Орусия шоу-бизнесиндеги кызыктуу каармандардын бири – Настасья Самбурская. Көпчүлүккө белгилүү “Универ” сериалынан кийин жылдызы жанып, кино, театр, музыка дүйнөсүнөн өз ордун таба алды. Бул айым таланты менен эле эмес, ызы-чуусу менен да белгилүү...
Чыныгы аты-жөнү: Терехова Анастасия Алексеевна
Туулган жери: Орусия, Приозёрск
Туулган жылы: 1987-жыл, 1-март
Жылдыз белгиси: балык
Бою: 177 сантиметр
Кесиби: актриса, ырчы, алпаруучу, модель
Тартылган белгилүү тасма-сериалдары: “Универ”, “Универ. Жаңы жатакана”, “Саша-Таня”, “Универ. 10 жылдан кийин”, “Казачок”, “Аялдар эркектерге каршы”, “Престиж” жана башка
Оор балалык
Анастасия толук эмес үй-бүлөдө чоңойгон, тагыраагы, агасы экөөнүн тарбиясы, багылуусу апасынын моюнунда эле. Атасы болсо кызы 5 жашында баңгизатына байланыштуу темир торго кесилип кеткен деген маалымат бар. Атактуу болуп, жетиштүү каражат таап калгандан кийин атасына да, апасына да батир сатып бергени белгилүү. Бул кадамын ал “жүрөгүмдөн каалап эмес, ушундай кылышым керек, кызы катары милдеттүүмүн деп гана үй сатып бердим” деп түшүндүрөт. Азыр апасы менен салкын мамиледе, ал эми атасы менен байланышкысы келбегенин айтат. Балалыгында атасынын жоктугу, апасынын ичкиликке берилип кеткени, акча жоктугунан мектепке кийгенге кийими жок, классташтарынын шылдыңында өткөн күндөрү Анастасиянын аң-сезиминде кара так болуп калган. Ошол кезден эле өзүн коргоого, багууга, күчтүү болууга көнгөн кызда азыркы тайманбастык, бетке чабарлык мүнөз калыптанган.
Эрте чоңойгусу келчү...
Башка секелек кыздар көйнөк, туфли же балдар жөнүндө сүйлөшүп жатканда Анастасия “батыраак чоңойсом, өзүм акча тапсам...” деп ойлончу. Бул ойго жетеленип, 9-классты аяктагандан кийин эле мектепти таштап, Энгельс шаарында жашаган таежесинин үйүнө барат. Ал жактан чачтарачтын курсуна окуйт, анын жашындагы кызга чачтарачтын жумушу идеалдуу каражат булагы эле. Бул кесипти өздөштүрүп алгандан кийин Москваны багынтуу максаты жаралган. Баш калаада алгач официант, такси кызматында диспетчер, анан бир долбоордо тартуу талаасында гримёр катары иштеп калган. Ошол жерден гана кызда актриса болуу кыялы жаралган.
Аты-жөнүн эмнеге өзгөрткөн?
Москвадагы МХАТ мектеп-студиясына тапшырып, өтүп кетет. Кийинчерээк бир топ студент, алардын арасында азыр белгилүү актёр Павел Прилучный менен кошо өзү да окуудан четтетилип калган. Кийинки кадам ГИТИС театралдык окуу жайына ташталып, аны ийгиликтүү аяктаган. Актриса катары алгачкы орношкон жумушу театр болду. Ошол күндөн азыркыга чейин Настасья Аниславовна Самбурская аты менен театр сахнасын кооздоп келет. Эмнеге өзгөрттү десеңиз, өз аты-жөнү кулакка жагымсыз, сиңимдүү эмес сезилген.
Киного кадам
Кино актрисалык чыйыры 2008-жылдан башталды. “Нике шакеги” деген мелодрамада экинчи пландагы каарман катары экранга чыккан. Ал эми көпчүлүккө, анын ичинде Кыргызстандагы көрөрманга да тааныткан “Универ” сериалы. Студенттердин жашоосун чагылдырган сериалда Настасья студент жана түнкү клубдун администратору Кристина Соколовскаянын образын ийине жеткире аткарган.
Ырчы
“Самбурскаянын актрисалык таланты күчтүүбү же ырчылыгыбы?” деген суроого жооптор дагы деле эки түрдүү. Анткени Настасьяда мыкты үн да бар. Бул талантын жашырып калган жок, 2012-жылдан баштап активдүү түрдө ырдап келет. “Плохие мальчики”, “Полмира”, “Безответная” жана башка ондон ашык чыгармалардын аткаруучусу.
Бүтпөгөн ызы-чуулар...
Настасья Самбурскаянын жашоосу ызы-чуулардан куру эмес. 2016-жылы ал мас абалында унаа башкарып бара жаткан жеринен кармалган. Болгондо да жанында 16 жаштагы бала менен. “Мен баланын жашын сураган эмесмин, 18ден жогору болсо керек деп ойлогом” деп актанган белгилүү айым.
«Ревизорро» берүүсүн алып барып жатканда гонорарын көтөрүп берүүнү талап кылган, тартуучу топ баш тартканда берүүнү таштап баса берген.
2016-жылдан баштап ырчылык карьерасын өнүктүрүүнү көздөп, продюсер Виктор Дробыш менен иштеше баштайт. 2020-жылы ырчы айым продюсерин сотко берет. Себеп: анын концерттеринен түшкөн каражаттын 30 пайызы гана Самбурскаяга төлөнүп, калганы продюсердин компаниясына кетип жаткан. Анан да бул төрт жыл аралыгында жазылган ырларга болгон укукту өзүнө алуу болчу. Дробыш да жөн киши эмес, ал тескерисинче, Настасьяны сотко берип, буга чейин анын карьерасын өнүктүрүүгө кеткен чыгымды төлөп берүүсүн талап кылган. Соттун чечими продюсер тарапта болуп, ырчы айым Дробышка 2,7 миллион рубль төлөшү керек болгон.
2020-жылы акын Анастасия Рыбачук Самбурская анын “Мечта” деген ырын суроо-сопкуту жок “Старая” деген аталыш менен ырдап чыкканын, автордук укук бузулганын, гонорар төлөнбөгөнүн айтып сотко берген. Сот акындын пайдасына болгон чыгымды төлөп берүү чечимин чыгарган.
Бойдок же бойдок эмес
Актрисанын коомчулукка белгилүү мамилелерине токтолсок, 2016-жылы беларустук ырчы, “Евровидение” сынагына катышкан IVAN менен кыз-жигит экени белгилүү болгон. 2017-жылы болсо актёр Кирилл Дыцевичке турмушка чыкканын жар салды. 3 айга жетип-жетпеген үй-бүлөлүк жашоо “ичип, кол көтөрдү” деген себеп менен ажырашууга келип такалган. Жакындан бери кайрадан турмушка чыкканын кыйытып айтып жатат, чын-бышыгы али белгисиз. Андыктан Самбурскаянын бойдок же бойдок эмес статуста экени белгисиз.
Асыл Орозбекова