Ырчы Гүлназ Чыныбек кызы учурда жаш түгөйлөрдү табыштырган “Биз жолуктук” долбоорунда алпаруучулук милдетти аркалап жаткан убагы. “Кесибим боюнча журналистмин, бир жыл кабарчы болуп иштегем. Өзүмдүн автордук берүүмдү ачсамбы деген пландарым бар болчу, бирок “Биз жолуктук” долбооруна алпаруучулукка чакырып калышты” дейт ырчы.
– Гүлназ, улуттук стилде кийинип таптатынакай болуп келип калыптырсыз?
– Рахмат, “Супер-Инфо”! Силердин биринчи бетиңерге чыгам деп 50 миң сомго чыгым болуп келдим (күлүп). Дайыма башкы бетке өзгөчө стилде, жаңы форма кийип келгиле деген талабыңар бар да. Өз ишине профессионалдуу мамиле кылган кызматкерлер жагат мага.
– Биз да жоопкерчиликтүү адамдарды баалайбыз. Бүгүнкү образыңыз кымбат гана эмес, өзгөчө да экен?
– Ооба, бир брендден кийим алдым. Этно бомбер
26 000 сом, этно жоолук 4500, белдемчи 5500, туфли 9000 жана башка майда-чүйдө тагынчактар. Жакында эле нукура кыргызча той өткөрүүнү модага киргиздим эле, эми кыргызча кийинүүнү модага айланталы деп жатам.
– Учурда психология, өзүн таануу, өзүнүн үстүнөн иштөө да мода болууда, бул нерселер сизде кандай ишке ашууда?
– Элдин материалдык байлыкка чуркабай, жан дүйнөсүнө үңүлүп, өзүн түшүнүүгө аракет кылып жатканы жакшы көрүнүш. Демек, биз ой-чабытыбызды кеңейтип, ички дүйнөбүздү угууга багыт алып жатабыз. Ар ким ар кандай курстарды ачып окутуп жатса жаман көрүп жатышпайбы, мен ошолорду колдобойм, мисалы. Суроо-талап бар үчүн көбөйүп жатышат да. Руханий жактан өсүүгө аракет кылгандарга тоскоол болбошубуз керек.
– Бирок адам материалдык жана башка муктаждыктарын жапканда гана руханий өсүү тууралуу ойлоно баштайт дешет го?
– Менде жан дүйнө менен эсептешип туруу мурдатан эле бар. Казакстанда миграцияда жүргөнүмдө кошумча ар кандай тил үйрөнүү курстарына барып, Орусияда жүргөндө ча-ча-ча, самбо, вальс бий ийримдерине катышып, жүрөгүмдүн каалоосун азыктандырып турчумун. Азыр деле өзүм менен өзүм көп сүйлөшөм, “сен чын эле ушуну өзүң каалаган үчүн жасап жатасыңбы же эл көзүнө жакшы көрүнүш үчүнбү?” деп өзүмө суроо берип, жообун издейм. Анткени кээде жан дүйнөм күнүмдүк тиричилик менен эле алаксый бергенге макул эмес эле. Ичимден башка бир нерсени каалай берчүмүн. Кудайга шүгүр, кесибимдин арты менен алгачкы муктаждыктарымды жаап, өзүм каалаган деңгээлде шарт түзүп алып, эми руханий өсүүгө багыт алып жаткан учурум.
– Жакында “Биз жолуктук” теледолбоорунда алпаруучулук тизгинди колго алдыңыз, жаңы жумушуңуз өзүңүзгө жагып жатабы?
– Негизи кесибим журналист да, буга чейин алпаруучулукка сунуш башка телеканалдардан да түшкөн болчу. Өзүмдүн автордук берүүмдү ачсамбы деген пландарым бар эле, бактыга жараша, НТС телеканалынан “Биз жолуктук” долбоорун алып барууну сунуштап калышты. Мен бул каналда ырчы боло электе бир жылдай жаңылыктар кызматында сюжет жасап, түштүк аймагындагы кабарчысы болуп иштеп калгам. Ошол себептен да аталган телеканалды тандадым окшойт. “Кандай алпарам, кантип алпарам” деген чочулоо болгон жок, мен чынында, иш убактымды алпаруучулук менен айкалыштыра аламбы деп чочуладым. Азыр той сезону, түштүккө чакыруулар көп болот дегендей. Ал эми алпаруучулук – бул жоопкерчиликтүү жумуш, жумасына эки жолу съёмкага келип турушуң керек. Анын баарын, ойлонуп-толгонуп, анализдеп анан чечимди кабыл алдым. Буюрса, көрүүчүлөр жакшы кабыл алып жатышат. Калганын дагы көрө жатарбыз.
– Жеке жашоо унутта калбадыбы? Жаш жогорулап, акылга-акыл кошулган сайын бирөөнү жактыруу кыйындай берет деп айтылат. Сиз ошол курактагы кризисте эмессизби?
– Чынында, болочок түгөйүмө кандайдыр бир өзгөчө талаптарды деле койбойт экенмин. Ушул темада ойлонуп, “ал киши андай болсо, мындай болсо” деп Кудайга буюртма бергенге убактым жок экен, ишенесиңерби (күлүп). Жашоом менин оюмдан да ылдам өтүп жатат, жашоого тойбой жашап жатам. Бүгүн Бишкекке келип эле “ушул, ушул иштерди жасашым керек” дегиче эле Ошто болуп калам. Тиякка-биякка шашып эле жүрөм такай. Бирок акыркы жылдары ушул темада ойлонгонго өзүмө уруксат бердим. Анткени жаштыгың бир орунда турбайт, төрөй турган курак да кыскарып баратат дегендей. Мен үчүн эң маанилүүсү, ошол адам менен жан дүйнөм төп келишсе, кызыгууларыбыз бир болсо дейм,
“э, башты оорутпачы” деп сөзүмдү уккусу келбей отурса жаман да. 50-60 жашке жеткенде ортого ысык чайды коюп алып сыр чечишип сүйлөшүп отурсак дейм. Карыганда балдардын үйүнө барып, неберелерди ээрчитип Ысык-Көлгө барып жай баракат жашоону кыялданам.
– Өзүңүздөн 10 жаш кичүү мырзага турмушка чыгат белеңиз?
– Ии, бар ошондой (каткырып). Эми бизде менталитет деген бар да. Мен бир иш кылганда баары ошол нерсеге ыраазы болуп, канааттанышын каалайм. Мен макул болуп, ал деле макул болуп баш кошуп алсак, баары бир ата-энесинин, туугандарынын “айдай балабыз кетти, башын айландырып тийип алды” деп ичтери ачышып калышын каалабайм. Эч качан, эч качан деп айтпа дешет го, негизи түгөйүм өзүм менен тең же менден улуу эле болгону оң. Мырза таянычың, жөлөгүң болуш керек да, аял деле күчтүү болгондон тажайт, ошондой учурда күйөөңө баарын тапшырып коюп, алсыз болуп жашай берсең жакшы эмеспи.
Кыска-нуска
– Музыкалык билимиңиз барбы?
– Жок, музыкалык мектепте окуп, бирок бүтпөй калгам.
– Жыл аягына чейинки пландарыңыз?
– 1-2 өлкөгө саякатка чыгып келсемби деп жатам.
– 30 жылда мындай болгон эмес деп жашооңуздагы кайсы окуяны айтат элеңиз?
– Нукура кыргызча той өткөргөнүмдү.
– Пластикалык операцияга көз карашыңыз?
– Азырынча бетке массаж жасоо менен жеңип туралы карылыкты. 50 жаштан өткөндө көрө жатарбыз.
– Мурун сүйүү мамилесин курган экс-жигитиңизге жолугуп калсаңыз, кандай реакция кылмаксыз?
– Учурашып өтүп кетмекмин.
– Бир күндө канча акча табасыз?
– Эч нерсе таппай калган учурларым деле болот.
– Канча коротосуз?
– Кээде бир күндө 50-100 миң сом коротуп салам.
– Эрте турасызбы?
– Ооба. Кээде таңкы 6-7де турам. Уйкум канбай калса 10-11ге чейин уктаганга өзүмө уруксат берип коём.
Лунара Бекиева