Данияр Эрматов, ырчы: «Эрежесиз урушка чыгам деген кыялым бар эле»

Көздөрү күлмүңдөп, ууртунан жылмаюу кетпеген бир сонун жигит бар кыргыз шоу-бизнесинде. Ал – ырчы Данияр Эрматов. Анын “Мен кыргызмын” деген ырынын коштоосунда мушкер Мыктыбек Оролбай уулу UFC`деги беттешине чыкканын көрсөңүз керек. Көрсө, бул бекеринен эмес экен. Данияр мырза бала кезинде эрежесиз мушташтын мушкери болом деп кыялданчу тура. “Спорт менен чыгармачылыкты чогуу алып кеткенге болбойт экен. Бирок UFC беттешинде биринчи жолу кыргыз тилинде ыр жаңырды, бул мен үчүн балалык кыялымдын орундалганы менен барабар”,- дейт ырчы.

– Данияр мырза, абдан пунктуалдуу окшойсуз, бул жолу да маек белгиленген убакыттан бир мүнөт да кечикпей келдиңиз?

– Ооба, жоопкерчиликтүүмүн. Бул жакшы адат. Айрыкча биздин жумушта көбү түндө студияда ыр жаздырышып, тойлордо ырдашып, ал эми күндүз укташат да. Анан көбүбүз пунктуалдуулук жактан аксап калабыз. Бирок мен маек берүүгө, маанилүү иш-чараларга айтылган убакыттан кечикпей келем.

– Жакшы. Негедир чыгармачылыкта мурункудай активдүү эместейсиз, себеби эмнеде?

– Билбейм, өзүмө тынымсыз эле иштеп жаткандай сезилет, анан башкалар “каякта жүрөсүң көрүнбөй?” дешсе таң калам. Тойлордон кол бошобой жүргөнүбүз көпчүлүккө билинбейт окшойт. Негизи чыгармачылык менен эле алекмин. Бирок, ооба, мурункудай активдүүлүк жок, мурун 1 жылда 5-6 клип тартсам, азыр 1 жылда 1-2 гана клип тартышым мүмкүн. Үйлөнгөндөн кийин айылга да көп каттап калдык, ата-энебизге каралашып жүрөбүз, мен үчүн алар азыр башкы орунда.

– Ырчылык жолго түшкөнүңүзгө 10 жылдан ашып калды. 10 жыл мурун эмне максатта ырдап чыккансыз, азыр эмне үчүн ырдап жатасыз, айырмасы барбы? Болсо түшүндүрүп бере аласызбы?

– Мындан 10 жыл мурун популярдуу болуш үчүн, Данияр Эрматов деген атты элге таанытыш үчүн ырдагам. Шүгүр, аздыр-көптүр эл тааныйт, сыйлайт. Азыр эми атактуулукту эмес, көбүрөөк элди ырларым аркылуу тарбиялоону максат кылып ырдап жүрөм десем туура болот.

– “Дарактын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт” деп айтылат эмеспи. Сиздин мүңөзүңүз да жумшак, бул сапатыңызды кыянаттыкка пайдаланып кеткен адамдар болобу?

– Андай учурлар болот. Кээ бирлер жөнөкөйлүгүңдү алсыздык катары көрүп, буга эмне кылсак деле жараша берет деп сүйлөп коё беришет. Ал эми керсейгендерге ооз ача алышпайт. Мен өтө деле жумшак эмесмин, адамдын өзүнө жараша мамиле кылам. Болбосо чын эле айрымдар башка чыгып бийлеп алгылары келишет.

– Чыгармачылыкта күчтөнүп иштешиңизге мотивация берген өзгөчө окуя болгонбу?

– Мотивацияны жаңы ырдап баштаганда ата-энем, бир туугандарым беришти. Апам тойдон келип “сиз Данияр Эрматовдун апасы болосузбу, тарбиясы сонун бала, рахмат сиздерге деп ыраазычылык айтышты” десе аябай сүйүнүп калам. Бир туугандарым клиптеримди тартып берип, ыр жазсам ага демөөрчүлүк кыла коюшуп көптөп колдоп кетишти. Мына ошол бир туугандарымдын аракети, мамилеси мага мотивация. Андан тышкары мурунку продюсерим Канат Кадыржан, менеджерим Бурул, баарына ыраазычылык билдирем. Ата-энеси, жакындары баласын кандай учур болбосун колдоп турса ал бала сөзсүз ийгиликке жетет.

– Көңүл сынган окуяларчы?

– Көңүл сынган эмес, тескерисинче, мен үчүн чоң сабак берген бир окуя болуптур. Анда ырчылыкты жаңы баштаган кезим. “Токто, жаным” деген ырымды радиого алып барып берип, ал жакта иштеген Тынчтыкбек Кожобековго тынбай чалып “менин ырым өттүбү, качан бересиңер эфирден?” деп сурай берчүмүн да. Эми анда маданияттуу сүйлөгөндү деле билбейт элем, ал кишини досумдай эле көрүп чала берген окшойм. Бир күнү Тынчтыкбек байке “сенин атың ким, жигит? Сен адегенде маданияттуу сүйлөгөндү үйрөнбөйсүңбү? Биринчи учураш, өзүңдү тааныштыр, анан маселеге өт. Келечекте ырчы боло турган адам да ушинтип сүйлөшөбү?” деп мени өзүмө келтирип туруп анан “ырың радиого өттү” деп айтканы эсимде. Ошондо жаш экенмин да, “радиодо иштесе эле ушинтип чоң сүйлөп калышат турбайбы” деп ичимден таарынгансып калган элем. Көрсө, анын сөзү мага дары эле болгон экен.

– Балалыктагы кайсы кыялыңыз аткарылбай калды?

– Эрежесиз мушташты аябай жакшы көрчүмүн. Кичинемде “чоңойгондо мыкты спорчту болом” дейт элем. Ырчы болгонго чейин спорт менен алектенип жүрдүм. Спорт залга барып, кечинде кафеде ырдап, балдар менен мушташып “разборкаларга” катышкан учурлар көп эле болгон. Бирок чыгармачылык менен спортту бирдей алып кетүү мүмкүн эмес экен. Спортто режим башка, ырчылыкта башка болуп, аягында музыканы тандап кеттим окшойт. UFC уюмунда урушкан Мыктыбек Оролбай уулу деген мыкты спортчубуз бар. Ошол спортчу иним байланышып, “Бразилияда мен үчүн маанилүү беттеш өтөт, ошол мелдеште сиздин мекен тууралуу патриоттук ырыңыздын коштоосунда беттешке чыгайын деп жаттым эле?” деп уруксат сурады. Ошондо UFC`де биринчи жолу кыргыз тилиндеги менин “Кыргызмын мен” деген ырым жаңырган. Бул мен үчүн балалык кыялымдын аткарылуусу менен барабар окуя болду. Андан кийин Марсель деген спортчубузду Казакстанда өткөн беттешинде коштоп ырдап бердим. Айтор, эрежесиз уруш боюнча спортчулардын азыр чыныгы күйөрманына айландым. Алардын ар бир беттешин кызыгуу менен көрөм.

– Кеп нугун пенделик, үй-бүлөлүк жашоого бурсак. Жубайыңыз менен тултуңдаша кеткенде жарашуу үчүн кандай ыкмаларды колдоносуз?

– Телегейи тегиз, урушуп-талашпаган үй-бүлө болбосо керек. Булар дайыма бактылуу, эч качан урушпайт, үйүндө казан-аяк кагышпайт деген ойдон күйөрмандар да алыс болгону туура. Анткени көшөгө артындагы жашообузду башкаларга көрсөтпөйбүз да. Атайын ыкма деле колдонбойм, шартка жараша эле жарашып алабыз. Келинчегим жөнүндө айтсам, ал көк бет эмес, таарынганын бат эле унутуп калып сүйлөшүп кетет. Эң башкысы – таарынычты көпкө созбогон жакшы.

– Кыз-жигиттин узак сүйлөшүп, бири-биринин мүнөзүн жатка билип үйлөнгөнү туурабы же азыраак сүйлөшүп баш кошконубу?

– Менимче, аз эле сүйлөшүш керек. Мен мисалы, жубайым Айсалкын менен 2 ай эле сүйлөшүп үйлөнгөм, ашып кетсе 10 жолу жолуккандырбыз. Адамгерчилиги, ыйманына карап, ортобуздагы сый мамиледен улам үйлөнөм деп чечкем. 10 жыл сүйлөшүп жүрө берсе сезимдер басаңдап, мурункудай ысык мамиле жок, аял-күйөө сыяктуу эле болуп калышат го дейм. Биз азыр деле кыз-жигиттей жүрөбүз.

Кыска-нуска

– Эмнени жоготуп алуудан коркосуз?

– Араң тапкан күйөрмандарымды.

– Жумушуңуз көп чарчатабы?

– Көбүнчө организм чарчайт. Психикалык жактан билинбейт деле.

– Арыла албай жүргөн адатыңыз?

– Уйкучулугум, анан жалкоолугум.

– Жашоодогу урааныңыз?

– Эртеңки күнүң жакшы болуш үчүн бүгүнкү күнүңдү ойлонуп бас.

– Ар бир күнүңүздү пландайсызбы?

– Күнүмдү эмес, бир жылымды пландайм.

 

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1140, 10-16-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан