Айнура Абдыкадырова, 57 жашта: “Жолдошум жок дегенде өзү отуруп калса дейм”

Мындан бир жыл мурун жол кырсыгына кабылган мекендешибиз Дүйшөнбек Туматаев учурда кыйын абалда күн кечирүүдө. Ден соолугун калыбына келтирүү үчүн мал-мүлкүн сатып бүтүшкөнүн, операция жасатуу үчүн да ири суммада каражат керек болуп жатканын айтат жубайы. 

“Балдардын чайын ичер кезде кырсыктап калды”

– Менин атым Айнура Абдыкадырова, 57 жаштамын. Жолдошум Дүйшөнбек Туматаев, 64 жашта. Биз Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунан болобуз. Жолдошум Маяк айылында кесиптик-техникалык окуу жайда механизаторлукту окуп бүтүргөн. 1981-жылы аскерге кетип, кайтып келгенден кийин айылда механизатор болуп көп жыл иштеди. Алдынкы механизатор, алдынкы комбайнер аталып, облустук кеңешке депутат да болгон ошол кездерде. Ал тармакта 1994-жылга чейин жүрдү. Советтер союзу тарагандан кийин дыйкан чарба болуп калдык. 2010-11-жылдары мектепке “дворник” жана кароолчу болуп 2 жумушка орношуп, ал жерде 13 жыл иштеди. 2021-жылы 43 жылдык эмгек стажы менен жакшынакай пенсияга чыккан, жай турмушта эл катары жашачубуз. Кырсык айттырбай келет экен. Жолдошум минтип куда-сөөк күтүп, балдардын чайын ичер кезде кырсыктап моюн омурткасы, арка-бели сынып жатып калды. Бир жыл мурун шериктери менен машинеде баратып, авария болушкан. Жанындагы кишилер жакшы, жолдошум катуу жаракат алыптыр. Жүлүнү, 7-омурткасы катуу жабыркаптыр. Адегенде райондук ооруканада 2 күн жаттык, анан санавиация келип Бишкектеги республикалык ооруканага алып барганыбыз дем алыш күндөрүнө туш келип калды. Ошентип дүйшөмбүнү күтүп, ал күнү профессор келип, 2-күнкүгө операция белгилешти. Ушинтип операция жасалгыча 6 күн өтүп кетти. 

“Операция 4 саатка созулду”

– 7-моюн омурткасынан башка дагы 3 моюн омурткасы жабыркаптыр. Андан ылдый карай бел омурткаларынан “самолёт кыр арка” дейт экен, ошонун эки тарабындагы канатчалардын баары жабыркаптыр. Негизи врач 2 этап менен операция жасалат деген, бирок моюнуна эле жасады. Белине жасаганга мүмкүн эмес экен, болбойт деди. Операция 4 саатка созулду. “Сынган, жарака кеткен жерлери өзү бүтөт, эми ошол боюнча калат, белге күч бербейт” дешти дарыгерлер. Ошентип операция жасатып, бир ай дарыланып чыктык. Дарыгерлер дароо эле реабилитациялык борборго баргыла дешип, кымбат реабилитацияларга жаттык. Бирок реабилитацияларга барганда болгону анализдерин алганы менен, эч кандай реабилитация жасай алышкан жок, анткени бул кишинин абалы оор болчу. Сакайтуучу дене тарбия, тамчылатма дары куюп, массаж жасап жатышты. Үйгө чыгып келгенден кийин бели оюлуп баштады. Белин түз жаткырып 2-3 ай күтөсүңөр дешкен. Ошону менен кышында үч ай үйдө карадым. Февралдан баштап жеке клиника менен сүйлөшүп, ал жакта дарыландык. 

“Саны да ичинен сынганын билбей жүрө бериптирбиз”

– Үйдө болгон мал-келибизди, машинебизди саттык, каражаттарыбызды кетирдик. Анан 7-кичи райондо Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын алдында борбор бар экен. Ал жактан Айбек Асанов деген дарыгер бизге жакшы жардам берди. Ал жерде Түркиядан алып келинген аппараттар бар. Жүлүндөн жабыркаганда нерв клеткалары функциясын аткарбай калып, ошону кайра калыбына келтириш үчүн колдонулат экен. Ошолорду коюп берди. Ал жерден рентгенге салып, ички сол жак буту чаттан сынганын аныкташты. Ал убакка чейин саны ичинен сынганын билбептирбиз. Андан мурун жалаң магнит менен дарыланган. Ошол аппараттар оор тийип, ал эмес, жанында жаткан мен да кошо оорудум. Ошого “операцияга бербейбиз” деп чыгып кеткен элек. Бирок ушул тапта кайра операцияга бериш керек болуп жатат. Жамбашын операция кылса басып кетет деп үмүттөнүп жатабыз. Түркияга да чакырышты, Анталия шаарындагы бир клиника өздөрү аэропорттон тосуп алышып, 28 күн карашат экен. Биздикиндей эле 6-7-омурткадан жаракат алгандарды кандай операция жасаганын видеолордон көрүп жатабыз. Бирок ал жакка 15 миң доллар керек дешти. Новосибирск шаарына биздей жүлүндөн жабыркаган бала кетти, ал бала да бутунан баса албай калыптыр. Новосибирскиде заара-заңды ордуна келтире турган, нервдерди калыбына келтиргенге жардам берген күчтүү врачтар бар экен. Баягы эле каражаттын айынан ал жакка дагы бара албай жатабыз. Индиядан келген нейрохирургдарга июль айында көрүндүк эле, алар бир айдан кийин Индиядан дары жиберишти. Ал дарыларды да бердим. Биздин доктурлар жамбашына операция жасаганга макул болушту, бирок ага да каражатыбыз жетпей жатат. 

“Заараны да, заңды да сезбейт”

– Жолдошум экөөбүздүн 6 уулубуз бар. Төртөө үйлөнгөн, балдар алмак-салмак келип каралашып турушат. Үчөө айылда, үчөө Бишкекте, бир уулум батирди ижарага алып жашайт, бир жыл алар менен чогуу турдук. Анан батирдин ээси “үйдү бошотуп бергиле” дегенде бир ай мурун берки баламдын 2 бөлмөлүү времянкасына көчүп келдик. Ушул убакка чейин балдарым эптеп тырмышып тапканын чаптап, багып келе жатабыз. Айылдаштарыбыз да жардам беришти. Тамак-аш, дары-дармек, ооруканага ташып, табарсыгындагы эпистоманы бир айда эки жолу алмаштырууга туура келет. Ошонун баарын балдар өздөрү жасашат, анткени жүлүн катуу жабыркагандыктан, заараны да, заңды да сезбейт. Заара эпистома аркылуу чыгат, памперс кийгизебиз. Отура албагандыктан атайын жаткырган шайманга жаткызып, анан ташыйбыз. Бир ай мурун көп функционалдуу керебет сатып алдык. Аны да араң таап, Жалал-Абаддан алдырдык. Ошол керебетти алганы мага жеңилдик болуп калды. Балдар, келиним жумушка кетишет. Балдар келгиче көнүгүү жасатам, массаж жасайм. Оюлган жерлерин тазалайм, улам бир жерин тазаласам, экинчи жери оюлат. Ага сыйпаган маздардын жакшысы да миң сомдон болот экен. Ушинтип жакшы болуп кетиши үчүн жан далбастап аракет кылып жатабыз. Бир жылдын ичинде 7-8 жолу ооруканага жатып чыктык. Бизди мамлекеттик ооруканалар албайт, реабилитациялык борборлорго жатууга туура келет. Акыркы жолу бели чыдатпай барганыбызда “бизден бул кишиге эч кандай жардам болбойт, экинчи келбегиле” дешкен. Воронцовкага да жатыпчыктык. Сабырбек Жумабековго да көрүндүк. Жок дегенде өзү отуруп, коляска менен болсо да туруп калса жакшы эле. Пенсиясы 6 миң сом. Ай сайын жүлүндү калыбына келтирген тамчылатма укол алып турат. Анысы 5-6 миң сом. Андан сырткары памперс, дары-дармеги, ошолор менен эле көп акча болуп кетет. Сол буту спастика болуп, колдору, буттары, белдери түнү менен какшап ооруп чыгат. Бир жак колу да кыймылдабай калды, эч нерсеге алы келбейт. Жакшынакай жүрүп эле, ушундай акыбалга түшүп калганы жүрөгүмдү оорутат. Жолдошумду айыктырууга кайрымдуу эли-журтумдан жардам сурап кайрылууга аргасызбыз.

 

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Мбанк, О Деньги:
996 702 482 952 (Айнур А.)

 

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1142, 24-30-октябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан