ОРУСИЯНЫН МИГРАНТТАРГА МАМИЛЕСИ КАТААЛДАДЫ, Кыргызга ЕАЭБдин жардамы тийбейби? 

Орусия бийлиги эмгек мигранттарына тийиштүү мыйзамдарын улам катаалдантууга аракет кылууда. Мисалы, өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды 2-5 жылга эркинен ажыратуу, мигранттарга жасалма документ даярдап берген мекемелерге 5-10 миллион рубль айып пул салууну караган мыйзам долбоору учурда талкууланып жатат. Буга чейин Орусия депутаттары “мигранттарды Орусия-Украина согушуна тартуу зарыл”, “мигранттардын Орусияга үй-бүлөсү менен көчүп келишин токтотуш керек” деген сыяктуу демилгелерди көтөрүп чыгышкан эле. Мындай аракеттер аз эмес. Турмуш көрсөтүп жатат, Орусиядан себепсиз “кара тизмеге” киргизилип, депортацияланган мигранттар четтен чыгууда. Мигранттарга мамиленин минтип катаалдашынын себеби эмнеде?

 

Акжол Алибеков, эмгек мигранты: «Себебин айтпай эле аэропорттон 45 адамды кайтарып салышты»

– Ош облусунан болом. Орусияда 2015-жылдан бери иштейм, Кыргызстанга келип-кетип эле жүргөнбүз. Документтеримдин баары жайында, Орусияда эч кандай мыйзам бузган эмесмин. Бул арада Европада да жүрдүм, 2023-жылы виза ачтырып, Польшага, Венгрияга барып иштеп калдым. Быйыл 17-августта досумдун үйлөнүү тоюна катышканы мекенибизге келип, тойго катышып коюп кайра сентябрдын башында Москвага кеттим. Учагыбыз 3-сентябрь күнү Шереметьево аэропортуна конду. Анан аэропорттун постунда турган кызматкерлер паспортумду карап “эмнеге Европага бардың эле? Жакында эле келиптирсиң ал жактан?” деп суракка ала башташты. Аэропортто “күтүп туруңуз” дешип 5 саат кармашты. Манжаларыбыздын изин алып калып, боюбузду ченеп, эң аягында “силерге Орусияга кирүүгө тыюу салынган” деп айтышып, “кирүүгө тыюу салынган” деген бир кагазды колубузга карматып коюшту. Ошол биз учуп барган каттамдан 45 адамды кайра артка кайтарышты. Аялы киргизилип, күйөөсү кирбей калган же баласы киргизилип, атасын артка кайтарып жиберген учурлар дагы болду. Эмнеге мындай кылышканын түшүнбөй калдык. Эч ким себебин айтып бере алган жок. Постто тургандардан “Кандай негиз менен бизди киргизбей жатасыңар?” десек, “билбейбиз” дешти. Кайра Кыргызстанга учуп келейин десем билет жок, 2 күн аэропортто түнөп, анан келдим. Учурда бизге окшоп эч себепсиз, негизсиз аэропорттон артка кайтарылган жарандар көп болууда. Кыргыз өкмөтү укуктук жактан жардам берүү жагын караштырбаса мигранттарга кыйын эле болчудай.

 

Гулиза Акматсияева, юрист:  «Мигранттардын абалы 2025-жылдан тарта жеңилдейт деген үмүттөбүз»

– 17 жылдан бери мигранттарга укуктук жардам берип иштейм. Чынында, азыр мыйзамдар кыйла катаалдашты. Мурун сотто депортация болгон, “кара тизмеге” киргизилген жарандардын укугун коргоп, кээде жеңип алчубуз, азыр андай мүмкүн болбой калды. Болсо да абдан татаал процесстерден өткөрүп жатышат. Бирок мигранттар үчүн жакшы мезгилдер да болгон, убагында 1 жылдык каттоо менен эмгек келишимин сатып алып иштеп жүрүштү. 2021-жылдан тарта мыйзамдар катаалдаша баштады, алгач Орусиянын ИИМи массалык чектөөлөрдү, тыюу салууларды, депортацияларды баштаган, андан кийин “Роспотребнадзор” мигранттардан ар кандай оорулар жугуп жатат деп “Сахароводон” каттоодон өткөрө баштады. Азыр Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) тарабынан массалык чектөөлөр болуп жатат. Аталган кызмат мигранттар арасынан терорризмге шектүүлөрдү кармоодо. Учурда Орусия  башынан оор мезгилди өткөрүп жатат. Буюрса, 2025-жылдын жаз айларынан тарта мигранттардын абалы жеңилдейт деген үмүттөбүз.

 

Марлен Маматалиев, депутат:  «Мигранттардын абалы жакшырат деп ЕАЭБге киргенбиз»

– Кыргызстан ЕАЭБге “Орусияда жүргөн мигранттарыбыздын абалы жакшырат, тоскоолдуктар жоюлат, кызыкчылыктары корголот” деп кирген. Мамлекеттик Думанын депутаттары менен жолугушканда мен “эмнеге такси айдаттырбай жатасыңар?” деп түз эле суроо бердим. Алар коопсуздук маселесинен улам мигранттарга карата мыйзамдар катаалдашып жатканын айтышты. "Башка өлкөлөрдүн жарандарына тыюу салсаңар да, ЕАЭБге мүчө мамлекеттин жарандарына андай тыюуларды колдонбой эле койгула" деген сунуш айтканбыз. Ошондон кийин мигранттардын такси айдашына тыюу салган мыйзамы биздин жарандарга колдонулбай калган эле. Бирок азыр Орусиянын губернаторлору мигранттардын такси, автобус айдашына, соода кылышына тыюу салган чечимдерди чыгарып жатышыптыр. Бул эми эки өлкөнүн өкмөттөрү чече турган чоң көйгөй.

 

Жыргалбек Касаболот, конфликтолог: «Мигранттарды согушка тартууга мажбурлоо аракети катары баалайм»

– Орусиядагы эмгек мигранттарына карата мамиленин катаалдашы – көп себептердин натыйжасы. Биринчиден, эмгек мигранттары Орусиянын өзүндө чоң күчкө айланып, айрыкча бул өлкөнүн чоң шаарларында демографиялык абалды өзгөртүп жатканы жашыруун эмес. Салттуу орус коому үчүн чоң шаарларда мечиттердин салынышы, башка динди карманып, башка тилде сүйлөгөн адамдардын көбөйүшү көп жылдан бери эле тынчсыздануу жаратып келген. Алардын арасында ар кандай радикалдык агымдардын өкүлдөрү жүргөнүн да моюнга алыш керек. Эми ошол тенденция орус-украин согушу Кремлдин империячыл дымагын күчөтүп турган убакка туш келди. Андыктан бул чаралардын дагы бир максаты – мигранттардын арасынан орус-украин согушуна аскер тартуу болушу мүмкүн. Анткени Орусия жарандыгын алган аскер жашындагы эркектерди көп күттүрбөй эле согушка алып кетип жаткан учурлар бар. Жарандык албагандар кысымга кабыла берсе, жарандык алуунун кандай шартына болсо да макул болушат, анын ичинде аскерге барууга да аргасыз болушат. Мигранттарга карата мамилени катаалдаштыруу ушуга багытталган.

 

Мавлян Аскарбеков, коомдук ишмер:  «өнүккөн өлкөлөргө миграциялык дарбаза ачыш керек»

– Орусия-Украина согушунан кийин Орусияда улутчулдук идея тереңдеп, радикалдашып кетти. Жогорку кызматтагы адамдары мигранттардын жүрүм-турумун, бака-шака болуп жүргөнүн сындап, “мигранттар Орусияга үй-бүлөсү менен келбесин, аларды да согушка тартыш керек” дешкенин бардык телеканалдары көрсөтүүдө. Ошондон улам массада мигранттарга болгон орой мамиле, жек көрүү пайда болууда. ЕАЭБ келишиминде уюмга мүчө өлкөлөрдүн мигранттарынын эркин жүрүшү кепилденген. Ошого карабай биздин жарандарды себепсиз депортациялап, “кара тизмеге” киргизип, кысым көрсөтүп жатышат. Биздин өкмөт ал мигранттарды кайтаруу аракетин көрүшү керек. "Европанын өнүккөн өлкөлөрүнө же Канада, Япония, Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөргө миграциялык дарбазаларды ачкыла, ал жакта иштегенге шарт, мүмкүнчүлүк түзүп бергиле" деп какшап келе жатам. Орусияны эле карап отура бербешибиз керек да, дүйнө азыр ааламдашуу доорунда жашап жатат. Эң баалуу нерсе – адам ресурсу, анын эмгеги. Ошону туура колдоно албай жатабыз.

 

Сандар сүйлөйт...

– ТИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгында 655 миңден ашуун кыргызстандык жаран миграцияда жүрөт. Алардын 400 миңден ашыгы Орусияда. 2023-жылы Орусиядан
13 миңден ашык адам мажбур чыгарылса, 2024-жылдын алгачкы төрт айында 282 кыргызстандык жаран депортация болгон.

– Орусия ИИМинин маалыматына таянсак, жыл башынан бери Орусия полициясы 65 миң чет элдик жаранды чыгарып, 120 миң чет элдик жарандын кирүүсүнө тыюу салган. Аталган мамлекеттик орган бүгүнкү күндө Орусиянын аймагында Өзбекстандын
332 миң, Тажикстандын 247 миң, Украинанын 152 миң, Азербайжандын 120 миң, Кыргызстандын 115 миң, Армениянын 61 миң, Молдованын
56 миң жана Казакстандын 49 миң жараны мыйзамсыз жүрөт деп билдирди.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1141, 17-23-2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан