Интернет желесинде бирөөгө жалаа жапканы үчүн жаранга 100 миң сом айып салуучу мыйзам 1-окуудан өттү
Интернет желесиндеги адепсиз пикири үчүн жаранга 100 миң сом айып салуучу мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 23-октябрда биринчи окууда кабыл алды. Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыковдун айтымында, жаран интернет сайтта же сайттын баракчасында бирөөнү мазактады, ар-намысын, кадыр-баркын адепсиз формада атайын кемсинтти деп табылса, жеке жактарга 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сом айып салынмакчы.
Депутат Мирлан Самыйкожо бул мыйзам адабияттагы сатира жанрын чектеши мүмкүн деди. “Сатирада адамды абдан чымчыган сөздөр болот. Аброюма шек келди деп арыз жаза берчү болсок, анда адабият менен журналистикадагы жанрларды да чектейбиз” деди Самыйкожо. Депутат Эльвира Сурабалдиева орточо айлык 30 миң сомду түзгөн өлкөдө 100 миң сом айып пул салуу туура эместигин айтат. Депутат Жанар Акаев адамдын аброюна шек келтирген сөздөргө юридикалык бааны Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги эмес, сот органдары бериши керек деген пикирде.
Мыйзам кабыл алынса, аталган министрликте 11 кишиден турган атайын бөлүм ачылып, интернет желесине көзөмөл салып турмакчы. Бөлүмдө кимдер иштейт деген суроого “лингвисттер, заманбап технологияны жакшы билген адистер иштейт” деген жооп айтылды.
Жогорку Сотто жаңы төрага
Парламент 23-октябрда Жогорку Соттун төрагалыгына сунушталган Медербек Сатыевдин талапкерлигин карап, макулдук берди. 24-октябрда аны кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Мындан 2 апта мурун Замирбек Базарбеков Жогорку Соттун төрагалыгынан кетүү тууралуу арыз жазып, кызматын тапшырган. Сот органын 2022-жылдан бери башкарып келген Базарбековдун отставкасынын себеби айтылган жок. Убагында ал президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгону белгилүү.
50 жаштагы Медербек Сатыев дагы президентке жат адам эмес. Мурда Сокулук райондук сотунда, Бишкек шаардык сотунда сот болуп иштеген. 2013-жылы "бийликти күч менен басып алууга аракет кылышты" деп айыпталган ал кездеги парламент депутаттары Садыр Жапаровду, Камчыбек Ташиевди жана Талант Мамытовду актаган Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясынын курамында Медербек Сатыев болгон. Көп өтпөй Сатыев “Кылмыш ишин кароодо Кылмыш-процессуалдык кодексти одоно түрдө бузганы үчүн” деп иштен айдалган.
Сатыев 2020-жылдын октябрында президенттик аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалган. Андан кийин Сот департаментинин директору, Жогорку Соттун судьясы болуп иштеди.
Бишкек шаарындагы Батыш автобекети жабылды
Бишкектеги Батыш автобекети жана анын ичиндеги “Акжол” автобекети 23-октябрдан тарта жабылды. Эми бул автобекет аркылуу кеткен бардык каттамдар Алматы көчөсүндө жайгашкан "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы бекетинен жөнөйт. Аталган жаңы автобекет эл аралык, шаар аралык, облустук жана шаар четиндеги каттамдарды тейлейт. Бишкек шаардык мэриясынын билдирүүсүндө, чыгыш багытындагы каттамдар жаңы автобекеттен, батыш тарапка кеткен каттамдар автоунаа базары тараптан же Фрунзе көчөсү, 209 дарегинен жөнөп жатат. Эске салсак, Бишкектин ичиндеги батыш жана чыгыш автобекеттери жабылып, шаардын сыртына чыгарылары мурда кабарланган. Бишкектин четиндеги Фучик көчөсүнүн батыш тарабына, Бишкектен аэропортту көздөй бараткан жолдун жээгине "Ош базарын", батыш автобекетин камтыган ири комплекс жайгашары айтылып, анын курулушуна быйыл 5-июлда капсула салынган. Буга чейин шаар башкармалыгы Батыш автобекети жана “Ош базарын” башка жакка көчүрүү менен тыгын көйгөйү чечилет деп билдирген.
Орусия аэропортунан ондой кыргызстандык артка кайтарылды
22-октябрда Оштон Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жаран Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган. Кыргызстандан учуп барган мигранттарды орусиялык чек арачылар аэропортто бир нече сааттап кармап, айрымдарын артка кайтарган учурлар биринчи жолку окуя эмес. 5-октябрда Ош-Москва каттамындагы учак менен Москвага барган жүргүнчүлөрдүн 40 чактысы Орусияга кире албай калган. 23-октябрда ТИМ “Азыркы кезде түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча иш орусиялык тарап менен бирге жүргүзүлүп жатат” деп билдирди. ТИМ ошондой эле Орусия чек арасындагы көзөмөлүн “Крокус Ситидеги” окуядан кийин коопсуздукту камсыз кылуу жана террорчулукка каршы коргонуу максатында күчөткөнүн, ошол себептен соңку айларда кыргызстандык жарандар Орусия аймагына киргизилбеген окуялар көбөйгөнүн, аларга тийиштүү жардам берилип жатканын белгиледи. Аталган маселе мамлекет аралык кызматташтыктын бардык деңгээлинде көтөрүлүп жатканы да айтылды.