Жол четинде бир караан бара жатты, ийини шалбырап, денеси шалдырап, жыгыларына аз калган. Жанынан зуулдап өткөн унаалардын сигналын да уккан жок ал. Төгүп жаткан жамгырда кийими чылгый суу болгонуна да кайыл. Кудум ичиндеги дарттын баарын ушул жамгыр жууп жаткандай баратты. Биринчи жолу атасынын “эркек ыйлабайт, көз жашыңды эч кимге көрсөтпө!” деген сөзүн бузду. Салаалап аккан жашын аарчыган да жок, башкалардан уялган да жок. Темтеңдей барып, буту чалыштап жол ортосуна чыгып кетти караан. Ансыз да жамгырдан жолду дааналап көрө албай бараткан айдоочу тормоз тепкенге үлгүрбөй капыстан аны бир сүздү...
ххх
Мурат көзүн ооруканадан ачты. Турмакчы болду эле, бирок тура албады. Буту, колу таңылып, асылып турганын эми сезди. Аңгыча чебелектеп апасы кирип келди.
– Кагылайын балам, ойгондуңбу? Садага болоюнум, аман калганыңа шүгүр. Кудайым сактады... – жалынып-жалбарган апасын карады, жоолугунун чекесинен чыгып турган ак чачтары көзүнө урунду. Аңгыча сырттан атасы кирип:
– Аа, амансыңбы, баатыр? – деди. Күрмөөгө тили келбей, көзүнөн жаш кылгырды.
– Жанагы акылсызга жолуктуңбу, келиптир дешти эле. Канча айттым, унут, башка жашоо башта деп! Ал сенин курмандыгыңды, сенин кызыңа болгон сүйүүңдү сезсе ушунча азапка салат беле?! Жаныңды мынча кыйнайсың?.. – деп апасы кейип-кепчип баштаганда атасы акырая карап койду эле, тык токтоду. Кечээги күн, кечээги күнгө себепчи болгон окуялар көз алдына тартылды.
ххх
Мурат да эл катары аялын жактырып үйлөнгөн. Эл катары той кылган. Той кылып, тойдон кийин Орусияга барып иштешти. Баары жакшыдай эле. Аялына катуу сүйлөчү эмес, аяп мамиле кылды. Кыздуу да болушту. Кызын өзгөчө жакшы көрдү Мурат. Жашоосун кызыктуу кылган да, шаңга бөлөгөн да ошол кызы эле. Жумуштан келгенде атасын көрүп талпынганы, сүйүнгөнү, күлгөнү, бытыкый колдору, бойтоюп эмчек эмип жатып атасын жалт карап күлгөнү, баары, баары көркөм эле Мурат үчүн. Жумуштан келгиче кызын сагынып, куса болуп кете турган. Берилип сүйдү, дүйнөдө кызынан бөлөк эч бир жакын жан жоктой эле. Кызына болгон сүйүүсү ага эргүү бердиби, Орусияда иши жакшы болду, жакшы иштеди. Бир үйлүк, андан сырткары чакан бизнес куруп алганга жете турган акча топтоп келишти Кыргызстанга. Мына, ошол Кыргызстанга келген күндөн жашоосу өзгөрүлө баштады.
ххх
Эртеден кечке ылайыктуу үй издеп чарчаган Мурат ижарага алган батирине кирди. Кызы менен аялы келе элек экен, күндүзү атасыныкына барып келишмек. Кызы жок үй суз көрүндү. Альбом турган кутуну ачып, кызынын сүрөттөрүн карай баштады. Канча убакыт өткөнү белгисиз, бир убакта жарк деп кызын көтөрүп аялы кирди. Негедир бир нерседен сестенгендей.
– Эмне болду? Жакшы барып келдиңерби?
– Ооба, жакшы, – деди суз гана.
– Алтын кызым го, шириним го. Берчи кызымды. Бир үй таап койдум, эртең барып чогуу көрөлү, сага да жагат болуш керек. Сонун үй экен, кызыма ылайыктуу балдар бөлмөсү да өзүнчө бар экен... – деп божурады Мурат. Аялы анын сөзүн укпай жаткандай ашканага чыгып кетти.
Эртеси туруп эле койгон жерден акчасын сыйпалап таппай калды.
– Жибек, акча кайда?
– ...
– Жибек дейм. Ордунда жок го, сен бир жакка алып койдуңбу?
Жибеги көзүн жалдыратып томсорду. Бир маалда жини келген Мурат үнүн өктөм чыгарып дагы такып сураганда аялы ыйлап жиберди.
– Эмне болду? Акчаны бир жакка алып бардыңбы? Уурдаттыңбы? Эмне кылдың? Айтпайсыңбы!
Канча күн сурады, канча күн издеди, тапкан да, аялынан алгылыктуу жооп уккан да жок. Ыйлап эле туруп берет. Ушул күндөн баштап экөөнүн ортосундагы мамиле суугандай болду. Жумуш издеп ар кайсы эшикти сүздү, жолу болбой койду. Кудум жашоосунда кара сызык башталгандай эле. Иштеп тапкан акчасынын да берекеси жок, кээде үйгө нан алып келгенге акчасы жок калчу болду. Бардык береке жанагы жоголгон акча менен кеткендей эле. Эти жок отурганын көрүп, бир күнү кайненеси сүйлөнүп кетти.
– Кызыңды мен келип карап берем, Жибекти иштет. Биротоло азып-тозуп кетипсиңер. Бага албасаң, эмне аласың? – деди. Ойлонуп, бир досу аркылуу аялын дүкөнгө сатуучу кылып ишке киргизди. Күндөр өтүп жатты, бирок үйдө мурункудай жылуулук жок эле. Канча аракет кылбасын, Мураттын иши болбой туруп алды. Ары урунат, бери урунат, үйгө келгенде да жинденет. Бир күнү жумуштан кеч келип, кайненеси менен аялынын сүйлөшүп жатканын угуп калды.
– Жибек, жанагы дүкөндүн ээси менен сүйлөшүп көрсөңчү, жакшынакай жигит экен.
– Апа?..
– Эмне апа? Анан эмне, ушинтип нанга жетпей жүрө бересиңерби? Көрүп жатам, сага деле жагып жатканын. Анын үйү да эки кабат. Машинеси бар...
– Апа, эмне үчүн үйү жок жүргөнүбүздү сиз жакшы билесиз го! Кана ошондогу берилген убадаңыздар? Мен аны дагы деле айтканым жок. Кантип атам акчаны алып койду деп айтам? Кантип мен өз үйүмдөн акчаны уурдап чыгып кеттим деп айтам? Эмнеге мынча байлыкты жакшы көрөсүздөр?..
Андан аркысын уккан жок, кайра сыртка чыгып кетти. Ошол бойдон үйүнө келген жок. Эртеси күндүзү аялы иштеген дүкөндү алыстан акмалап карап турду. Жибектин дүкөндүн ээси менен бирдемелерди кобурашып күлүп жатканын көрдү. Ичи күйдү, күйүтүн ал күнү арактан чыгарды. Үйүнө мас болуп келип, аялы экөө уруша кетишти.
– Алдамчы! Сен мени алдап жүргөн турбайсыңбы? Кайсы бетиң менен ушул үйдө жашап жүрөсүң?
– Анан эмне кылайын?
– Бар жогол! Тийип ал ошол дүкөндүн ээсине!
– Эмне-е?
Катуу урушту экөө, аялын биринчи жолу жаакка чапты. Жибек таарынды, катуу таарынды. Кызын алып кетип калды. Кызын көрсөтпөй да койду. Мурат кызын сагынып канча жолу кайын журтуна барды, кечирим да сурады, болбоду. Дарегин да айтышкан жок, бир жик билинбеди. Мурат катуу сынды, кызына болгон кусалыгы күчөп, ооруп калды. Буту баспай калгыча ооруду. Айланчыктап атасы менен апасы жанына келип, ооруканадан ооруканага которуп жүрүп карашты. Бастырышты. Бирок жүрөгүндөгү кызына болгон кусалыгы өчүп калган жок. Ал күчөгөндөн күчөп отурду. Убакыт – зымырык куш деген чын экен. Андан бери 10 жыл өттү. Кечээ Жибектен СМС келиптир. “Келип, кызың менен жолугуп кет, биз Бишкектебиз” деп дарегин жазып жибериптир. Сүйүнүчүндө чек жок эле. Ушунча жыл бир көрүүнү, жолугууну сары оору болуп күткөн ата кечээ кызын көргөнү барган. Далдалактап белек тандай албай убара болуп жатып, татынакай куурчак, ага кошо таттууларды алды.
Алдында аны чочуркай караган чоочун кыз турду. Кучактайын деди эле, түртүп койду кызы. Анан колундагы белектерин берди.
– Хе, байке, мен эмне куурчак ойногудай кичинекей кыз белем?..- деди кызы мурдунан пыш этип. Байке дегени Муратты бир селт эттирди. Баягы жанын берүүгө даяр кызы алдында аны чоочун көз менен карап, чоочун кишидей мамиле кылып турду. “Мен байке эмесмин! Мен сенин атаңмын! Ушунча жыл сени сагынып куса болуп ооруп күткөн атаңмын! Сага болгон кусалыктан баспай калган абалга түшкөн атаңмын!” деп кыйкыргысы келди. Анте албады. Соолуй түштү. Кызы экөөнүн ортосунда башка байланыш жоктой сезилди...
Гупа Эргешова