Каарманыбыз – белгилүү продюсер, Креативдүү индустриялар паркынын негиздөөчүлөрүнүн бири Аскат Табалдиев. “Креативдүү экономика – талантыңды, чыгармачылык жөндөмүңдү ишке ашырып экспорттоо. Кыргыздар дүйнөгө эмне бере алабыз? Биз мыкты кинолорду тарта алабыз” дейт. Аскат мырза “Азия Микс”, “Большие люди” долбоорлорундагы жолу, кинодон тапкан алгачкы чоң акчасы жана үй-бүлө баалуулуктары тууралуу кызыктуу маек куруп берди.
“Базарда семичке, жүгөрү сатчумун”
– 1986-жылы Балыкчы шаарында төрөлгөм. 3 бир тууганбыз, агам, эжем бар. Бир үйдүн эркеси болуп, ата-энемдин сүйүүсүнө бөлөнүп чоңойгон баламын. Бала кезде аябай тентек элем, мектепте ата-энелер чогулушунан апамдын бети кызарып чыкчу (күлүп). Союз ураганда ата-энем жумушу жок калышты. Ошондо атам Бишкекке келип “Ош базарда” мүшөктөп калемпир сатып, апам экөөбүздү Балыкчыдан чакырткан. Апам мугалим болгондуктан президенттердин жыйынында катышкан интеллигент болчу. Ошол статусуна карабай атама жардам болсун деп жең түрүп базарда соода кылды. Калемпир сатып, кийин жер-жемиш сатканга өтүштү. Мен да ата-энем менен чогуу жүрүп укроп, кинза, жусай сыяктуу көк чөптөрдү сатып, кийин "Орто-Сай" базарын кыдырып атам экөөбүз жүгөрү сатып жүрдүк. Семичке да саткан күндөрүм болду, классташтарым көрүп калышса шылдыңдап буллингге кабылган күндөр өттү. Бул күндөр мага эмнени үйрөттү? Акчанын кадырын билип, мээнет кылсаң гана иштин акыбети болорун түшүндүм. Анан эң жакшысы – ата-энемдин бир команда, бир бүтүн болуп иштегенин көрдүм. Мен үчүн алар мыкты үй-бүлөнүн үлгүсү болуп калышты.
“Бир тууганчик” тасмасынан кийин кинодон көп акча тапса болорун түшүндүм”
– Балалыгымда хирург болгум келчү, анткени кичинемде бутумду кокустатып алып, дарыгерлерге алып барышканда алар мага аябай жакшы мамиле кылышкан. Ошондон кийин хирург болом деп чыктым. Бирок мектепте коомдук иш-чараларда аябай активдүү элем. КВНге катышып жүрүп кызыгып кеттим. 2010-жылдары “Большие люди” долбооруна катыштым, кийин “Азия Микс” командасы менен Жогорку Лигада ойноп жүрдүк. КВНден кийин тойлордо тамадалык кылып иштеп киреше көбөйдү, “жылдыз” боло баштадык. 2015-жылы “Бир тууганчик” тасмасын тартканбыз. Бюджети 37 миң доллар болсо, сатыктан андан 10 эсе көп киреше түшкөн. Бул каражаттын кайсы бир бөлүгүн кинотеатрларга, актёрлорго жана башкаларга бересиң. Бирок калганы деле шүгүр болчу. Ошондон кийин чыгармачылыктан деле чоң акча тапса болорун түшүнгөм.
“Бизде креативдүү адамдар көп”
– Былтыр өлкөдө Креативдүү индустриялар паркы ачылган, мен ошонун негиздөөчүлөрүнүн биримин. Креативдүү экономика – бул талантыңды, жөндөмүңдү, жаратмандыгыңды ишке ашырып экспорттоо. 2010-жылы бир белгилүү драматург агабыздын насаатчылык окуусуна катышып калгам. Ошондо анын “биз, кыргыздар дүйнөгө ракета, унаа же муздаткыч ойлоп таап бере албайбыз, бирок бизде жүрөк, сезим, мээрим бар, биз мыкты кино бере алабыз” дегени кулагыма уюп калыптыр. Киноиндустрия аркылуу туризмди өнүктүрсөк болот. Мисалы, Голливуддун ири кинокомпаниясы келип Грузиядан же Чехиядан кино тартып кетсе, ошол жерлер сөзсүз туристтердин кызыгуусун арттырат. Кореяда жалаң жигиттерден турган “BTS” деген топ бар, ошол топтун жылдык кирешеси “Хундай” компаниясынын бир жылдык кирешесинен көп экен. Креативдүү экономикага шарт, колдоо, мүмкүнчүлүк берсе өлкө экономикасына көп суммада салыктарды түшүрсө болот. Бизде азыр “D Billions” деген балдарга арнап контент жасаган долбоор аябай ийгиликтүү чыкты. Бул долбоор менен азыр “Дисней” келишим түзүүгө кызыкдар болуп, кытайлар “келгиле, аттракциондорун чогуу ачабыз” деп сунушташууда. Айтор, Кыргызстанды эл аралык деңгээлге алып чыккан ийгиликтүү долбоор болду. Бизде креативдүү адамдар көп, мен аларды баалайм. Ошолордун жардамы менен дүйнөгө талантыбызды экспорттосок болот.
“КМШ, Борбор Азияга ылайыктуу контент тарткан киностудия ачтык”
– 2015-жылы КВНден тапкан Данияр Болотбеков деген досум экөөбүз продюсерлик студия ачканбыз. Азыр студиябыз Борбордук Азия, КМШ өлкөлөрүнө ылайыктуу контенттерди жаратууга жетишти. Эки кабат кеңседе 100дөй кызматкер иштейт. Сценаристтер, продюсерлер, костюмерлер, сүрөтчүлөр баары бар. Бул жылдарда “Жарайт сити”, “Эл эмне дейт?”, “Мыкы шоу”, “Кошунаны тандабайт” деген ири долбоорлорду тартканга жетиштик. Ал ортодо кино тартканга көнсүн деп жаш режиссёрлорубуз “Движение кылыш керек”, “Ванчопа” тасмаларын тартышты. Адам өзү инсан, адис катары өскөн сайын жаңычылдыкты, өзгөчөлүктү каалай берет эмеспи, азыр байкасаңыз, биздин киночулар жанрларды эксперимент кылып жатышат, экшн, криминал, триллер жанрында кинолорду тартышууда. Бизде кино жанданганда КВНден же “Тамашоудон” келген балдар баары комедия тартып башташкан. Тажрыйба топтоп, акча тапканды үйрөнгөндөн кийин башка жанрларды аралаштырып тартканга өтүштү. Демек, киноиндустрия бизде өсүү жолунда десек болот.
“Ар бир адамда чыгармачылык өзөк бар”
– Жараткан бизди жаратып жаткандан кийин бизде, адамдарда ар бирибизде чыгармачылык өзөк, жаратмандык бар деп ойлойм. Кеп ошол талантты ачууда жана ишке ашырууда. Ал жаратмандык кандай учурда ачылат? Ага сүйүү, мээрим жана эркиндик бергенде. Бала бир нерсени жасоого аракет кылып жатса эч качан анын жолун тоспош керек. Тескерисинче, “сенин колуңдан келет, жаса” деп койсо бала шыктанат. Бала менен чоң адамдардай сүйлөшкөн жакшы, бир нерсе сураса “бошобой жатам, ары турчу же чоңойгондо түшүнүп аласың” деп коюшат көптөр. Баланын кызыгуусуна дароо жооп берип, анын бүйүрүн андан ары да кызытып койсо, анын фантазиясынын чеги каякка чейин жетип кетер экен. Ойлоп табуучулук жөндөм мына ушундай майда нерселерден ишке ашат. Баланын шыгын ачууда ата-энелер да көмөкчү болсо дейт элем. Менде ошондой болду, ата-энем мага толугу менен эркиндик берди, бир да жолу кийлигишип “мындай кыл, балам” деп жолтоо болгону эсимде жок.
“Cезимдеримди ачык кармайм”
– Өткөндө Орусияга барып, “Сердцем жадничать нельзя” деген бир жакшы сөз угуп келдим. Биз, кыргыздар менталитетибизден уламбы жүрөгүбүздү, сезимдерибизди көбүбүз жабык кармайбыз. Жакшы сөз – бул жарым күндүк маанай, анын сыңары мен жүрөгүмдү, сезимдеримди ачык кармайм. Мисалы, аялыма сүйөрүмдү күндө айтам, балдарымды күндө 7 жолу кучактап энергия алмашып турганга аракет кылам. Үй-бүлөбүздө атайын салттар бар, бир айда бир жолу аялым экөөбүз бири-бирибизге романтикалык кеч уюштурабыз, мончого барабыз. Балдар менен өзүнчө “свиданияларыбыз” бар. Келинчегим Зухра башка улуттун өкүлү, 5 жыл кыз-жигит болуп сүйлөшүп баш кошконбуз. 10 жылдан бери үй-бүлөбүз. Баш-аягы тааныш болгонубузга 20 жылга жакындап калды. Келинчегимди балдарымдын көзүнчө өбө берем, муну көбү уят деши мүмкүн. Эми кыргыздарда “Эл эмне дейт?” деген код теринин астында жайгашып калыптыр. Бирок аны “уят” деген негизсиз сын деп эсептейм. Үй-бүлөдөгү ушундай мамиленин үлгүсүн балдарым көрүп өссүн дейм.
Лунара Бекиева