Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Көп жылдар болду, Самат мынчалык ыклас менен “уулум” деп айтпаган экен. Ата-бала эчен жылдардан бери бетме-бет отуруп чын дилден сүйлөшкөнү ушу. Экөө тең бул күтүүсүздөн жаралган эмоцияга кандай реакция кыларын билбей турду. Али өзүн араң карманды, бир аз бошошкондо көздөрүнөн жаш агып кетмек. Ошол замат көз алдына апасынын табытта жаткан элеси келе түштү да, чыйралды. Башын чулгуй берди.

– Жок, ата, азыр эмес. Биз ата-бала болуп кучакташканга али эрте...

Самат жеңилдене дем алды. “Ата” деди көп жылдардан бери уулу. Ушуга да шүгүр. Баары акырындап өз ордуна келерине ишенип турду. Толкунданганын жашыра албай бир саам турду да, салмактуу үн катты.

– Көп жылдар мурун Эмир деген бир адам бар эле. “Каралар” дүйнөсүнө Лимон деген лакап аты менен таанылган. Өз аты менен аны эч ким деле билбесе керек. Топтогон балдары бар, бир аймакты толук карачу. Бирок мындан көп жыл мурун жол кырсыгынан каза болгон. Чын эле кокустукпу же атайын бирөө кылдыбы, белгисиз боюнча калган.

– Анан?

– Анан ошо, бул машинанын номери сени ошол Лимон деген адам тарапка алып барат көрүнөт.

Али таң кала түштү. Эч качан уккан эмес бул ысымды, журналисттик ишинде кулагы чалбаптыр бул адамды.

– Балким, сен таанып жүрбө...

– Жок,- деди Али ойлуу. – Таанысам эсимде калмак. Мындай адам менен эч кандай каршылашкан эмесмин.

– Мен азырынча өзүмдүн байланыштарым аркылуу жиптин учун чыгарганга аракет кылып көрөм. А сен Лимон деген адам жашооңдо кайсы бир учурларда түз кезиккенби же бирөөлөр аркылуу байланышы болгонбу, изилдеп байкап көр.

Самат уулун коргой турган бир ыкма тапканча картаны ачпай турууну чечти. Кызуу кандуу неме дагы бир иштерге кабылбасын деди окшойт. Али канчалык көптү күтүп сураса да атасы ушундай гана маалымат берди. Али кетүүгө камына баштады.

– Кечки тамакка калып кетпейсиңби?

– Жок, башка жолу калайын. Мени күтүп жаткан бир адам бар.

– Өзүң бил.

Самат кырс унчукту. Кайрадан экөөнүн ортосундагы дубал тура калганын экөө тең ички туюму менен сезишти. Али Акай унаасын көздөй бет алды. Эң биринчи эле оюна келген адам фотограф болду. Аны кайрадан табуу керек!

ххх

Кимгедир жаштыгын эстөө ырахат болсо, кимгедир андай эскерүүлөр тозок болушу мүмкүн. Адам өтмүшүнүн эшигин жапкан менен, андан узак кете албайт эмеспи. Кылган ишиң жаман болобу, жакшы болобу, сени ээрчип алат. Кээде так эле көргө чейин ээрчийт. Азим өткөн жашоосун унутканга ушунчалык аракет кылчу. Ал азыркы жашоосунда абдан бактылуу адам эле, өтмүшү ага жаман бир түштөй сезилчү. Кайсы бир түндөрдө ошол убактары түшкө кирсе кадимкидей бир күн бою жаман болуп жүрчү.

Азим уйкудан ойгонуп, жубайы Элес ашканада таңкы тамактын камында экенин көрүп жылмайып алды. Кызынын бөлмөсүнө кирип, уйкуда жаткан аны тиктеп турду. Бул кызы андагы бардык азаптары үчүн келген бакыт эле. Кайсы бир убакта жанына даап бара албаган Элес анын мыйзамдуу аялы болору, андан ушундай таттуу наристелүү болору үч уктаса да түшүнө кирбесе керек эле. Бирок Кудай ага жардам берди. Кыялында эңсеп жүргөн аялдын күйөөсү болду. Кызына ичи элжиреп, мурдунан өөп койду. Наристе уйкусурап атасынын моюнуна колун арта берди.

– Атооу...

– Оу, кызым менин!

– Бир нерсе айтайынбы?

– Айтагой, жарыгым...

– Бүгүн паркка баралыбы?

– Ой, кечээ эле барбадыкпы?

– Ата-аа!

– Макул, жумуштарым бүтсө баралы. А сен апаң менен барсаң болбойбу?

– Апам мага “жоголуп кетесиң” дей берет. Сени менен барган жакшы. Сен антпейсиң да, ата.

– Антпейм, кызым...

Атасы менен кызы эркелешип, кызын тургузуп алып ашканага баш бакты. Элес жасаган тамактардын жыты буркурап, табитти ачып турду. “Кудай, мындан артык бакыттын мага кереги жок. Ушул бакытымды бөксөртө көрбө” деп тиленип столго отурду Азим. Элес ага жылмайып койду. Бул аялдын жылмайганында эле эмес, көздөрүндө, жүзүндө бир магнити бар. Элес жолунда ким жолукпасын, тагдырына ким кезикпесин, ага бир жолу байланып, ээрчип кеткенге даяр кыла турган аял. Мындайдарды орустар “роковая женщина” деп коюшат эмеспи. Эркектерди акыл-эстен тандыра турган бир күчү бар.

Азимдин телефонуна ушул учурда чалуу келди. Номерин көргөндө эле үрөйү уча түштү. Бул адам жөн жерден чалбайт эле. Канча жылдан бери телефон чала элек болчу.

– Ким экен?- деди Элес анын маанайы өзгөрүлүп кеткенинен улам.

– Жумуштан.

Купкуу болуп кеткен Азим ордунан тура башка бөлмөгө бет алды.

– Сүйлө.

– Сени казып жатышат.

– Эмнеге?

– Билбейм, жогору жактан буйрук келди. Сенин “досьеңди” толугу менен казышууда.

– Кимдер экен?

– Көп жыл иштеген күчтүү опер дешти. ИИМдин жетекчилигине чейин көтөрүлгөн адам экен. Кимдин куйругун бастың эле?

– Эч кимдин. Мен билгенден...

– Демек, билбеген нерселериң да бар, Азим мырза. Сага эскертип коёюн дедим. Мурунку “достугубуздун” кадырына.

– Мага мындан башка эч нерсе билип бере албайсыңбы?

– Аракет кылам. Баса, Лимонду да казып жатышат.

Азимдин оозунан сөзү түшүп калды. Лимон каза болгондо эң биринчи шектүү катары Азимди суракка чакырышкан. Бирок эч бир илинчек таба албай коюшкан үчүн коё беришкен. 10 жыл мурун каза болгон Лимондун азыр кимге кереги бар болду экен?

– Рахмат эскерткениң үчүн.

Тамагы кургап, жүрөгү бат-бат согуп баштады. Дагы алдыда эмне күтүп турат болду экен? Бул ойдон ал өзү да коркуп кетти.

ххх

Али Акай – белгилүү журналист. Анын калеминин курчтугу, принциптери элге жакчу. Тагдыры, балдарын жоготуп көптөн бери издеп жүргөнү калың элге маалым эле. Кийин балдарына байланыштуу блог алып бара баштаган. Окуя эч кимди кайдыгер калтырбай, баракчасында миллиондой катталуучусу бар. Аны билбеген адам аз эле. Билгендер жакшы көрчү, ичи тарлардын ага жаны кашайчу, күчтүүлөр таң берчү. А бирок бул адамдын ички дүйнөсүн билген адамдар саналуу гана эле. Алардын бири досу болчу. Мына ошол досу менен келди бүгүн кофейняга. Анткени баягы фотограф менен кайра жолукмак. Күйөрмандары ушул жактан да алдын тосо чыгып, кол тамга сурап жатышты. Фотограф Хасан келип столго отурушун күтүп жаткан.

– Сен аябай белгилүү адам турбайсыңбы?..

– Андай деле эмес.

– Кой, эми анчалык жөнөкөйлөнбө.

– Хасан, кел, экөөбүз эркекче сүйлөшөлү. Ошол сен сүрөт тарткан күндү кайра башынан бир эстеп көрчү. Сен айта турган нерсе абдан маанилүү.

– Мен сага баарын айттым.

– Сенин балдарың барбы, Хасан?

– Жок.

– Аталык сезимдериң болбосо да, адамдык сезимдериң сөзсүз бар. Сенин көзүңдөн сезип турам. Ал күнү болгон кайсы бир окуяны айткан жоксуң. Жашырып койдуң. Коркпо, мен сенин тынчтыгыңды камсыздай алам. Сөз берем.

Хасан жылмайып койду.

– Эмнеге күлдүң?

– Анчалык кудуреттүү болсоң балдарыңды таап алат элең да. Сенин да көп нерсеге алың жетпейт, Али. Муну моюнуңа ал...

 

 

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1143, 31-октябрь-6-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан