Таланттуу жубайлар жүздөгөн балдарга комуз үйрөтүп келе жатышат. Чыгармачылык инсандар Азиз Батыров менен Максатай Авазова үйдө кандай ата-эне, жар? “Жумуштун көптүгүнөн урушканга убактыбыз жок” деп күлүшөт каармандар.
– Азиз, Максатай, баш кошконуңуздарга канча жыл болду?
А.: – Баш кошконубузга 7-октябрда 6 жыл болду, курулуш иштери менен жүрүп мааракебизди деле унутуп калыптырбыз.
– Кандай курулуш жүрүп жатат?
А.: – Биринчи жолу өзүбүзгө үй салып жатабыз. Буга чейин кичинекей батирде жашачубуз. Ак эмгек, маңдай тер менен акча чогултуп, үй куруп жатабыз.
– Үйдө балдар кандай чоңоюп жатышат?
М.: – Уулубуз 4кө, кызыбыз 2ге чыгып калды. Буюрса, үчүнчүсүн күтүп жатабыз. Тарбия жагына келсек, атабыз деп дайыма ийменип, сыйлап турушат. Мен көбүрөөк айтып-дейм, а атасынын көз карашынан эле түшүнүшөт. Болушунча чынчыл мамиле кылганга аракет кылам.
А.: – Ачыгын айтканда, балдарымды ойгоо көрбөй деле калдым. Анын үстүнө азыр той мезгили эмеспи. Эртең менен эрте кетип, кеч келем. Бир нерсени билем, балаң сага күйүмдүү болуп чоңоюшу үчүн бооруңа басып кучактап турушуң керек. Ошондуктан бат-бат кучактап, боорума кысып турам.
– Ортоңуздарда сыр барбы?
А.: – Сырттагы, эркектер арасындагы сыр бойдон калыш керек болгон нерселерди айтпайм. Калганын баарын айтам, ортобузда жүз пайыз ишеним бар. Билбейм, Максатайдын эле менден сыры болбосо.
М.: – Менде деле сыр жок, бир нерсени жасаарда, айтарда биринчи Азизден сурайм. Көп акыл-насаатын айтат. Анын акылы мен үчүн дайыма туура чечим.
– Үй-бүлөдө кризистик мезгилдер болот дешет. Мындай кырдаалдан кантип чыгасыздар?
А.: – Кудайга шүгүр, биз баш кошконго чейин 7 жыл чогуу жүрдүк, ошого бири-бирибиздин мүнөзүбүздү жакшы билип калдык. Бирге жашаган 6 жыл ичинде кайнатам, кайненем же апам биздин турмушка кийлигишип же бул үйүнө кетип калган учур, чоң уруш, кыйкырык болгон жок, Кудай сактасын, болбой эле койсун. Бизде урушканга убакыт жок, чарчап калабыз. Көп балага сабак беребиз да, мен тойдо ырдайм, концерттерге кетем. Конокторго көп барабыз. Айтор, жаздыктан эле жолугабыз (күлүп).
М.: – Сүйлөшкөнгө убакыт таппай калабыз. Экөөбүз тең чыгармачыл адам болгондуктан жашоонун артынан эле кууп баратабыз. Тынч алып үйдө отура элекпиз.
А.: – Материалдык кризисти айтсак, кыргыз элимден айланайын. Өнөрлүү өлбөйт дейт кыргызда. Кудай мага өнөр бериптир, комузумду колума алып кайсы кыргыздын үйүнө кирбейин, курсагым тоёт. Берекелүү Кыргызстанда ачка калбайбыз. Жан дүйнө кризисине деле убакыт жок. Мен мурда кыз-жигит болуп жүргөн кезибизде көп обон жаратчу экенмин, сүйүү жөнүндө, күйгөн, арман темасында. Баш кошкондон бери 5 жылда араң 2-3 обон чыгардым. Максатайга “башка кызды сүйүп калат окшойм, антпесе обондор чыкпай жатат” деп тамашалап калам (күлүп). Ошон үчүн өнөр адамдары бат-баттан сүйүп туруш керек окшойт.
– Чын эле бирөөнү сүйүп калдым деп келсе эмне кыласыз?
М.: – Эми эл үчүн чыгарма жаратыш керек да. Аны менен биротоло кетип калбайт, убакыт өткөрүп келсин, үй-бүлөбүзгө оокат кирсин дейм (күлүп). Түшүнөм.
– Балалуу болгонго чейин жана андан кийинки жашоодо айырмачылык болдубу?
М.: – Мен мурда бул нерсе таасирин тийгизет деп ойлочу эмесмин. Кыз бала кичинесинен эле назик болот экен. А уул бала кичинесинен эле шок болот тура. Биз да ошого жараша өзгөрөт экенбиз.
А.: – Көп балалуу болгум келет. Биздин планыбыз - кеминде 7 бала, Кудай андан көп берсе да боло берет. Балдар менен бака-шака болуп, картайганда экөөбүз ээрчишип алып бир жума тиги балабыздыкында, бир жума бул балабыздыкында жүрсөк сонун да.
– Максатай, Азиз мырзанын кайсы обону жагат?
М.: – “Көңүлүм көксөп турат” деген обону жагат, жүрөгүмө жакын. Студент кезде ушул обону популярдуу болгон, көп укчубуз, “ушуну кандай бала ырдайт болду экен?” деп кызыкчумун.
– Түгөйүңүздүн жаккан сапаты?
А.: – Сабырдуулугу. Табиятынан сабырдуу, назик аялзатын жактырам. Назиктиги, арыктыгы менин табитиме дал келет.
М.: – Мага камкордугу. Баарын ойлонуштуруп жүрөт. Аябай күйүмдүү, баарын үй-бүлөгө ташыйт, боорукер, иштерман, аракетчил.
– Жакпаган сапаты?
М.: – Бат жини келет. Бирок кайра эле сүйлөшүп кете беребиз.
А.: – Оңолуп келе жатат дебейинби (күлүп). Бир аз кечирээк кыймылдайт, бир нерсе дайындасаң эсинен чыгарып коёт.
– Үй-бүлөдө гармония болуш үчүн эмне керек деп ойлойсуздар?
А.: – Ар бир адам өз ордун билиши керек. Аял киши өзүнүн аялдык милдетин аткарса, эркек менен тең тайлаша салпактап чуркай бербей, анан чымындан да кызгана бербей, түшүнүп, колдой билиши керек жолдошун. Эми мен деле өнөр адамымын, тиякка-биякка барганда алдымдан кыздар жолугат. Абийир алдында ак болуп жүргөндүгүм үчүн башты бийик көтөрүп үйгө келем.
– Жубайыңызга көп тыюу кыласызбы?
А.: – Мен бул нерселерди тыюу деп деле эсептебейм. Эми, аялга таандык эмес нерселерде гана.
– Аялга таандык эмес нерселер кайсылар?
А.: – Мисалы, сурабай эле базарлап каалаган жакка кете беришет го. “Тиги чакырды, бул чакырды эле” деп тентий бергендер жакпайт. Негизи тыйбайм деле. Курбуларына жолугуп турат.
– Бири-бириңиздерди эмне деп эркелетесиздер?
А.: – Маку дейм. Максатай жаным, жан деп сүйлөйт. Эми бул бөлмөбүздүн ичинен эле, сыртка чыгарбайбыз.
М.: – Экөөбүз эле билебиз.
А.: – Салт-санааны сактаганга аракет кылабыз. Кийинип жүргөнүбүзгө чейин байкасаңыздар, Максатайдын кийимдерине деле аралашпайм, болгону мага жаккандай апакай, аял катары көйнөк кийип жүрүшүн каалайм. Шым кийип алып жүрүшүн каалабайм. Менин стилиме жакыныраак кийинсе дейм. Мен өзүмдү айтайын, сахнага улуттук чапаны жок чыксам кыжалат болом. Байкаганым, мен классика кийинип барсам эч ким карагысы келбейт экен. Улуттук чапан, калпак менен барсам элдин баары карап, жакшы кабыл алышат. Улуттук кийимим менен Азиз экенмин.
– Бактылуу болуңуздар!
ТЕСТ-СУРООЛОР
Максатайдан Азиз тууралуу
– Эң биринчи комузду кантип үйрөнгөн?
М.: – Жыгачты, шыпыргыны окшотуп чертип.
А.: – Комузум жок болчу, шыпыргыларды комуз кылып черте берчүмүн. Кошунабыз Уулкан Стамкулова эжекеге бирөөнүн сынык комузун алып барып үйрөнгөм.
– Бала кезиндеги көкүрөгүндөгү өксүгү?
М.: – Билбейм.
А.: – Бала кезде атамды күтөр элем. Мени мектептен алып кетсе дечүмүн.
– Кичинесинде эмнеден же кимден коркчу эле?
М.: – Апамдын урушканынан.
А.: – Мас кишилерден. Мас келе жатат десе жүрөгүм түшүп, жерге жатып калчумун.
– Өмүрүндө жасап көрө элек иши?
М.: – Көп эле нерсени го. Негизи көп нерсеге шыгы бар, тамак жасайт. Парашюттан секире элек.
А.: – Талаа иштери. Мен аябай ак кол болуп өскөм. Ушуга кээде өкүнүп кетем. Айылдык жигит болгум келет. Жалаң кыздардын арасында чоңойгом да, ат мингенди билбейм дегенден уялып, атайын бир айга жайлоого барып, ат мингенди үйрөнүп келгем.
– Эң чоң кыялы азыркы?
М.: – Жакшы ийгиликтерге жетүү.
А.: – Тарыхка татыктуу иштерди жасап кетүү. Эптеп-септеп ырчы болгум келбейт. Атымды жакшы тамгалар менен жазып калтырууга далалат кылам.
Азизден Максатай тууралуу
– Таасир алган чыгармасы?
А.: – Япон китептерин окуйт үй-бүлө жөнүндөгү.
М.: – Нуржигит Кадырбековдун китептери.
– Кичинесинде эмнеден коркчу эле?
А.: – Ит, мышыктан.
М.: – Бийиктиктен.
– Бала кездеги кыялы?
А.: – Мендей жигитке турмушка чыгуу.
М.: – Комузчу болуу болчу.
– Жактырган комуз күүсү?
А.: – “Таң булбулу”, “Карөзгөй” деген күүлөрдү ойноп калат.
М.: – “Сынган бугу” сыяктуу кара күүлөрдү.
– Эң биринчи кайсы күүнү же ырды үйрөнгөн?
А.: – Сурабаптырмын. Балким, “Кербезимди” үйрөнсө керек.
М.: – “Жаштар маршын” үйрөнгөм музыкалык мектепте.
Гулийпа Маметосмон кызы