиштердин түрүн армансыз жегенге болот. Кокос, банан, рамбутан, личи, ананас баары арзан. Буга чейин кезиктирбеген тамаринд, помело сыяктуу жемиштер менен «тааныштык».
Айтмакчы, крокодил фермасында крокодилдин этинен жасалган даамдуу тамакты да татып көрдүк. Аталган жаныбар адамды эки чайнап, бир жутуп койчудай коркунучтуу болгону менен, эти ушунчалык жумшак, жагымдуу экен.

БЕЙИШТИН ТӨРҮНДӨЙ БАК
Шаардын бир четинде түнкү жашоо кайнап жатса, экинчи четине барып бейиштин төрүнө туш келгендей болдук. Нонг Нуч деп аталган тропикалык бакка кирген адамдын чыккысы келбейт. Бактан пальманын эле 200дөн ашык түрүн көрүүгө болот. Байлыктын, жетишкендиктин, ак сөөктүктүн далили болгон орхидея багына кирип, ошол жерде мемиреп уктап калгым келди. Мына, табияттын керемети! Орхидеялардын жыпар жыты азыркыга чейин мурдумдан кетпей турат.
Нонг Нучтун карамагындагы пил багуучу фермага да баш бактык. Саатына 800 бат төлөп, пилди минип алып керемет бакты айланып көрүп чыксаң болот экен. Ошол эле ферманын бир бөлүгүндө пилдердин шоусун көрсөтүп жатышты. Бул жаныбардын акылына таң каласың. Алардын футбол, баскетбол, боулинг ойногону, сүрөт тартканы, машина айдаганы, анан да массаж жасаганы өзүнчө эле тема. Аялдар менен эркектердин сезимтал жерлерин мыкты өздөштүргөн пилдердин тамашалуу массажына топтолгон эл жыгылгыча күлдү.
Крокодил баккан фермага барып алардын катышуусундагы шоуго, кобра караган фермада уулуу кобранын бийине күбө болдук.

ТРАНССЕКСУАЛДАРДЫН ШОУСУ
Паттаяда транссексуалдардын «Тиффани» жана «Альказар» деп аталган шоулору бар экен. Суналган сулууларды көрүп “эркек” деп атоого ооз барбайт. «Тиффаниде» сүрөткө тартууга тыюу салынат. Шоунун жүрүшүндө ырдын маанисине жараша сахнанын кайра-кайра өзгөрүп турганы да жакты. Бир убакта София Ротарунун ырын ырдап бир “сулуу” чыкканда залдагылар дуулдай кол чапты дейсиң. Себеби туристтердин негизги бөлүгү орус тилдүүлөр эле. Буларды карап отуруп, эркек кантип ушундай аялга айланганына таң калып, астапыралла дейсиң.

ТАЙ МАССАЖЫ
“Таиландга барып, тай массажын жасатпай келген уят” деп узатышты эле досторубуз. Уят болбойлу деп Бурул экөөбүз бул кызыкты да көрдүк. Бурул май менен жасалчу тай массажын алса, мен салттуу массаж жасаттым. Кыскасын айтканда, массаждан кийин өзүңдү жаңы төрөлгөндөй сезет экенсиң.

ЖАҢСОО – НЕГИЗГИ ТИЛ
Тил жагынан катуу кыйналдык. Дүйнө жүзүнөн агылып келген туристтерди тейлеп, акчасын шыпырып алууну таиланддыктар жакшы эле өздөштүрүшкөнү менен же англис, же орус тилин билишпейт. Ошентсе да, адамдан айла качып кутулбайт. Сатуучулар калькуляторго товар баасын жазып көрсөтүп соода кылышканы бизди жылмайтты.

“ТУК ТУК?” ДЕП СУРАГАНДЫ УНУТПА!
Жүргүнчү ташыган таксилер бул жакта “тук тук” деп аталат. Кызыгы, аны токтоткондо “тук тук?” деп сурабай отуруп алсаң, турист үчүн ал көз ирмемде баасы кымбат таксиге айланып кетет. Негизи, тук тукта жол кире 10-20 бат. Таксиге айланып кетсе, ошол эле аралык үчүн 200 бат алып коёт. Мындан тышкары мотоциклчендер жана биз билген такси кызматы да элди ташыйт. Бангкоктогу тук тук менен Паттаядагылар айырмаланат. Бангкокто ал үч дөңгөлөктүү мотоцикл.

КОНОКТО ЖАКШЫ, ҮЙДӨ АНДАН ДА СОНУН
«Конокто жакшы, бирок өз үйүң андан да сонун» дейт го. Канчалык кызыктар көп болбосун, үйдү кадимкидей сагындык. Бизди кайрадан «Утапао» аэропортуна узаткан гид “экзотиканы эңсегенде дагы келгиле, кучак жайып тосуп алабыз” деп ак жол каалап коштошту.

(Уландысы кийинки сандарда)

Бактыгүл Сокушова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Nurjanka
2011-02-18 18:59:04
Оой кандай гана керемет чет олколордун урп салт санаасын,жашоо турмушун коруп келсен
0
Arstan
2011-02-18 20:04:53
Азаматсынар сулуулар сонун жерлерди коруп келипсинер да. Бакуляга эле жыргал экен да шаар кыдырып.
0
swan
2011-02-19 02:24:31
Ona i v pravde krasavitsa takaya
0
jumiraja
2011-02-20 01:44:50
Azamatsyn superddin suulusu bolup juro ber bul jenish saga iygilik koshtop jursun!!!!!
0
lira
2011-02-21 12:41:14
Ainurany ytat bolush kerek dedim ele...Byryl ytkanyna tan kalgam. Kantse dagy, jenishi kyt bolsun emi.
0
armi
2011-02-21 14:22:30
Nege Ainura? Ainuradan Burul suluu go!
0
azulya
2011-02-22 08:36:36
Без макияжа сулуу экен андан коро
0
Puwkin
2011-02-22 16:23:34
tamak jep jatkanda an4a suluu 4ikpay kaliptir.
0
lider-kg
2011-02-22 21:38:00
Балдарга деле бир конкурс уйуштургулачы бизделе барып пил сил кармалап келели дегендей
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан