Белгилүү инсандар ырчы Самара Каримовага суроо узатышты. Тыңды тың деш керек, жакында кыздуу болуп, убактысы чектелүү экенине карабай берилген суроолордун баарына жооп берүүгө жетишти.
Косметолог Мээрим Давлетованын суроосу:
– Самара, бешик бооңуз бек болсун! Кыркыңызды кантип чыгарасыз?
– Улуу балдарымда чынында жаш болгон экенмин, кантип төрөлүп, чоңоюп калышканын деле билбейм. Көрсө, европалыктар бекеринен 30дан кийин балалуу болушпайт экен да, бул куракта баарына аң-сезимдүү карап, өзүңдүн физикалык, психикалык абалыңа басым жасап калат экенсиң. 33 жашымда 4-перзентимди төрөдүм. Башынан врачтардын көзөмөлүндө болуп, алардын айтканын кылып, витаминдерди ичип төрөткө жакшы даярдандым. Жакшыраак тыңыйын деп тишимди, бели-башыбызды таңып үйдө кыркыбызды чыгарып жатабыз.
– 4 бала төрөсөңүз деле арык, кымча бел бойдонсуз. Эмне тамак жейсиз?
– Кичинемден этти көп жейм, этте белок көп да. Тойдон үйгө түнкү саат 1-2де келсек деле жолдошум экөөбүз жылкынын эт-чучугунан жеп анан жатабыз. Арыктыгым, балким, гендендир. Өзүмдү тамактан чектебейм, каалаганымды жейм. Жолдошум томпошка го, бирок мага караганда Аскем аз жейт (күлүп). Бир жолу Дубайга эс алганы баратып таразага түшсөк мен 54, жолдошум 102 килограмм чыкты. Аскем “кой, арыктайын” деп Дубайда бадыраң, чөп-чар жеп эле кыйналып жүрдү. Мен каалаганымды жеп эс алдым. Дубайдан келип таразага түшсөк, мен 56 килограмм болуптурмун, “аа, 2 килограммды оңой эле таштап коём” деп мактандым. Аскем түшсө дагы деле 102 килограмм болуп турат. Ызаланып алыптыр, “мындай болорун билсем отелдеги дүйүм тамактын баарын жебейт белем” деп (күлүп).
Тамада Кадыр Жарматовдун суроосу:
– Лейлектеги рестораныңыздын курулушу качан бүтөт?
– Рестораныбыз каражат болсо эле бүтөт, жардам берем деген ойлоруңуз болсо Аскем экөөбүз бардык каржылык колдоолорго ачыкпыз (күлүп). Буюрса, 2025-жылы бүтүрөбүз деп жатабыз.
– Аскем сизди кимден кызганат?
– Жолдошум – продюсерим, дайыма чогуу жүрөбүз. Албетте, эркек болгондон кийин кызганат, кээде өзүнөн деле кызганып кетет (каткырып).
Алпаруучу Эркин Рыскулбековдун суроосу:
– Самара айым, сиздин учурдагы жанрыңыз поп музыка, кээде фольклорго да кайрылып каласыз. Азыр өзгөчө популярдуулукка ээ болуп жаткан RnB, жеңил рэп же башка жанрларда өзүңүздү сынап көрүү ниетиңиз барбы?
– Репертуарымда 300гө жакын ыр бар, ар кайсы стилде. Негизи эксперимент кылгандан коркпойм, жасап көрүш керек. Анткени замандын талабы ушундай, угармандын табити ар кандай дегендей.
– Эгер сизди он жыл мурункуга, 2014-жылга кайтарып барып, үч нерсени өзгөрт десе эмнени өзгөртөт элеңиз?
– Жашап жаткан ар бир күнүмө ыраазымын. Мен үчүн бул 10 жыл жеке жашоомдо, чыгармачылык карьерамда эң ийгиликтүү убакыт болду. 4 наристелүү болдум, дүйнө кыдырып саякаттадык, чоң концерттерди койдук, чет өлкөлүк ырчылар менен мыкты дуэттерди аткардык. Андыктан артка эмес, алдыга гана деп айтат элем. Кийинки 10 жылдыкта кызыбызды турмушка берип, уулубузду үйлөнтүүнү, кайын журт, төркүн, күйөрмандар менен мамилебизди бекемдөөнү, жаңы сыйлык, жаңы жетишкендикке жетүүнү, жаңы досторду көргүм келет.
Ырчы Элера Кабылжан кызынын суроосу:
– Самара айым, сиз менен сүрөткө түшөм деген күйөрмандардын сунушун четке кагып койгон учур болгонбу?
– Мен башында кандай болсом, азыр деле ошондоймун, жасалмалуулугум жок. Эч качан “сүрөткө түшпөйм” деп күйөрмандарымды кагып-силкип, шагын сындырган эмесмин. Анткени аларды сыйлайм, жаңы адамдар менен таанышкан, баарлашкан, сүрөткө түшкөн жагат. Ооба, кээде чарчайсың, энергияң аз калат, бирок ушул кесипти тандагандан кийин бардык ысык-суугуна чыдашың керек деп ойлойм. Жолдошум да бул нерсени катуу көзөмөлдөйт, ашыкчамды, кемчилигимди байкап тизгиндеп турат.
– Хейт, орунсуз сындарга "иммунитетиңиз" бекем болуш керек, кантип ошол деңгээлге жетсе болот?
– “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” дегендейт, алдыда бараткан адамдын артынан сөзсүз жаман-жакшы сөздөр айтылат. Анын баарын угуп, баарын жүрөккө кабыл алып отурсаң жүрөк оорулуу болуп калыш бат эле (күлүп). Ар бир сын сага стимул болуш керек. Демек, мен иштеп жатам, демек, мен мыктымын деп алдыга кете бер.
– Ашканада кандай аялсыз? Баарын өзүңүз жасайсызбы же үй кызматчыңыз барбы?
– Ашканада сонун аялмын (күлүп). Студент кезде кафеде официант болуп иштегем. Кийин ашпоздун жардамчысы, ашпоз болдум. Тамак бышыруу – бул менин хоббим. Мен жасаган тамактарды балдарым, жолдошум тамшануу менен жейт. Аскем “жаңы үйлөнгөн кезде абдан сонун тамактарды бышырып берчү элең” деп тамашалап калат. Мен “ал жарнама болчу” деп күлөм. Зерикпейм, түрлөп тамак жасаган жагат.
Ырчы Нуриланын суроосу:
– Жашоодо “көрдүңбү, жеңдим баарын” деп өзүңүзгө ыраазы болгон учур качан болду эле?
– Негизинен, эрким абдан күчтүү. Жашоо – бул өзү күрөш да, күрөшүп, жеңип, ага өзүм канааттанган учур көп эле болот. Жаш кыз-жигиттерге айтарым, азыр башыңарга кыйынчылык түшсө эле “Кудай мени эле кыйнап жатат, менин эле көйгөйүм толтура” деген ойдо болбогула. Негизи ар бир адамдын көйгөйү бар. Болгону ага туруштук берип, абалдан сабырдуулук менен чыгып кеткенди билүү зарыл.
– Мен да сиздей болуп "Эмгек сиңирген артист" наамын эрте алгым келет, ал үчүн эмне кылышым керек?
– Баары талыкпас эмгектин артынан келет. Эмгек сиңирген артист эмес, Эл артисти да болосуң. Атам Эрмек Каримов чыгармачыл адам болгондуктан, мен аны ээрчип кичинемден сахнада ырдап чоңойдум. Ош драма театрында 10 жылдай актриса болуп иштедим, элге кызмат кылып Кудайдын буйругу менен аталган наамды алгам. Бул башталышы гана деп ойлойм.
– Кесиптешиңиздин ыры жакпай калса өзүнө “жакшы болбой калыптыр” деп айтканга эркиңиз жетеби же адамгерчиликтен аттап өтө албайсызбы?
– Жашоодо эч кимди сындай албайм. Сынды адистер айтсын, мен үчүн адам көңүлү, адамгерчилик баарынан бийик. Ар бир нерсенин жакшы жагын көргүм келет. Мүмкүн, менин ырларым деле бирөөгө жакпайт. Андыктан ырды угуучу өзү тандап алганы жакшы. Жашоодо “колуңдан келеби, жакшылык кыл, келбейби, анда унчукпа” деген девиз менен жашайм. Өзүң да ырдап жүрөсүң, сиңдим, ар бир ыр балаң сыяктуу болуп калат, ичиңде өстүрөсүң, сүйлөшөсүң, анан бирөө келип эле балаңды жаман десе оор тиет го. Жакшы сөз ооздун жели, көңүл – бул гүл да.
Лунара Бекиева