(Башы өткөн сандарда)
Атыргүл дарыканага чуркап барып кош бойлуулукту аныктоочу тестти көтөрүп келди.
– Баян, тез текшерип көр. Эгер менин шектенүүм чын чыгып калса өлдүк, элге шерменде болобуз. Ажылыкка барып келген энеси жалгыз кызын тыңгылыктуу тарбиялай албаптыр дешпейби.
– Жеңе, болушу мүмкүн эмес, кантип эле?..
– Мүмкүн эмес деген сөз кепилдик болуп бербейт. Текшериш керек, анан билинет...
Баян жеңесинин айтканын кылууга аргасыз болду. Тесттеги эки сызыкчаны көргөн Атыргүл кайын сиңдисин жек көрө, бир чети боор ооруй карады.
– Эми канттик? Эмне иш кылып койгонуңду өзүң сезип жатасыңбы деги? Апама, агаңа кантип сүйүнчүлөйбүз? – “Сүйүнчүлөйбүз” дегенди атайын какшык менен баса белгилеп айтты. – Эртең элдин бетин кантип карайбыз эми?.. Атыргүл эмне кылар айласын таппай турду. Кайненесинин, күйөөсүнүн бул кабарды уккандан кийинки абалын элестетип алып денеси дүркүрөп кетти. Бир айласын табыш керек деп жатты ичинен.
xxx
Арадан 3 ай өттү Баян улам салмак кошуп, кенен кийимдерди кийүүгө аргасыз. Атыргүл кайын сиңдисин аборт жасатууга гинекологго алып барганда дарыгер УЗИден текшерип көрүп, түйүлдүктөн арылууга кеч болуп калганын айткан эле. Баянда баланы төрөөдөн башка арга жок эле. Кызынын абалын уккан апасынын кан басымы көтөрүлүп көпкө өзүнө келе албай жүрдү. Агасы Илияс башында бакырып-өкүрүп жаңжал салып, анан карындашы менен сүйлөшүүдөн такыр эле баш тартты.
xxx
Келин-кайнене эртең мененки чайды ичип отурушкан. Бырышкан колдору менен чыныдагы сууга салынган протез тишин жууп оозуна салган апа минтип сөз баштады:
– Кагылайын Атыр, бул үйгө келин эмес, кыз болдуң. Отубуз менен кирип, күлүбүз менен чыгып, биздин үй-бүлөнүн жакшысын ашырып, жаманын жашырган, эки жакка сөз ташыбаган мыкты келин болдуң. Менин Илиясымды да күйөө кылып кетүү сага оңой болгон жок, билем. Эми минтип Баяндын түйшүгү башка түшүп турганда кайгыбызды бөлүшүп жатасың. Мен сага эки дүйнө ыраазымын, каралдым. Балдарыңдын жакшылыгын көр!
Кайненесинин чын жүрөктөн берген батасына эреркеп кеткен Атыргүл аны кучактай калды.
– Рахмат, апа, бул үйдө менин бүлө болуп кетишиме сиздин мамилеңиз себеп. Сиз болбосоңуз, балким, эчак ажырашып кетмекмин. Сиздин акылмандыгыңыз, сабырдуулугуңуз мага үлгү болду. Сизди Баян эле эрте картайтып жиберди окшойт...
– Ооба, эркек балага караганда кызды тарбиялаш оор экен. Баяндын өткөөл курагы эрте башталды, ошол учурда мен да жумуштан бошобой анын тарбиясына көз сала албай калдым. Кийин мага баш бербей, каалагандай басып-туруп калды. Көп кылыгын Илияска айтпай жашырып жүрдүм. Карыганда төрөгөн балаңа катуу айта албай да калат экенсиң. Өткөөл курактан өтсө мурдагы калыбына келер деп күттүм. Ага жетпей эле минтип балээ баспадыбы. Баса, баланын атасы тууралуу биле алдыңбы?
– Ооба, классташы Тилек эмес экен. Өзү депрессияда араң жүрөт, ого бетер жүрөгүн сыгып ар кайсыны сурай бербейин дедим. 6 айлык болуп калды, эми сабактарына барбай эле койсун. 6 айдан кийин курсак тез чоңоё баштайт дешет го врачтар.
xxx
Баян бөлмөдө жалгыз отурган. Акыркы айда курсактагы баласы менен сүйлөшкөндү адат кылып алган. Жакындарынан жүрөк оорутчу сөздөрдү укту. Апасы да мурдагыдай эмес, бир топ эле алыстап, мамилеси салкын болуп калды. Агасынын болсо аны көрөйүн деген көзү жок.
“Төрөп алайын, баламды алып шаарга качып кетем. Бул үй менин тозогум, тозоктон кутулуш керек. Балам, сенин атаң шаарда чоң компанияда иштейт, кымбат унаасы бар, жардам бер деп барсам баш тартпас. Экөөбүз батирге чыгып жашайбыз, баары жакшы болот, көрөсүң”. Баян курсагын сылап, өзүнө ушуларды айтып жатты. Аңгыча Илияс агасынын бир кылыгы эсине түштү.
– Ага болуп мага эмне кылып койду? Дайыма тыюу салып, чектеп, кол көтөрүп эле басып жүрчү. Агалык акыл айтканын уккан эмесмин, акылы болсо өзүнөн улуу, 2 баласы бар ажырашкан келинге үйлөнөт беле? Өзүн укмуш таза, абийирдүү адам сезгенин кантесиң?.. Бирөөгө акыл айткандан мурун өзүн күзгүдөн карап, анан сүйлөбөйбү. Дагы жакшы, айылда күйөөсү жок келиндерге барып, оң-солго басып жүргөнүн аялы билбейт. Билсе деле эмне кыла алмак ал байкуш?..
xxx
Баяндын ай-күнү жакындап, Атыргүл кайын сиңдисин элге байкатпай шаарга алып жөнөдү. Кайненеси кызынын ден соолугуна кабатырланып Атыргүлгө “эгер чүрпөнү же энесин сактап калышыбыз керек деген тандоо жаралып калса, кызым аман калышы керек, чүрпө жарыкка келсе балага муктаж, жакшы бүлөгө тапшыр, каралдым, сообу тийсин, ал үй-бүлөгө арты-артынан бала келсин” деп батасын берди. Баян деле баласы төрөлгөндө анын башка үй-бүлөгө берүү пландалып жатканын билчү. Бирок ичинен такыр башка нерсени ойлоп жүргөн. Ал эми Атыргүлдүн планы таптакыр башкача эле. Атыргүл баланы жеке клиникада төрөтүп, ал жакта иштеген дарыгерлерге сатмак. Бала сатып иштеген гинекологдор менен бул нерсе алдын ала сүйлөшүлгөн эле. Илияс райондун борборуна чейин унаасы менен жеткирип, аялы менен карындашын шаарга кетчү таксиге отургузду. Анан Атыргүлгө эскертти:
– Атыргүл, менин үйүмө ата-жотосу белгисиз ымыркайды көтөрүп келчү болбогула. Дагы бир жолу айтам, тиги кайын синдиң ыйлап, "акылыма келдим, эми жакшы кыз болом" деп баягы калптарын кайра баштаса ишенип алба. Баланы башкаларга бербейм деп чыр салса баласы менен кошо шаарга таштап кел. Талаада калган кандай болорун билсин. Экинчи эшигимди аттап кирбесин! Атыргүл күйөөсүнө “сенсиз деле баарын жакшы билем” дегенсип тиктеп койду. Ал эмес, Атыргүл мурунку күйөөсүнөн төрөлгөн балдары каникулга келсе да үйүндө бир аптадан ашык батыра алчу эмес.
xxx
Таксиде узак жол жүрүп кыйналып калган Баяндын толгоосу жакындап калган эле. Шаарга келип эле сүйлөшүлгөн жеке клиниканын босогосун атташты. Дарыгер текшерип көрүп, төрөткө даярдыктар башталды. Медайымдар коридордо ары-бери жүгүрүп төрөт залында камылга жүрүп жатты. Акыры күткөн саат да келди, Баяндын төрөтү оор өттү, “өзү төрөй албайт” деп дарыгерлер кесарево жолу менен төрөтүүнү тандашты. Баян өзүнө келе албай, уйку-соонун ортосунда жаткан болчу, бирок палатада дарыгер менен жеңесинин сүйлөшүп жатканын үзүл-кесил угуп жатты.
– Куттуктайм, балканактай уул төрөлдү. Бирок кызыңардын абалы оор, толук калыбына келүүгө убакыт керек.
– Рахмат сиздерге. Бирок биз сүйлөшкөн нерсени сурайын дегем...
– Ооба, баланы 3 күн карап эмизип берсин, мурда сүйлөшүлгөндөй 50 миң сом беребиз. Баланы 13 жылдан бери балалуу боло албай жүргөн үй-бүлө сатып алганы жатат.
– Азыр балалуу боло албай жүргөн үй-бүлөлөр аябай көп экен, мен изилдеп көрдүм. 2000-3000 доллар берип асырап алдык дегендер болду. Жок дегенде 1000 доллар деп айткыла, кызыбыз жакшы дарыланып, ден соолугун калыбына келтириши керек. Ага да аз эмес акча кетерин билесиз.
– Биз башында эле келишип, 50 миңге сүйлөшпөдүк беле? “Договор дороже денег” дейт, менин да “крышаларым” бар, аларга да беришим керек. Балага документ жасоо да оңой эмес азыр...
Ушул учурда ары жакта жаткан Баян бир нерселерди булдуруктай баштады.
– Ба-лам-ды сат- па... Бер-гиле, а-па-а...
(Уландысы кийинки санда)