Блогер Арген Асановду алдамчылыкка айыптагандар кимдер?

Жакында адвокат Шердор Абдыкапаров социалдык желедеги жеке баракчасынан видеокайрылуу жасап, анда белгилүү блогер Арген Асановду алдамчылыкка айыптады. “Мага бир нече жабырлануучу кайрылды, Арген деген блогер жигит Айфон, планшет алып берем деп жарандардын акчасын алып 2-3 айдан бери алып бербей жатыптыр” деген юрист аталган блогерге алдандык деген башка да жабырлануучуларды кайрылууга чакырган. Окуянын чоо-жайы кандай? Тараптар эмне дешет, угуп көрөлү.

Шердор Абдыкапаров, юрист: «Майып байке алданып калдым деп кайрылды»

– Мага жакында экинчи топтогу майып байке кеңеш сурап кайрылган. Арген Асанов деген блогер жигит Кытайдан телефон же планшет алып келип берем деп акча которткон экен. Аталган блогердин “Кытайдын арзан, 7-8 миң сомдук Айфондорун, планшеттерин алып келип берем” деп Инстаграм баракчасында жарыялап жүргөн видеолору бар, карап көрсөңөр болот. Ошол майып байкенин өтүнүчүн аткарайын деп аталган блогер жигит тууралуу видеокайрылуу жасадым. Ошондон кийин мага “биз да алданып калдык, Айфон, планшетке деп 7-8 миң сомдон берген элек, 2-3 айдан бери товардан же акчадан дайын жок” деп толтура адам чалды. Ошондо билдим жабырлануучулар көп экенин. Так санын билбейм, бирок мага эле 10-15тей адам жазды. Менин кайрылуум чыккандан кийин айрымдарынын акчасын кайтарып, айрымдарына планшеттерди бериптир. Кечээ эле Гүлжигит деген жабырлануучу чалып “Аргендин үйүнө барып убадаланган планшетти алып келдим” деп айтты. Айтор, ызылдап чыккандардын анча-мынчасынын оозун жаап жатат, калгандарычы? Мыйзам боюнча бул таза алдамчылыкка кирет, 1000 сомдон жогору сумма боюнча адамга кылмыш ишин козгосо болот. Карыз же насыя алуу мыйзам боюнча алдамчылыкка кирбейт. Эгер “мен сага мындай же тигиндей буюмду алып келип берем” деп акчасын алып, анан башка максатта колдонуп салса, анда алдамчылыкка кирип калат. Бул жигит көп жабырлануучулардын кайрылууларына жооп бербей, тоготпостук кылып, товарды сураса “жолдо кармалып жатат, бул каттамда келбей калды, кийинкиде сөзсүз келет” деп ар кайсы шылтоолорду айтып тил эмизип жүрүптүр. Менин видеокайрылуумдан кийин мага “эки тарапты тең карабайсызбы? Эмнеге видеокайрылуу чыгарасыз, мен акырындан берип жатам” деп жазыптыр. Чынын айтсам, жазгандарын толук окуган да жокмун. Эл көзүндөгү адам болгондон кийин жоопкерчиликти сезиш керек да. Буга чейин кардарларды ар кайсы калпты айтып жолуна сала берген үчүн жабырлануучулар тажап мага кайрылып жатышпайбы кеңеш сурап.

Арген Асанов, блогер: «Товарлар өз убагында келбей калса ызы-чуу чыгарып жатышат»

– Мен телефон сатып иштебейм, болгону байерлик кылам. Айрымдар мени “июнь айында берген буюртмабызды алып келип бере элек” деп күнөөлөшүптүр, чынында, мен август айынан баштап эле буюртма ала баштагам. Көпчүлүк билгендей, жайында Кытайга жеке иштерим менен барган элем. Жакында дүкөн ачам, ошол дүкөнүмө товар алып келмекмин. Ошол жактан өзүмө Айфон алсам Инстаграмдан баары кызыгып “мага да ала келчи” деп буюртма берип калышты. Мейли, элге пайдам тийсин деп өзүм алган Айфондон башкаларга да буюртма кылгам. Негизи башында товар буюртма кылгандар аларды өз убагында эле алышты. Августтун аягында буюртма берген 30дай кишинин буюртма кылган товарлары келе элек. Анткени Кытайда майрам болуп 5-сентябрдан – 5-октябрга чейин чек ара жабык болот экен. Карго (башка өлкөлөрдөн жүк жеткирүү боюнча логистикалык компаниялар тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтардын комплекси) кечиктирип жатат, келсе эле товарларын таратып бермекмин. Эми “азыр тап” десе эле таап жиберүү колумдан келбейт экен да. Абал менден көз каранды болбой жатат, баары бир каргону күтөбүз. Ызы-чуу салгандар, “сенин калпың бүтпөйт экен” деп даттангандар, мына ошол товарлары кечиккен жарандар. Алардын айрымдарына телефондорун бердим. Жеке баракчаларына маалымат чыгарып “рахмат” деп жазып жатышат. Шердор деген адвокат мени курулай жамандап жатат. Өзүнө “кел, эркекче сүйлөшөлү” деп жаздым, чалдым, мени блоктоп салды. Ал адвокат акча берсе эле баарын тегиз жамандай берет окшойт. Мени алдамчылыкка айыптап, билип-билбей жазып чыккан журналисттерди да сотко берем. Мен аларга да байланышып, эл алдында аброюма шек келтиргениңер үчүн жооп бересиңер деп айттым. Мен эч кимдин акчасын жеген эмесмин. Өзүм жасаган ишиме толугу менен жоопкерчилик ала алам.

Лунара Бекиева

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1139, 3-9-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан