ООГАНДЫН СЫР КАТКАН ЖАШЫЛ БАДАЛДАРЫ

Тарых барактарынан

15-февраль күнү Ооган согушунун бүткөнүнө 22 жыл толду. Ушунча убакыт өтсө да согуштун дарты айыкпай келет. Ардагерлер баштан өткөн оор күндөрдү эскерсе, уулдарынан айрылган энелер азыркыга чейин балдарын күтүшөт. Курман болгондорго тирүүлөрдүн атынан таазим кылып, ардагерлердин көзү менен ооган согушуна кайрылдык.

ТЫНЫБЕК КАДЫРОВ,
Ооган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасынын
биринчи орун басары:
«ГЕРМАНИЯГА ДЕП АЛДАШЫП...»
– Эми чындыгын айтайын. Орусиянын Новосибирск шаарында окуп жаткан кезимде Ооган согушуна аттангам. Бизге келип бойлуу, салмактуу балдарды тандап алып: “Силер Германияда аба-десанттык бөлүктө кызмат кыласыңар”,- дешти. Медициналык кароодон өткөрүп, бекетке алып келишти. Кийин Новосибирск-Ташкент багытындагы поездге отургузуп коюшту. “Германия башка тарапта эле го...” деп ойлоп коюп, унчукпай кете бердик. Ташкенттен соң Ашхабад шаарына жөнөтүштү. Шаарга жетпей тоолор тарапка алып барып, ээн талаага түшүрүштү. Эч ким жок. Жердин астынан эле аскерлер чыга калат. Таң калабыз, “булар кайдан чыгып жатат?” деп. Көрсө, ошол аймактарда жердин астында жашыруун аскердик имараттар бар тура. Ашхабадда 6 ай даярдыктан өтүп, андан соң Ооганстандын Кабул шаарына келдик. Жанагы “9-рота” фильминдегидей эле. Түшкөндө эле үйлөрүнө кетип жаткан дембелдер “жакшысы, асынып алгыла, тирүү кетпейсиңер” деп жүрөктү түшүрүштү. Кээ бир ардагерлер айтышат, “мен согушка өз ыктыярым менен баргам” деп. Ким эле барсын, от күйгөн жерге?! Баарыбызды эле ушинтип алып кеткен.

“БАГЫНБАГАН ЖАШЫЛ БАДАЛДАР”
– Ошентип, биздин Төө-Ашуудай болгон Саланг ашуусунун этегиндеги Жабал-Уссараж деген жерде кызмат өтөп калдым. Көпчүлүк билген “Катюша” снаряд атуучу бөлүгүндө командир болдум. Биз турган жерден ылдый көздөй аягы көрүнбөгөн жашыл бадалдар жайылып жатчу. “Зелёнка” деп аталчу. Ошонун ичи душмандардын сырдуу дүйнөсү болчу. Ичинде жердин түбү менен жүрүүчү жолдору, үйлөрү жайгашкан. Ошол бадалдардын ичинен душмандар кол салышчу. Совет аскерлери 10 жыл ичинде канча бомбалашты, аскердик операция жүргүзүштү, баары бир басып ала алышпады. Ичине эч ким батынып кире албады. “Зелёнканын” ичи ошол бойдон сыр болуп, багынбай кала берди. Белгилүү Чариказ, Кандагар “зелёнкалары” бар эле.

“ДЕМОКРАТ ООГАН ЭЛИ”
– Биз Ооганстанда тынбай эле согушуп жатып алган жокпуз. Совет аскерлери 10 жыл бою ооган эли менен кадимкидей жашады. Климаты оор, аскерлердин 90 пайызы сарык, малярия, дифтерия менен ооруган. Азыркы кезге чейин ошол илдеттердин азабын тартып келебиз.
Ооган элинин өзү жөнүндө айтсам, өмүр бою эле согушуп жүргөн эл экен да. Күндүзү жөнөкөй эле адам, кечкисин душман. Өтө согушчан калк. 80-жылдары эле аларда демократия болуптур деп ойлоп кетем. Анткени аларда баары жеке менчик болчу. Мамлекеттики деген түшүнүк жок. Бизге жакында эле келген базарлардагы контейнерлер Ооганстанда ошол кезде эле бар эле. Дүкөн деп аталган контейнерлердин ичине кирсең баары бар. Япониялык телевизорлордон тарта “Адидас” кроссовкаларына чейин табасың. СССРде эки эле түрдүү арак болсо, ал жерде түрү турат. Жадакалса бизде моюнга тагуучу чынжырча, тырмак алгычтар да жок эле. Ал жактан ошол майда нерселерди салып жиберсек, “ай-ий, силер кайсы жакта жүрөсүңөр?” деп таң калышчу, бул жактагылар.

“БИЗ ӨЛКӨ ҮЧҮН СОГУШКАНБЫЗ!”
– Көптөрү айтышат, “максаты жок согуш болгон, жөнү жок өмүрлөр кыйылган” деп. Мен айтар элем, биз өлкөбүздүн түштүк чегин коргоп согушканбыз. Бир аз болгондо эле Ооганстанга америкалыктар келип, ракеталарын биз тарапты карай орнотушмак. Террорчулар биздин тоолорду аралай эчак эле кирип келишмек. Азыр жайылып жаткан баңгизат ошол кезде эле тарап кетмек эле. Биз Ооганстанга туура барып, СССРдин түштүк аймагы болгон Орто Азияны коргогонбуз. Ар бир курман болгон жоокер өз өмүрүн өлкө үчүн берген!

КАЗЫБЕК ШЕЙШЕНАЛИЕВ,
Ооган согушунун ардагери:
“ӨЛҮМ ӨРӨӨНҮ”
– Мен 1984-1987-жылдары Пули-Хумри деген жерде кызмат өтөдүм. Бул жерде мурда англиялыктардын базасы болуптур. Качан болгону белгисиз. Алардын көпчүлүгү ич келте, сарык менен ооруп, кырылышкан экен. Ушундан улам Пули-Хумри “өлүм өрөөнү” деген атка конуптур. Англиялыктар да оогандарды багынта алышкан эмес. КамАЗ машиналары менен Ооганстан боюнча аскер бөлүктөргө бензин, авиакеросин жеткирүү биздин милдет болчу. Бир нече машина тизилип алып, кайда жеткир десе ошол тарапты көздөй жеткирип берчүбүз. Эң кооптуу биздин кызмат эле десем болот. Анткени бир ок тийсе, баары өрттөнөт. Ар бир сапарга өлүмгө аттангандай даярданып чыкчубуз. Душмандар каалаган жеринен чыга калып кол сала беришчү.

САЛАНГДЫН МҮРӨК СУУСУ
– Ооганстанда таза суу табуу кыйын. Бирок биздин бактыбызга ооган жериндеги эң бийик ашуу Саланг аркылуу өтөт элек. Түндүк-түштүктү байланыштырган биздин Төө-Ашуудай. 10 чакырымга созулган тоннели да бар болчу. Англиялыктар курган деген маалыматтар бар. Ашуудан өтүп баратып, чоң темир идишке мөңгүнүн суусун толтуруп алчубуз. Аны аскер бөлүккө алып барып, жанында ар дайым автомат менен аскер турчу. Башка бөлүктөгүлөргө бергенге уруксат жок эле. Суу өмүрдөн кымбат болчу. Ал эми бензин, керосинди каалашыбызча колдонгонбуз. Керек болсо душмандарга саткандар да болгон.

“ПОПОВДУ ЭСКЕРИП...”
– Бир жүрүштө баратсак, биз тарапка душмандар кол салышты. Кайрылыш жерге келгенде алды жактан ок атышкан экен, Попов деген айдоочунун бешенесине келип тийиптир. Анда да маңдайында илинип турган сүйгөн кызынын сүрөтүн тешип келип ок жаңылган. Кийин ал жерге Поповго эстелик тургуздук. Бир жолу ал жерден өтүп баратып, эстелигине токтоону чечтик. Командирди алдыга узатып жиберип, ондой машина токтоп “Попов, бизди тааныдыңбы? Бизди эстедиңби?” деп кыйкырып, автоматтын огу түгөнгүчө асманга атканбыз.
Бөлүккө келсек, командир “мени кошуп алсаңар болбойт беле?” деп таарынган. А биз болсо ал каршы болот деп коркконбуз.

“Я ВСЁ ЗНАЮ!” ДЕГЕМ”
– Дагы бир сапарда баратсак, душман кол салды. Октор ары-бери учуп жатты. Менин машинамдын ылдамдык алмаштыруучу коробкасы бузулуп калды. Башыма касканы кийип, автоматымды кучактап алып коробканы эптей албай жатам. Ал жерден тирүү чыгам деген үмүт жок эле. Бир маалда капталыма БМП танкы келип токтоп, бир орус полковник жаныма келип “алтыным, кымбатым, сен машинанын бир нерсесин түшүнөсүңбү? Оңдой аласыңбы?” деп сурады. Мен болсо “я всё знаю!” деп жооп бердим. Мени тоолук бала, эч нерсени түшүнбөйт деп ойлогон окшойт. Чукулап жатып оңдодум да, ок атылып жаткан жерден чыгып кеттим. Кечинде полковник келип “азамат!” деп колумду кысып, машинама жаңы коробка салдырып берген.

“КЫРГЫЗДАР БАРБЫ?”
– 1987-жылдын 16-январь күнү душмандар менен “ок атпай турабыз” деген элдешүү болгон эле. Биз кырктан ашык КамАЗ авиакеросин жүктөп алып Жабал-Уссаражга келгенбиз. Кеч кирип, Таалай деген досум экөөбүз машинада үргүлөп жатканбыз. Ок атылбайт деп беймарал жаткан маалда снаряддын жарылганы угулду. «Таалай, ок атылып жатат, тур, сыртка чыгалы!» деп тургуча эле жаныбызда снаряд жарылды. Үстүбүздө кийим жок эле, эч нерсени колубузга албай качып жөнөдүк. Туруп чуркаганга болбойт. Баары эле өрттөнүп, жарылып жатат. Элестетип көрсөңүздөр, кырктай машинада биригип 400 тонна керосин бар болчу. Жалын асманга көтөрүлүп чыкты. “Зелёнка” жактан ок жаап жатат. Кышкы суукта 300 метрдей жерге жылаңач жөрмөлөп бардык. Айлана тозокко айланды. Аңгыча “кыргыздар барбы?” деген үн угулду. Карасак, Тыныбек экен. Ал бизди аскер бөлүгүнө алып келип, кийим берип 3 күн баккан.
Ушул учурда Тыныбек байке сөзгө кошулду: «Зелёнка» жак жалын менен түтүндөн көрүнбөйт. Катюша менен ошол жалын аркылуу эле жашыл бадалдар жактагы душмандарга ок жаадырдым. Ошол күнү «зелёнканы» 300 снаряд менен бомбалап, «Ата Мекен алдындагы кызматы үчүн» деген медаль алгам. Дагы жакшы, аскерлер уктай электе, кечки саат тогуздарда кол салышты. Эгер аскерлер уктап калганда, баары кырылып калышмак. Ал күнү 7 аскер курман болгон. Кантсе да ар бирибиз мекен алдында өз милдетибизди аткарып, аман кайтып келдик».

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aminali
2011-02-20 02:56:35
Soguw degen atti jaman korom.
0
Jashoo
2011-02-25 10:51:19
Азаматсынар байкелер ! Интернационалдык милдетти аткардынар ! Аман болгула, жаштарды патриоттуулукка тарбиялаганга оз салымынарды кошуп журо бергиле!
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан