Эстарадада да, фольклор жанрында да ийине жеткире ырдаган ырчы Үмүтай Абдышова биздин “Мен жана фактылар” деген рубрикабыздын алкагында өзү тууралуу 14 факт айтып берет. Мисалы, Үмүтай айымды унаа айдоого кызыкпаган мырзалар таң калтырат экен.
“Тикмечилик жайым бар”
– Айылдын жашоосун көрүп өскөнүмө абдан кубанам. Кой кандай кыркылып, ала кийиз, шырдак даяр болгонго чейин кандай процесстен өтөрүн баарын апамдан үйрөнгөм. Мисалы, жүндү тазалоо, жуу, тытуу, сабоо, боёо, ийрүү, кийиз басуу, кыюу, шыруу. Ал эле эмес, боз үйдүн жабдыктарын да жасачубуз. Бакчадагы алма бактын көлөкөсүнө отуруп алып өрмөк сокчумун, керегеге тегерете илинүүчү кооздукту кызыл жип менен байлап-өрүп чыкчумун. Кездеме же кийилбей калган кийимдерден үйдөгү кол машинада жер төшөк, килемче жасап курак курачумун. 7-классымда эле эски-уску кийимдерди кураштырып өзүмө көйнөк тигип алчу элем. Кол эмгек мугалими сайманын түрүн үйрөттү. Ага да кызыгып, үйдөгү ак шейшептердин этегин айрып, жүз аарчы кылып сайма сайдым. Азыр гардеробумда кызыл-тазыл кийимдер көп, 90 пайызы көйнөктөр.
“Оромо менен мантыны катыра жасайм”
– Апам голубцы, хошанды мыкты жасайт. Мен да көөнүм келгенде бул тамактардан сырткары оромо, мантыны, фаршталган калемпирди катыра жасап коём. Көп учурда колдо бар азык-түлүктөрдөн экинчи жолу кайталап жасай албай тургандай тамак-аштарды жасап салмайым бар. “Бул тамактын аты эмне?” деп сурап калышса, оюмдан чыгарып бир атты айтып калам.
“Бир орунда көпкө болуудан тажап кетем”
– Адамдын мүмкүнчүлүгү чексиз. “Ачыла элек сандыкта – бычыла элек кундуз бар” дегендей, мага “ушундай да өнөрүң бар беле?” деп көп айтышат. Буга бир орунда көпкө иштебегеним себеп. Мисалы, маданият, билим берүү, массалык маалымат каражаттары тармактарында кызмат өтөдүм. Бир чети, карьералык өсүү болуш үчүн дарак бир жерден көгөргөнү жакшы. Экинчи тарабынан, өзүмдү ар кыл тармактан көрсөтө алдым. Бир жерден бат жадап кетем. Улам жаңы нерсени үйрөнгөндөн ырахат алам.
“Унаа айдаганга кызыкпаган мырзаларга таң калам”
– Унаа айдаганга кызыкпаган мырзаларга таң калам. Мен 7-классымда эле унаа айдаганды үйрөнүп, паспорт аларым менен айдоочулук күбөлүктү алгам. Кызыгы, унааны качан алам, кайсы акчага алам деп ойлонбой туруп, унаанын документтерин сала турган "бумажник", күзгүгө илем деп кооз чынжырча, теспе алып койгом. Коомдук унаада жүргөндү жактырбагандыктан, мектепке деле, университеттерге деле жайдыр-кыштыр жөө барып келчүмүн.
“Комузсуз киши катары деле саналбайм”
– Жанымда дайыма алып жүргөн буюмум – комуз. Комузсуз мен киши катары деле саналбайм. Комуз чертип ырдагандыгым үчүн дүйнөнүн төрт бурчун кыдырдым, кадыр таап, сый көрдүм, дос күттүм. “Ырдап берчи” деп суранган бир да адам жоопсуз калган эмес. Талбай, тажабай тыңдаган угармандардан улам таң атканча ырдап отура берген күндөрүм болгон. Бир жолу бир кечеде бир жигит “мынча ыр ырдадың” деп санап да чыгыптыр.
“Жактырган адамымдын көзүнө оюмда да чөп салбайм”
– Достукка бекем, сүйүүгө туруктуумун. Дос деп тандап алган адамдарымды кемчиликтери менен кошо жакшы көрөм. Артымдан кыңыр иш кылса дагы, аш менен уруп уяткарып коймой адатым бар. Ал эми жактырган адамымдын көзүнө оюм менен да чөп салбайм. Анан дагы эгерде жүрөгүмдүн ээси табылса, күндүр-түндүр көркөм сөз каражаттары менен сугарылмак.
“Ар дайым шайдоот жүргөнүмдөн улам ичет деп ойлошот”
– Бир кумалак бир карын майды чиритет дейт эмеспи. Анын сыңары, айрымдар бир артисттин терс мүнөздөрүн, кылык-жоруктарын көрүп жалпылап салышат. Ошол бир артисттин айынан баарыбыз “ошондой” көрүнүп калабыз. Кайда барсам да арак суна беришет, “эч кимге айтпайбыз, алып кой” дешет. Балким, ар дайым шайдоот, күлүп-жайнап, тамашалашып жүргөнүмдөн улам ичет деп ойлошсо керек. Бирок арак-шарап ичпегенимди тааныгандардын баары билет. Чогуу бир жакка барып калсак, “аны кыйнап убара тартпагыла, баары бир ичпейт” деп эскертип калышат.
“Жамгырда сейилдегенди жактырам”
– Бүркөк аба ырайында, жаан жааганда сейилдегенди жактырам. Бара жатып себелеп төккөн жамгырдын тамчылары кайгымды жууп кетчүдөй сезилет. Күтүлбөгөн окуялар коштолгон күндөр эсте калат. Жакшы окуялар болсо, кубануу менен кабыл алып, жагымсыз окуялар болсо, жеңил өткөрүп жиберем.
“Убакытка такмын”
– Убакытка абдан такмын. Бирок бул жакшы деле сапат эместей. Себеби көпчүлүк учурда чакырган жерге убагында барып алып, күтүү менен өмүрүм өтүп кетет
“Тил үйрөнүүгө кызыгам”
– Түрк тилинен синхрондук котормочумун, түркчө сериалдарды көргөндү жактырам. Андан башка тилдерди үйрөнүү максатында француз, кытай, япон, итальян, корей тилдериндеги субтитри бар фильмдерди көргөнгө аракет кылам. Анан да өзгө тилдеги ырларды комуздун коштоосунда аткарып жүрөм.
“Ыр, чыгарма жазып жүрөм”
– Сүйүү ырларын, чакан чыгармаларды жазып жүрөм. Баарынын каарманы бирөө гана. Кудай буюрса, китеп кылып чыгарам деген планым бар.
“Ката жазылган каттарга такыр жооп бербейм”
– Мурда бирөөлөр менен түшүнбөстүктөр болуп кетсе, актыгымды, адилеттүүлүктү далилдөөгө далалат кыла бермейим бар эле. Кийинчерээк, “сиздики туура” деп эле кол шилтеп койгонго өттүм. Сабаттуу адамдар менен баарлашкан жагат. Социалдык тармактардан ката жазылган каттарга такыр жооп бербейм, аларга катталбайм дагы. Дайыма таттуу сөздөрдү окуп, сиңирип, жаттап, кайра арноо – адатым. Ыр менен куюлуштура сүйлөгөн чыгармачыл, өзгөчө адамдар менен дароо жылдызым келишет. Чукугандай сөз таап, ар бир суроого тамаша менен жооп берем. Айланамдагылардын маанайын көтөргөнгө аракет кылып, позитивдүү жүрөм. Жанымдагылар “мынча энергияны кайдан аласың?” деп таң калышат
“Үйдө ырдабайм, ыр укпайм”
– Шаан-шөкөттө көп жүргөнүм менен, негедир тынчтыкты каалап турам. Үйдө дээрлик ырдабайм, ыр укпайм. Абдан жактырып калган ырды гана кайталап угуп, жаттаган соң укпай калам. Куржунум миңдеген ырга толо болгону менен, эртеңки күндүн графигин календардан күндө кечинде карайм.
“Көзүмдө адамды арбап турган кал бар”
– Көзүмө карата көп комплимент угам, “көзүңдө жалын бар, көзүңдөн нур чачырап турат, эки көзүң – эки жылдыз” деген жагымдуу сөздөр көп айтылат. Бул комплименттер төгүн жерден айтылбайт, карегимде чын эле адамды дароо арбап ала турган кал бар.
Гулийпа Маметосмон кызы