Турдаалы Аскарбеков, хоккей боюнча Кыргызстан курама командасынын оюнчусу, эстрада ырчысы: «ХОККЕЙДИ БАЛА КҮНҮМДӨН БЕРИ ОЙНОЙМ»

Кыргызстан – хоккей. Союз кезин жакшы билбейбиз го, биздин заманда бул сөздөрдүн жанаша турганын көрө элек болчубуз. Казакстанда өткөн Азия оюндарынан кийин бул сөздөр жанаша турмай болду. Анткени биздин хоккейчилер биринчи жолу эл аралык мелдешке чыгып жатканына карабастан, Кичи Лигада Азияны багынтып, атаандаштардын дарбазасынын чоло жерин соо калтырышпады. Ошол чемпиондордун бири, сахна жылдызынан спорт жылдызына айланган Турдаалы Аскарбеков бизде конокто.

АНКЕТА
Толук аты-жөнү – Аскарбеков Турдаалы Акималиевич
Туулган жери – Тогуз-Торо району, Казарман айылы
Туулган жылы – 1965-жыл, 11-февраль
Бою – 174 см, салмагы – 83 кг
Билими – Жогорку, юрист
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы
Жактырган хоккейчиси – Александр Якушев, Сергей Макаров
Тасмасы – “Ысык-Көлдүн кызгалдактары”
Ырчысы – Аксуубай Атабаев, Рыспай Абдыкадыров
Жазуучусу – Чыңгыз Айтматов

– Турдаалы мырза, жеңишиңиздер кут болсун! Жаңылыктарыңыз көп чыгар?
– Рахмат! Бул – жалпыбыздын жеңиши­биз. Өлкөбүз өтө саясатташып кеткен кезде ушундай жеңишке жетиштик. Жашоомдогу азыр сөз кылчу жаңылык ушул го дейм. Өзүбүз да күйөрмандар менен кошо жетине албай сүйүнүп отурабыз.
– Микрофондун ордуна клюшка кармап көпчүлүктү таң калтырдыңыз. Бала чакта эле мындай кызыгуу бар беле?
– Азыркы кездин балалыгын карасам, компьютер, интернет болуп калгандай сезилет. Менин балалыгым тоо арасында мал-жан менен аралаш өткөн. Кызыгуу ошондо эле бар болчу. Кышында суу тоңгондо көк муштум болуп калгыча хоккей ойночубуз. Мектептен чыкканда хоккей ойногону жөнөп калар элек. Кечинде үйдөгүлөр кууп келишчү.
– Окуучулук кездеги аябай уялган жана сыймыктанган учуруңуз...
– 7-классымда болчу. Бир кечеде кокусунан эле балдар “Турдаалы аккордеон тартып, ырдайт” деп калышты. Ага чейин эл алдында ырдаган эмес элем, абдан уялгам. Бирок ырдаганым элге жагып, уялганым да, сыймыктанганым да ошол кезде болгон.
– Конькиге биринчи турган күнүңүз эсиңиздеби?
– Так күнү эсимде жок. Кичине кезде алгач чуркап эле ойноп жүрдүк. Кийин “Снегурочка” деген коньки пайда болду. Аны чокойго же өтүккө байлап алчубуз. Андан соң батинкеси менен конькилер чыкты. Апамдын ар жак-бер жагына өтүп суранып жатып алдыргам. 12-13 рубль турар эле.
– Сизди баарыбыз ырчы катары билсек, азыр хоккейчи катары таанып отурабыз. Профессионалдык хоккейге кандайча келип калдыңыз?
– Жогоруда айткандай, бала кезден бери хоккей ойноп жүрөм. Нарында район аралык “Алтын шайба” аттуу мелдеш өтчү, ошого катышып жүрчүбүз. Бишкекте муз майданы ачылганын угуп, келинчегимди ээрчитип бардым. Арадан 30 жылдай убакыт өткөндүктөн, аябай сагынып калыптырмын. Унута элек экенмин, бир аз кыйналганым менен, үйрөнүп кеттим. Ошондон тарта майданга күндө келе баштадым. Кийинчерээк “Хан-Теңири” командасына кошулдум. Бир жылдан бери өлкөбүздүн курама командасындамын.
– Азия оюндарындагы жеңишиңердин сыры эмнеде деп ойлойсуз?
– Бизге жакшы машыктыруучу келди. Хоккей федерациясынын вице-президенти чоң аракеттерди көрдү. Бул мелдешке барыш үчүн көп каражат керек эле. Ар жактан демөөрчүлөрдү издеп, керектүү каражатты табышты. Андан сырткары машыктыруучубуз Сергей Викторович күнүнө эки маал машыгуу өткөрүп, аз убакыттын ичинде жакшы калыпка салып койду.
Ошентип, кыргыз желегин желбиреттик. Алгач бизди эч ким эсепке албады. Арабдар менен таиланддыктар өздөрүн жеңишке башкы талапкер деп эсептеп алышыптыр. Биринчи оюндан кийин бизди башкача карап калышты. Оюн алдында баарыбызды бирден допинг боюнча текшерүүгө алып кетип жатышты. Кийген формабыздагы кемчиликтерге асылып, бут тосууга аракет кылышты. 3-4-оюнга барганда гана унчукпай калышты.
Сыр деп жатасың, биздин машыктыруучунун “урушуп, күч ыкмаларга салбагыла. Чыныгы хоккейди көрсөткүлө” деген көрсөтмөлөрү биздин жеңиштин сыры болсо керек. Анткени арабдар канадалыктардын стилинде, күч ыкмаларга салып, сөгүшүп, түртүшүп ойношот экен. Орой оюнга алдырып, хоккейден алаксып жатышты. Атүгүл орусча сөгүнгөн сөздөрдү үйрөнүп алышыптыр. Бизди жакшы эле тилдешти. Алардын машыктыруучусу да канадалык экен.
– Азия оюндарында эмне кызыктар болду?
– Кызыктар көп эле болду. Бирок менин таң калганым, казактар оюндарды аябай жогорку деңгээлде өткөрүштү. Жери, эли өнүгүптүр. Биз да алардай болуп өнүксөк деп тилек кылат экенсиң. Казак туугандар “азаматтар, баурдастар!” деп колдоо көрсөтүштү. Башка атаандаштарыбыз ашканада болобу, көчөдө болобу, аңдып эле жатып калышты.
– Жогорку Лигадагы командалар менен ойносоңор, туруштук бере аласыңарбы?
– Казакстан, Кытай, Япония – булар, албетте, спорту, анын ичинде хоккейи өнүккөн, бай өлкөлөр. Деңгээли жогору. Бирок Казакстан курама командасында 1 гана казак ойнойт экен. Ал эми бизде 9 кыргыз оюн көрсөтөт. Мүмкүн, казак туугандар менен достук мелдешин өткөрөбүз жакын арада. Эгер биз Жогорку Лигада ойносок, жок дегенде коло медалга жетет элек. Кийинки Азия оюндарында Жогорку Лигада ойномой болдук.
– Сиздердин триумфтан кийин өкмөт кандай сый көрсөттү?
– Бизге Астанада президент Роза Отунбаева сый-урмат болот деп сөз берген. Бирок эмне сый болорун ачык айткан эмес. Азырынча бийлик тараптан эч кандай сыйлыктар боло элек. Үмүттөнүп жатабыз. Биринчи аракеттен ушундай ийгиликке жетип, өлкөнүн атын чыгарып келсек, бийликтин унчукпай койгону уят го.
– Маегиңизге рахмат. Ишиңизге ийгилик!

Залкарбек Карабалаев
sport@super.kg

 Кыстарылган видео 
Маек - Турдаалы Аскарбеков
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
kashuai
2011-02-18 21:08:06
iygilik sizge,balasy sonun eken
0
jaku
2011-02-19 00:03:05
ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура ура Кыргызстандын келечеги чон
0
Aidar
2011-02-19 01:57:50
Men suyungonumon kozumdon jash 4igip ketken.
Molodsi.
0
lider-kg
2011-02-20 00:19:07
Биз телевизор чыгарып Япондорду тан калтыр албайбыз. Биз машина чыгарып Немецтерди тан калтыра албайбыз. Биз спорт менен дуйно элин тан калтырсак болот. Мунунсуна мен 100 пайыз ишенем. Азаматсынар!
0
padishah
2011-02-20 02:25:39
ай ушу кыргыздын атка-минерлерине согуш жарылаш керек ...элдер жетпейт мындай ийгиликке а бизде барктабайт эмне казынарда сыйлыкка жараар эч нерсе калбадыбы.уят ко эч ким укпасын мындай шермендечиликти....
0
Tigrenok
2011-02-21 02:54:43
Азаматсынар!Кыргыз эли сиздер менен абдан сыймыктанат!бирок окмот кичине комок корсотуп турушса кыргыз спортуна жакшы эле болмок.жон эле ооздорун чое бербей!
0
jua
2011-02-24 12:37:35
ушул кунго чейин Роза Отунбаева унчук элек болсо анда ал эмнени угуп журот болду экен
0
jua
2011-02-24 12:42:46
коп акча сунуш кылган мамлекетке кетип калбагыла патриот болгула сураныч
0
SAMOURS
2011-03-02 21:17:36
Kuttuktaim jezde,Arnaschik taanylgys chonoyupturgo atasy menen hokkei oinop bultushka....
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан