Элдар Замиров, ырчы: «Клибиң жарабай калды дегенде шагым сынган»

Анкета

Аты-жөнү – Элдар Замиров

Туулган жылы – 18ге чыкканына көп болду

Туулган жери – Аксы району, Кош-Дөбө айылы

Хоббиси – ырдоо

Билими – Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды бүтүргөн. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинде 4-курста окуйт

Спортко мамилеси – күрөшкө барчу, кыш келсе кайра бара баштайт

Фобиясы – жылан 

Мүнөзү – эмоционалдуу, жүрөгү жумшак, жашык

Репертуарындагы ырлары – “Бийкеч”, “Сагынып койчу сен деле”, “Жомоктой сулуу”, “Проблема жок”, “Кудалар” жана башка

– Элдар мырза, кеп башында окурмандарга өзүңүздү тааныштыра кетиңиз...

– Аты-жөнүм Элдар Замиров, Аксы районунун Кош-Дөбө айылында туулуп-өскөм. Мен ырчымын (күлүп). Бала кездеги кыялымдын ээсимин десем болот. “Ырдап чыксам, эл тааныса” деп кыялданат элем. Ошол кыялдарымды ишке ашыруу үчүн 9-класстан кийин Бишкекке келип, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдын элдик ырдоо бөлүмүнө тапшырып, вокал жагынан билим алгам. Элдик ырдоо бөлүмүндө окуганым менен, эстрадага жакынмын. Документи бар ырчымын десем болот (күлүп). Ошентип ырдап, клип тартып жүрдүм. Ортодо бир аз тыным да болуп калды. Анткени турмушта баары эле биз ойлогондой боло бербейт экен. Анын үстүнө акча табууга да кызыгып кеттим окшойт. Учурда кайрадан жаңы ырларды жаздырып, клиптерди тарттырып жатам. Башка жумуш кылсам деле жүрөгүм ырда дей берет экен.

– Ырчылыкты баштабай жатып тыныгуу алганыңыз кызык экен, негизги себеп эмне болду?

– Негизи сонун эле баштагам. Ар кандай шарттар болуп калды, сыноолорго кабылып, кээ бир жерде сынып калган учур болду. Адегенде акча таап, чыгармачылыкка жумшайын деп ойлогом. Бирок убакыт өтүп кетет экен. Акчамды камдаган мезгилде ырдап чыгууга кеч болуп калышы мүмкүн.

– Эл алдына ырдап чыгууну эмнеден баштадыңыз?

– 8-9-класста окуп жүргөндө Нурлан Насип аганын ырларын тажабай укчумун. Бир интервьюсунан “Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайды бүтүргөм” дегенин окуп калып, эмне болгон окуу жай деп издештирсем, музыкалык окуу жай экен. Негизи үйдөгүлөр медицина тармагына тапшыр дешчү. “Нурлан Насип ушул жакта окуптур, мен да ошол жакта окушум керек, ырчы болом” деп туруп алдым. 1-курстун аягында окуганга жараша ырчылыкты кошо ала кетейин деп чечтим. Бирок ырды кантип, каякка барып жаздырышты билбейм. Инстаграмдан ар кайсы ырчыларга жазып коём, кээ бири жооп берет, кээ бири жооп бербейт. Айылдан аккордеон ойногонду үйрөнгөн элем. Аккордеон менен ар кандай жакшылыктарда бир айдан ашык иштеп акча топтодум, үйдөгүлөр да акча беришти. Анан Ильяз Абдыразаков ага менен байланышып, ага обон жаздырып, Тимур Салиев агага сөзүн жаздырып, “Бийкеч” деген биринчи ырымды чыгардым. Клип тарттырайын десем, көп акча керек эле. Аккордеон менен ырдап жүрүп, бир айда 54 миң акча чогулттум. Анан Данияр Эрматов аганын номерин таап байланыштым. Ага чейин Данияр байке экөөбүз “Авто караоке” деген долбоордо дуэт ырдаган элек. “Ошол баламын” деп чалсам, дароо эле тааныды. “Клип тарттырайын деп жатам, азыраак акчам бар” десем, Эрнист Сыдыковго байланышып, арзан сүйлөшүп берди. Ошентип клип тартуунун ортосуна жеткенде акчам түгөнүп калды (күлүп). Тартуу иштери токтоду. Эрнист байке “клипти бүтүрүп коёлу, кыш келип калса болбой калат” деп жазып коёт. Кайра акча чогултуп, бир айдан кийин уландысын тарттык.

– Андан аркысы кандай уланды?

– Клипти “Музканалга” алып барып таштап кеттим. Күтүп жүрөм, эфирден берилбейт эч эле. Бир күнү “кайра-кайра эле чала бересиңби? Өткөн жок клибиң, жарабай калды” деп койду. Бул сөз катуу тийди. Анан Ютубдагы бир каналга берип, үмүтүм өчүп айылга баратсам, досум видео жөнөтүп калды. Карасам менин ырым кафеде телевизордон берилип жатыптыр. Сүйүнгөнүмдү айтпаңыз. Айылга барсам, бала хит го (күлүп). Кошуна-колоңдор “сени телевизордон көрдүк” дешет. Аябай башкача, жагымдуу сезим болот экен. Бул нерсе мага мотивация болду. 17 жашта болсом керек ошондо. Интернеттен да жакшы көрүлдү. Чыгармачылык деген ушундай турбайбы дедим ошондо. Эртеси тааныштар, ырчылар да чалышты. Анан сөзү мага, обону Зарлык Камбаралиев байкеге таандык “Сагынып койчу сен деле” деген ырга клип тарттык. Клиптин сценарийи менин жашоомдон алынган.

– “Сагынып койчу сен деле” дегидей кандай окуя болду эле?

– Клипти көрсөңүз, так эле ошондой болгон (күлүп). Ар адамга сүйүү ар кандай убакта келет тура. Студент кезде жактыруу эле болдубу, же сүйүү болдубу, ошол учурда бир кызга сезимдерим ойгонуп, жакшы көргөм.

– Ал сүйүү баяны эмне болду анан?

– Ал бүткөн, баштала электе бүткөн. Экөөбүз эки башка түшүнүктө экенбиз.

– Азыр жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– Азыр жүрөгүм бопбош. Сүйлөшкөн кызым жок. Байкашымча, мага жактыруу сезими келсе башка ишимдин баарын унутуп коёт экенмин. Ошого ишим алдыраак жылгыча мамилени коё турайын дедим.

– Үй-бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз...

– Атамдын аты Замир, апамдын аты Дария. Атам көп жыл оператор болду, азыр айдоочу. Апам соода тармагында иштейт. Беш бир тууганбыз. Үч эжем, эки иним бар. Эжелерим баары турмуш жолунда. Бул жакта иним менен батирде турам.

– Үйүңүздө сизден башка да ырдагандар барбы?

 – Бар. Эр тайын тартат дешет го. Тай жагымды тартсам керек, ыраматылык таятам аккордеон менен ырдачу. Азыр таякелерим да аккордеон, гитара, комуз чертип ырдашат. Апам дагы жакшы ырдайт, музыкалык билими бар. Апамдын таасири да болсо керек. Бала кезде мектепте иш-чараларга активдүү катышчу элем.

– Репертуарыңызда канча ырыңыз бар?

– 7-8 болуп калды окшойт. “Бийкеч”, “Сагынып койчу сен деле”, “Кайда элең?”, “Жомоктой сулуу”, “Сабырым качты”, “Проблема жок”, “Кудалар” деген ырларым бар. Дагы бир кызыктуу окуя айтып берейин сизге. “Проблема жок” деген ырдын казакчасын угуп жактырып калгам. Текстте “Карыздарым канча, парыздарым канча” деген сөздөр бар. Кээде досторума “ушул ырды жаздырып чыгаргандан кийин негедир карыздарым көбөйүп кетти” деп калам.

– Карызыңыз көппү?

– Жок, азыр шүгүр. Карызым жок.

– Өзүңүздү кандай ырчы элестетесиз?

– Ар кандай тармакта ырдагым келет. Элдин табитин табыш кыйын экен бирок. Бара-бара ырымдын тарбиялык мааниси болсо деп калат экенсиң.

– Ырчылар көп. Көп ырчынын арасында көрүнбөй калбаш үчүн эмне кылыш керек деп ойлойсуз?

– Сиз айткандай, атаандаштык күчтүү. Көрүнбөй калбаш үчүн аракет кыла бериш керек, токтобой. “Бул ырым жакшы кабыл алынбай калды” деп сынып калбаш керек экен. Баштадыңбы, аягына чыгыш зарыл.

– Жакшы, чыгармачылык ийгилик болсун! 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1142, 24-30-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан