Бильярдда шоу жаратууну сүйгөн ЖАДД ТРАМП

Бильярддын снукер түрү боюнча дүйнөдө 10 гигант болсо, ошонун бири – Жадд Трамп. Анын оюну кооздугу, агрессивдүүлүгү менен көрүүчүнү кызыктырат. 5 жашынан бери бильярдда жүргөн спортчу тууралуу айтып берели. 

АНКЕТА

Аты-жөнү – Жадд Трамп

Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 21-август

Туулган жери – Англия, Бристоль

Бою – 180 сантиметр

Спорттогу жетишкендиги – Англия чемпиону (2011), Дүйнө чемпиону (2019) жана башка жеңиштер

АТАСЫ СНУКЕРДИН ФАНАТЫ

Жөнөкөй үй-бүлөдөн чыккан лидер. Атасы Стив Трамп оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу, апасы ашпоз эле. “Атам дүйшөмбүдөн жумага чейин дөңгөлөк үстүндө жүрчү, дем алыш күндөрү келип мени таймаштарга алып барар эле. Ал эч качан дем алган жок. Бүт өмүрүн мага, мен жакшы көргөн нерсеге арнады” деп эскерет өткөн күндөрүн.

Бильярддагы карьерасын Жадд Трамп 5 жашында баштаган. Жад атасы Стивди “дүйнө жүзү боюнча снукердин эң күчтүү фанаты” деп сыпаттайт. Ошол “фанат” уулун кенедей кезинен снукерге кызыктырбаганда, балким, снукер ааламы бир талантка кем болмок. 1999-жылы 10 жашар Жадд Трамп снукер боюнча 15 жашка чейинкилер арасында Улуу Британия чемпиондугунун эң жаш жеңүүчүсү болууга жетишет. Албетте, атасынын кубанычында чек жок эле. Ал ушуну күткөн. Журналисттер “эгер уулуңуз мындан ары карьерасын улантуудан баш тартса кандай кабыл аласыз?” деп суроо беришкенде минтип жооп берген: “Моюнга алышым керек, эгер андай болуп кетсе өтө таң каларым анык. Ушундай таланты бар туруп карьерадан баш тартса уят эле болот. Мындан ары эмне болот, көрө жатарбыз...”

Андан ары Жадд Трамптын карьерасы өсүү үстүндө гана болду. 14 жашында “максималдуу брейктин эң жаш автору” болуп, Ронни O Салливандын (15 жашында жасаган) рекордун жаңылаган. Максималдуу брейк – 147 упай. Оюнчу бардык кызыл шарды киргизиши керек, бирок ар бир кызылдан кийин бирден кара шар киргизип, аягында калган башка түстүү шарларды да киргизүүсү зарыл. Ошондо 147 упай берилет. Трамп карьерасында мындай жыйынтыкка 8 жолу жеткен. 

«МЕН БААРЫ МЫНДАН ОҢОЙ БОЛОТ ДЕП КҮТКӨМ»

2005-жылдан тарта Жадд профессионал оюнчу. Биринчи сезондо эле Welsh Open турнирине катышып, “эң жаш оюнчу” болгон. 2006-2011-жылдары көптөгөн абройлуу мелдештердин чемпиону, мисалы, Улуу Британия чемпиондугунун жеңүүчүсү. “Мен баары мындан бир топ оңой болот деп ойлогом. Бирок беттештерде көптөгөн кыйын спортчуларга жолуктум, алгачкы 3-4 жыл абдан эле кыйын болду” дейт биздин каарман. 2011-жылы Дүйнө чемпиондугунун финалына чыгып, Жон Хиггинске жеңишти алдырып жиберген. Бирок мээнеткеч Жадд токтоп калган эмес. Арадан 8 жыл өтүп, 2019-жылы Трамп көптөн күткөн титулду – Дүйнө чемпиондугун утту, дүйнө жүзү жаңы чемпионду көрдү. 

СНУКЕРДЕГИ ӨЗГӨЧӨЛҮГҮ

Адистер баса белгилегендей, Трамп абдан агрессивдүү оюн көрсөткөн снукерчи, ушунусу менен көптөгөн күйөрмандарга жагат. Ал кесиптештерин көрүүчү тартуу үчүн снукерди кооз ойноого чакырып келет. Бирок тактика жана стратегия жактан чабал. 

«ЖЫЛДЫЗ ООРУСУ» МЕНЕН ООРУП...

Баш айланткан атактуулук Жадга таасирин тийгизбей койгон эмес. Атаандаштарын катар-катарынан утуп, эң таанымал снукерчиге айланат. Снукердин тарыхында бир сезондо 1 миллион фунт стерлингден ашык
(112 миллион сомдон ашык) байге уткан биринчи оюнчу. Айрымдар Жадды “таанымал болгондон кийин бой көтөрүп калды” дешет, айрымдар “баягыдай эле” деп сыпатташат. Эң башкысы, снукерчи шар атуудан тажай элек.

ДОНАЛЬД ТРАМПТЫН ЖЭЭНИБИ?

Англис тилдүү ЖМКлар снукер жылдызы Жадд Трамп менен АКШнын экс-президенти Дональд Трамптын фамилияларынын окшоштугу тууралуу көп жазышат. Бири саясатта, бири бильярдда ийгилик жараткан инсандар. Жадды “Дональд Трамптын жээни” деп да жазышкан, бирок бул чындык эмес. Журналисттердин көңүлүн бурган нерсе – атактуулуктун туу чокусуна жеткенде Жадд өзүнүн жарандык позициясын активдүү билдирүүгө өткөнү. "Америкалык адашы сыяктуу кескин сунуштарды айта баштады" деп жазышат ЖМКлар. Мындан 2 жыл мурун Жадд Трамп снукерди жаштар арасында популярдуу кылыш үчүн деп айрым радикалдык сунуштарды айткан. Мисалы, снукерчинин сырткы көрүнүшү боюнча эрежени өзгөртүү (классикалык стилде гана эмес, күнүмдүк турмуштагы кийимчен ойноого уруксат берүү, ардагерлерге салыштырмалуу жаш снукерчилерге көбүрөөк эфирдик убакыт берүү) сунушун айткан. Тээ 2017-жылы Жадд Дональд Трампты тамаша-чыны аралаш “менин фамилияма көлөкө түшүрүп жатат” деп да сындаганы белгилүү. “Твиттерде дайым бирдемелерди жазып, башка Трампка жагымсыз жарнама кылып жатат” деп жылмайганы бар.

СҮЙҮКТҮҮСҮ КИМ?

Снукер жылдызы буга чейин блогер жана модель Хадижа Миср менен кыз-жигит мамилесинде болуп, бирок кийин экөө эки башка жолго түшкөн. Ошондон тарта спортчу жеке жашоосун ачыкка чыгара бербейт. Дүйнөлүк ЖМКларга таянсак, Жадд Трамп азыркы тапта гонконгдук пери, муз үстүндө бийлөөнүн чебери Мэйси Сяоцин менен кыз-жигит. Экөөнүн жакында Марокко жана Дубайда бир учурда бир жерде эс алганын ырастаган сүрөттөр жарыяланды. 

ТРАМП АЙТАТ:

“Көптөгөн снукерчилер кооз оюн көрсөтпөй жеңишке жетишет. А мен көрүүчүлөргө шоу тартуулоого аракет кылам, алар ырахат алыш үчүн”.

“Мен суперкардын рулуна отурганымда мотордун үнү болушунча аңылдайт, мени көптөр карашат, көптөрдүн көңүлүн бурам”.

“Мен таасирлентиш үчүн абдан аракет кылат окшойм. Мага тез ойногон жагат”.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1140, 10-16-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан