Жашынган бакыт (Айылдык кыздын аянычтуу тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн санда)

– Илияс караңгы көчөлөрдү аралап унаалар өтчү чоң жолду көздөй баратты. Үйдө апасынын кайгырып, санаа тартып күтүп отурганын элестетип кадамдарын тез-тез шилтейт. Жол жээкте магнитофонун дүңкүлдөтүп иштетип бир машине туруптур, жакыныраак барганда ичинен бака-шака үн угулду.

– “Эй, досум, ак ал, таза ал, ушул акыркы стакан, келе эми?” деп бири-бирин ичимдикке кыстап жаткан улан-кыздардын арасында Баян да бар эле. Агасынын унаага жакындап келгенин байкаган жок. Бир колунда стакан, экинчи колун жигиттин моюнуна артып алган Баян агасы маңдайына келип калганда гана өңү өзгөрө түштү.

– Байке,- деп катып туруп калган Баянды агасы жулкулдатып көчөдө сүйрөп жөнөдү.

– Бас үйгө, көк мээ! Окуп жатам деп коёт, ушулбу окуганың? Сениби, шашпа!

– Илияс байке, коё бериңиз мени... Ай, колу-ум!

– Ар кимди кучактаган ушул колуңбу сенин, ичимдик ичкен ушул колуң сынсын!- деп ого бетер күчкө салып Баянды жулкулдатып жетелеп баратты. Бака-шака түшкөн жанагы жаштардын үнү алыстап, көчөдө иттердин үргөнү эле угулбаса айыл тунжурап турган. Үйгө кирери менен Илияс ачууланды.

– Апа, үйдөн кууп чыгыңыз бул кызыңызды, жоготуңуз, мен чыдабайм! Балдар үйүнө берип салыңыз, ошолор тарбияга келтирсин, биздин колдон келбей калды! Жетишет! Бул биринчи жолку кылыгы эмес, 11ди бүткүчө бүт айылга бизди шерменде кылып бүтөт!- деди калтырап-титиреген Илияс.

Апасы баарын айттырбай түшүндү. Баянды каякка алып бармак, жакшы да, жаман да сүйлөп көрдү, болбоду. Кыздар менен мушташып милицияга түшкөндө да куткарып чыккан эле. “Өткөөл курагы оор өтүп жатат, балам, бир аз чыдап койсок акылына келер” деп тим болду. Бул анын аргасыз жообу болчу, мындан башка эмне кыла алмак?..

 

xxx

Баян агасына кармалгандан бери сабакка барбай жүргөн. Айыбы ачылып калганына чычалап жеңесине кек сактап жүрдү. Кичинекей балдарын кагып-силкип, үй оокаттарына жардам бербей, эшиктерди катуу жаап, ызасын чыгара албай жүргөндөй. Бир күнү мончону иштетем деп от жагып жаткан Атыргүлдүн жанына барып кеп баштады:

– Жеңе, мончодо кириңди эле эмес, күнөөлөрүңдү да кошо жууп сала турган касиет болсо, ээ?

– Ооба, аябай жышынат белең?- деп мыйыгынан күлдү жеңеси табалагансып.

– Бул үйдө күнөөсү көп бир эле мен эмес чыгармын, бир күйөө деп эки чырактай баланы чыркыратып таштап койгон деле чоң күнөө,- деди кебелбей Баян. Атыргүлдүн үстүнө бирөө бир чака муздак суу куюп жибергендей болду. Чынында сөз жебес, калемпир тилдүү Баянды жеңеси ошол учурда чачынан сүйрөп күйүп жаткан отко салып жибергиси келди. Бирок өзүн карманды:

– Байкең экөөбүздүн эрди-катын деген атыбыз эле болбосо, мышык-чычкандай эле жашап жүргөнүбүздү билесиң. Экөөбүз ээрчишип эл алдында жүргөнүбүз менен, андан эчак көңүл калган. Сен кыз, андан көрө өзүңдү ойло, менин 2 балама башыңды оорутпа. Мектепти бүтө электе атың ааламга, даңкың далайга кетип жатат. Келечегиң кандай болор экен?..

Ушундай диалогдор уланып, Атыргүл менен кайын сиңдисинин тиреши күндөн-күнгө күч алып баратты. Баяндын максаты – жеңесинин бет кабын чечип апасына, агасына анын чыныгы жүзүн көрсөтүү эле. Ал эми Атыргүлдүкү кайын сиңдисинин түнкү жоруктарын, анын соо кыз эмес экенин үйдөгүлөргө далилдөө болчу. Айтор, арадан жылдар өтсө да кайын сиңди менен жеңенин мамилеси жылыбай койду. Баян 10-класста окуп жатат, Илияс агасы бул арада кен казуучу компанияга жумушка орношуп, 15 күн жумушта, 15 күн үйдө эс алып иштечү. Атыргүл үчүнчү жолу кош бойлуу болуп, жакында көз жарам деп турган учур. Ай-күнүнө жетип калган Атыргүлдү кайненеси кепке тартты:

– Балам, аман-эсен көз жарып, баланын кыркы чыккыча төркүнүңдө болуп турсаң кантет? Баян экөөбүздүн тиричилик өтө берер эл катары.

Кайненесинин мындай сунушу келинине анча жага бербеди. Илияс жумушка орношкондон тарта үйгө бардык шартты түзүп алышкан эле, апасыныкына барса колго кир жууйт, сырттан суу ташыйт, жаңы төрөгөн аял үчүн бул жакшы эмес.

– Апамдын да келини төрөбөдүбү жакында эле. Өздөрүнүн түйшүгү жетиштүү. Анын үстүнө азыр мурункудай 40 күн төркүндө жатып алуу деген жок. Үйдө эле болоюнчу, үй жылуу, эртерээк тыңышыма өзүбүздүн үй эле жакшы го,- деп кайненесининин сунушунан сылык баш тартып койду Атыргүл.

xxx

Баян 10-класска көчкөндөн тарта классташы Тилек менен сүйлөшүп баштаган. Тилек кечинде мектептен үйүнө чейин узатып, ага сөз айтып тийишкен жигиттерден такай коруп жүрөт. Баян да мурункудай чаң-тополоң салбаган, созулган кызга айланып баратты. Балким, биринчи сүйүүдүр, ким билсин. Тилек башка жигиттердей гүл, белек бере албаса да, анын колун кармап жетелеше басуу жагымдуу эле. Адаттагыдай экөө мектептен келе жатып терең кыялдарга батышты.

– Баян, сен эмнени кыялданасың?

– Чынын айтайынбы?

– Чынын айтпай анан, калп дагы кыял болобу?

– 3 жылдан кийин өзүмдү кандай элестетем... Чачым жайылган, келбетиме төп келген сонун көйнөк, бутумда шиш така, колумда кичинекей сумка, жүзүмдө макияж. Көчөдө маралдай керилип басып баратам, тык-тык-тык... Жанымдан өткөн жигиттер көзү агып калгыча, ал эми кыздар ичтери күйүп жаман көздөрү менен карап жатышат. Кокустан алдымдан жүдөгөн Атыргүл жеңем чыгып токтоп калды. Ал учурашса жооп бербей, көзүмдүн кыйыгы менен карап койдум. Ошол маалда жаныма акыркы үлгүдөгү унаа келип токтоп, ичинен бир кучак гүл көтөргөн болочоктогу күйөөм чыгып, гүлүн мага сунуп, бетимден өөп машинасына отургузуп айдап кетсе... Чаңда калган жеңем “бул Баянды эр деле албайт” дегенин эстеп, ичи күйгөнүнөн ыйлайт болуш керек эле...

– Кыялдарың укмуш турбайбы, кыялыңда эле жек көрүп, мууздап, өч ала берет экенсиң сен,- деп тамашалады Тилек.

Арадан күндөр өтүп Атыргүл көз жарып, Илияс аны төрөтканадан чыгарып келди. Бүлөгө жаңы мүчө кошулуп баары жаңы төрөлгөн чүрпөнү тегеректеп жанынан чыккысы келбейт. Үй-бүлөдөгү ушундай жылуу маанайды күткөн Атыргүл Баян менен жарашып, ичиндеги бугун чыгарып, кайын сиңдиси менен сырдашкысы келди.

– Билесиңби, анда мен жаш болчумун,- деп сөзүн баштады Атыргүл. Жашоодогу эң чоң катамды сендей курагымда кетиргем. Менин катачылыгым – ишенчээктигим болчу. Ошол ишенчээктигим башыма таш болуп тийди, сүйүү деп көзүм тумандап калган. Көрсө, тиричилик сүйүүдөн гана турбайт экен, кедейчилик эшиктен киргенде сүйүүнүн терезеден чыга качканын көрдүм. Ак боз ат минген ханзаадалар жомоктордо гана жашайт, жашоодо реалдуулук башка тура. Ошол үчүн оку, билим ал, өзүңдү өнүктүр. Билим сени эч качан таштап кетпейт, сага гана иштейт,- деди.

Атыргүл 17 жашында турмушка чыгып, 25 жашында 2 баласы менен ажырашып кеткен. Биринчи жолдошу “башканы сүйүп калдым” деп үй-бүлөсүн таштап кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

– Азыркы акылым ошондо болгондо башкача чечим чыгарып, жашоомду такыр башка нукка бурмакмын. Окуйт болчумун, иштейт элем,- деп баратып токтоп калды.

Жеңеси сырын төгүп жатканда Баян өзүн жаман сезип жаткан. Жүрөгү айланып, идиш жууган раковинага жетпей окшуп жиберди.

– Баян кыз, жакшысыңбы? Тамакка ууланбадыңбы, эмне жедиң эле?

– Жок, жеңе, эртеден бери эч нерсе жей элекмин, өзүм да түшүнбөй жатам...- кайын сиңди менен жеңеси бири-бирин шектүү тиктеп калышты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1142, 24-30-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан