НУРЛАНБЕК ШАКИЕВ, КРнын Маданият жана маалымат министри: «ГАЛСТУГУМ БОЛБОСО ДА, КАЛЫСТЫГЫМ БОЛСУН ДЕЙМ»

Маанилүү маек

Кыргыз эли сындаганды абдан жакшы көрөбүз. Коомчулуктун ошондой сын селине кабылып турган министрди кепке тарттык.

– Нурлан мырза, министрликтин башчылыгына келгениңизге эки айдын жүзү болду. Эки айда эмне иш баштадыңыз?
– Эки ай аралыгында министрликтин негизги мекемелери менен дээрлик таанышып чыктым. Маданият тармагындагы көйгөйлөр менен буга чейин кайсы бир деңгээлде тааныштыгым бар эле. Элибизде айтылат го, “миң уккандан бир көргөн артык” деп. Андыктан маселени жеринде өз көзүм менен көрүп-билиш үчүн министрликтин карамагындагы жогорку жана орто окуу жайлардан тартып театр, филармония, китепкана, музейлерге чейин барып көрүп, эмгек жамааттары менен жолугушуп, кеңири баарлаштым. Ачык айтканда, маданияттын бүгүнкү абалы көңүл жылытарлык эмес. Өткөн жумада министрликтин кеңейтилген коллегиясын өткөрдүк. Маданият тармагындагы күңгөй-тескей маселелер кеңири талкууланды.
– Бишкек шаарындагы мекемелерди эле көрдүңүзбү? Аймактарда, айрыкча айыл маданиятынын абалы кандай дейсиз?
– Ооба, баш калаадагы мекемелерибизди гана кыдырып чыктым. Буюрса, ушул айдын соңунан тартып облустарды кыдырууну пландаштырып жатабыз. Албетте, айыл маданиятын көтөрмөйүнчө, бүтүндөй өлкөнүн маданиятынын өсүшү тууралуу сөз кылууга болбойт. Айылдык маданият үйлөрү менен китепканаларды оңдоп-түзөө менен эле чектелбей, айыл таланттарын бардык жактан колдоп өстүрүүнү, билимин өркүндөтүүнү алдыңкы орунга алып чыгуу зарыл. Алар үчүн жер-жерлерде түрдүү кароо-сынактарды уюштуруп, жеңүүчүлөрүн республикалык фестивалдарга катыштырып, алардын музыкалык билимин жогорулатууну колго алышыбыз керек. Биз азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз.
– Маданият тармагын каржылоо кандай абалда?
– Каржылоо жагы, албетте, мамлекеттин экономикалык абалына жараша болот. Тилекке каршы, акыркы 20 жылдан бери бөлүнгөн каражат маданиятты өнүктүрүп-өстүрүүгө эмес, тек гана өлбө, жаным, өлбө” деген абалда кармап турууга араң жетет. Бир далил. 2007-жылы кабыл алынган “Маданият жөнүндөгү” мыйзамда көрсөтүлгөндөй, маданиятка мамлекеттик бюджеттен 3 пайыздан кем эмес каржы бөлүнүшү милдет эле. Өткөн жылда маданиятка бөлүнгөн каражат мамлекеттик бюджеттин 0,9 пайызын түзсө, быйыл 0,7 пайыз каралууда. Мыйзамга ылайык, 3 пайыздын ордуна бир пайызга жетпеген каражат менен маданиятты өнүктүрүп-өстүрүү же көтөрүү – куру кыял. Бирок ар тараптан күч-аракет жумшап, маданиятыбызды аз-аздап болсо да көтөрүүгө милдеттүүбүз. Көйгөйлөрдүн көптүгүнө карабастан, бир катар мактанарлык жагдайларыбыз бар. Ар жыл сайын маданият, искусство тармагында бир нече ийгиликтер жаратылып, биздин өнөрпоздорубуз эл аралык түрдүү сынактарда алдыңкы орундарды багындырып келишет.
– Мисалы?
– Акыркыларын айтсак, өткөн жылы Улуттук кыргыз драма театры Казакстандын Алматы шаарында өткөн Эл аралык фестивалда 1-орунду жеңип келсе, М.Жангазиев атындагы Куурчак театры Татарстандын Казань шаарында өткөн Эл аралык фестивалда баш байгеге ээ болгон.
– “Маданият кызматкерлеринин эмгек акысы көтөрүлөт” деп эле дүрбөтүп жатасыздар, ушул туурасында да кеп кылсаңыз...
– Буюрса, май айынан тартып маданият кызматкерлеринин эмгек акылары жогорулайт. Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагынын кызматкерлери менен катар эле маданият жана искусство тармагындагы кызматкерлердин эмгек акысын да көтөрүүнү өз убагында өкмөткө, Жогорку Кеңешке койдук. Анткени социалдык чөйрөдөгү эң аз маяна маданият жана искусство кызматкерлериники экен. Республика боюнча алганда, бул тармактын орточо эмгек акысы 2307 сомду түзөт. Бул билим берүү, саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин азыркы айлыгынан эки эсеге жакын аз. Эми май айынан тартып орточо эмгек акылар 6800-7000 миң сомду түзөт. Жалпысынан алганда үч эсеге жакын көтөрүлөт. Ушундай оор экономикалык кырдаалда эмгек акыларды жогорулатуу чечимин кабыл алып, жооптуу кадамга барган Коалициялык өкмөткө рахмат айтышыбыз керек.
– Министрликтин кадр саясаты кандай жүргүзүлөт? Дегеле маданият тармагында жакынкы аралыкта кандай реформалар болушу мүмкүн?
– Кадр саясаты – аяр мамилени талап кылуучу өзгөчө маселе. Мен министр болуп шайланып келген күнү эле ачык айткам, эки айга чейин эч кандай өзгөрүүлөр болбойт, иштешип көрүп, анан иштегенине карап чечим кабылданат деп. Эки ай болду. Эми ар биринин ишине жараша чечим чыгарылат. Бул тармакта бир оор жагдай бар экен. Ал – бир катар мекемелердин жетекчилеринин жашы жетимишти таяп калгандыгы. Аксакал агай-эжелерибиздин өлкөбүзгө, анын ичинде маданият, искусство тармагына сиңирген олуттуу эмгектерин баалайбыз жана сыйлайбыз, керек болсо таазим этебиз. Бирок карылыкка моюн сунган кезде жаштарга орун бошотуп, сый-урмат менен ардактуу эс алууга узашса жакшы болмок.
Кечээ министрликтин коллегиясында да бул маселеге токтолуп, 65 жаштан ашкан аксакалдарыбыздан өз ыктыярлары менен жаштарга орун бошотуп берүүлөрүн сурандым. Муну жыйындын катышуучулары дээрлик толук колдошту. Антпесек, жашы 70тин тегерегиндеги жетекчилерибиздин заманбап көз караш менен жаңыча иштөөлөрү кыйын. Албетте, реформалар болот. Бирок аны маданий коомчулук менен биргелешип, кеңешип жасайбыз.
– Акыркы убактарда мамлекеттик сыйлык-наамдар боюнча кескин сын көз караштагы пикирлерди айтып жатасыз...
– Ой, бул наам маселеси министрликте эң орчундуу, талылуу маселелердин бири экен. Ачык айтайын, менин кабыл алуума бир күндө жыйырмадай адам келет. Тилекке каршы, ошол жыйырма адамдын он жетиси наам сурап келишет. Айрымдары жөн эле догурунуп киришет, “силер калыс эмессиңер, мен эчак эле бул же тигил наамды алышым керек эле, неге бербейсиңер?” дешип. Бул боюнча киргендерге ачык эле айтып жатам, “жаман көрсөңөр мейли, бирок наам дегенди сурап, догурунуп албайт. Наам татыктууларды өзү таап барат. Тааныш, билиш, жогору жактан телефон чалуулар же дагы бир башка жолдор менен берилбеш керек” деп.
Чындыгында, көпчүлүк учурда ар кайсы баскычтагы мамлекеттик сыйлыктар, наамдар калыс эмес ыйгарылып жаткандыгынан коомчулук жакшы кабардар. Мындан ары ушул маселени абдан калыс караганга аракеттенели деп жатабыз.
– Маданият жана маалымат министрлиги деп аталганыңыздар менен, маалымат чөйрөсүн сөз кылбай жатасыз...
– Маалымат жагдайында сөз кылбай жатканыбыздын негизги себеби, азырынча маалыматтык саясатка толук аралаша элекпиз. Азыр министрликтин структурасында аталган тармак менен иш алпарган өзүнчө департамент түзүлгөнү жатат. Жалпы басма сөз жөнүндө заманбап мыйзамдарды кабылдоо, маалымат коопсуздугуна байланыштуу зарыл мыйзамдарды кабыл алуу боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитеттери менен иштеп жатабыз. Мына ошол мыйзамдар кабыл алынгандан кийин маалымат саясатын жөнгө салуу, мыйзам чегинде тескөө боюнча иштер жүргүзүлөт.
– Ушул жуманын башында телеканалдардын жыштыктары тууралуу парламентте сүйлөгөн сөзүңүздү айрымдар аябай сынга алышууда...
– Эми муну айрым адамдар чоң саясатка айландырып, обу жок ызы-чуу салышууда. Мен депутат Өмүрбек Абдрахмановдун министрликтин маалымат жаатындагы концепциясы тууралуу суроосуна жооп берип жатып, “өлкөбүздүн маалыматтык коопсуздугу кооптуу абалда калууда. Республикабыздын аймагында, тилекке каршы, чет өлкөлүк телеканалдардын берүүлөрү басымдуулук кылып жатат. Айрыкча кошуна өлкөлөрдүкү. Биздин жергиликтүү кыргыз телеканалдарын республикабыздын айрым алыскы айылдарындагы жашоочулары көрө албай келишет. Андыктан жергиликтүү телеканалдарга артыкча көңүл бөлүп, жыштыктарды кайра карап чыгуу керек” дегем.
Кээде мекенчилдик сезимдерибизден жабыркап калат экенбиз. Менин айтканымды кыргыз мамлекетинин мекенчил атуулумун дегендердин бардыгы эле колдошот деп ойлойм. Качанга дейре ар жак, бер жакка кылчактай беребиз?
– Сиз министр болгондон тарта басма сөз беттеринде ар кандай пикирлер байма-бай жарыяланып жатат. Ошолор тууралуу да айтсаңыз.
– Эми анын бардыгына токтолуп сөз кылгым келбейт. Элибизде бир жакшы сөз бар, орой болсо кечирип койгула, “бир ит көрүп үрөт, миң ит көрбөй үрөт” деген. Ошол мен жөнүндө жазып жаткан кесиптештериме таң калам. Алардын көпчүлүгү мени жакшы деле билишпейт. Билбегенден кийин аларга эмне күч келип ойду-тоону, жок нерселерди жазып жатышат, түшүнбөйм. Айрымдары мени маданияттан алыс деп жатышат. Мен 20 жашымдан тарта менчик да, мамлекеттик да гезиттерди жетектеп иштеп келдим. Андан сырткары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясын да жетектедим. Демек, жалаң чыгармачыл жамааттарды башкарып келсем, анан кантип маданияттан алыс болом? Эң башкысы, бул кызматка суранып келген жокмун. Мага парламенттик коалициядан сунуш болуп, ишеним көрсөтүштү. Ал эми ишимди сындаш үчүн бери эле дегенде үч-төрт ай убакыт керек да. Иштетпей жатып эле “иштей албайт” дегендин өзү туура эмес.
– Министрликтеги иш кагаздарынын баарын мажбурлап кыргызчалатып жатыптырсыз...
– Буга чейин иш кагаздарынын дээрлик көпчүлүгү орус тилинде жүргүзүлүп келген экен. Мен азыр иш кагаздарынын бардыгын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча катуу талап коюп жатам. Маданият жана маалымат министрлиги башка министрликтерге бул жагынан үлгү болушу керек.
– Байкашыбызча, министр болгондон бери галстук такпай жүрөсүз. Бул кандай?
“Маданият министри сөзсүз галстук тагып жүрүш керек” деген эреже болсо, аны бузмак эмесмин. Экинчиден, кайсы бир сатирик “галстугу бар экен, калыстыгы жок экен” дегендей, галстугум болбосо да, калыс болоюн деп жүрөм.
– Саясатта досторуңуз көппү же жөн турмуштагы досторуңузбу?
“Саясатта түбөлүк достук жок, убактылуу кызыкчылык бар” дешет го. Саясатта досторум саналуу эле. Турмушта деле ошондой, досторум аз. Чыныгы достор канчалык аз болсо, достук ошончолук бекем болот деп билем. Кызыгы, менин досторумдун көпчүлүгү менден он жаштын тегерегинде улуулар. Анткени турмушка да, саясатка да эрте аралашып, өзүмдөн улуу адамдар менен көп мамилелеш болуп калдым. Айылда чоңойгондуктан, айылдык досторум да жетиштүү.
– Балдарыңыз шаардык болуп калышты да. Алардын келечегине кандай карайсыз?
– Кудайга шүгүр, 4 баланын атасымын. Үйдө балдарга кыргызча тарбия беребиз. Ата, апа деп эле кыргызча сүйлөшөт. Дегеним, шаардагылардын көбү орусча сүйлөп калып жатышпайбы. Албетте, балдардын келечеги Кудайдын айтканындай болот. Биз жакшы билим, татыктуу тарбия берсек, калганы өздөрүнөн. Кудайдан тилегенибиз – жакшылык.

Ибрагим Жусуев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
janchar
2011-02-20 06:15:54
jakwy kiwidei korunot.iygilik kaalaim
0
imperator
2011-02-20 22:10:13
Корунушко ишенбе. Бугун жашоонун башаты болгон суу,эртен тумчуктуруп коюшу мумкун.
0
Жаку
2011-02-21 15:43:36
туура айтыптыр. Мен шакиев мырзанын айткандарына, айрыкча наам сурап келгендер менен улгайгандар орун бербей отурат дегенине кошулам. Бирок ошол эле убакта мындай аз акчага ошол улгайгандар ишин суйгондор гана кайыл болуп иштейт экенин эстен чыгарбоо керек.
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан