Жаратылышта көп өсүмдүк дарылык касиетке ээ. Анын ичинен бөрү карагатты атайын сөз кылууга арзыйт. Токойдо мөмөсү мөлтүрөп, шагы ийилип турса жегим келчү, бирок кыйгыл кычкыл даамы мени токтотуп калчу. Кыргызстандын көп аймактарында өскөн бул өсүмдүктүн мөмөсүн эмнеге көп жегенге болбойт? Кандай дарылык касиети бар? Кандай колдонуу керек? Бул суроолорго жоопту макаладан табасыз.
Бөрү карагат менен барбаристин айырмасы
“Ысырык (барбарис), доңуз карагат жана бөрү карагатты алмаштырып, же баарын бөрү карагат деп жүрүшөт”,- дейт элдик дарыгер Дүйшөн Чомоев. Ошондуктан үчөөнү алгач айырмалап алалы.
Доңуз карагат
– Тоодо, жайлоодо кара топурактуу жерде өсүп, мөмөсү кара тоголок, таттуу болот. Муну жапайы карагат, тоо карагат деп да аташат.
Ысырык (барбарис)
– Мөмөсү кызыл-сары сүйрү келип, сары карагат же ысырык деп аталып, тоо этектериндеги шар аккан сайлуу өрөөндөрдө өсөт. Мөмөсү бөрү карагатка салыштырмалуу ширелүү болот. Тикенектүү көп жылдык өсүмдүк.
Бөрү карагат
– Ысык, капчыгайлуу жерде, кокту-колоттордо өсөт. Бөрү карагаттын мөмөсү каралжын сүйрү келип, даамы кычкыл. Жапайы бадал өсүмдүк.
Берберин заты
Бөрү карагат менен барбаристин курамында берберин аттуу биоактивдүү кошулма бар. “Барбарис” деген аталыш берберинге байланыштуу айтылып, ушул кошулмага байланыштуу бир түркүмгө кошушкан.
Берберин заты ысырыкта көбүрөөк, ал кан токтотуучу касиетке ээ. Кант диабетин дарылоочу дарылардын курамына кошулат. Ошондой эле холестерин, кан басым жогорулап кеткенде, суук тийүүдө, боор ооруларында да колдонулары медициналык булактарда жазылган.
Аталган өсүмдүктөр тууралуу Дүйшөн Чомоев буларды айтат:
– Ысырыктын мөмөсү, тамыры дарычылыкка колдонулат. Кан тазалоочу касиетке ээ. Мөмөсү ысыктап калганда, өт баштыгын тазалоодо, ашказандын кычкылы азайып кеткенде, жатын түтүкчөлөрүнө суук тийгенде жардамчы. Тамыры боор ооруларында, кан басым жогорулаганда, ашказан кычкылдыгын көбөйтүүдө колдонулат. Бирок муну дарыгер сунуштаганда гана, анын көзөмөлү менен ичүү керек. Өт, ашказанда кычкылдуулук көп болсо ичүүгө болбойт.
Бөрү карагаттын дарылык касиети
Бөрү карагаттын мөмөсү эле эмес, жалбырагы, тамыры да дарычылыкка колдонулат.
“Мөмөсү органикалык кычкылдарга – лимон, алма кычкылына, Е, С, К витаминине бай. Бышып жетилген мөмөсүндө, жалбырагында алкалоиддер бар. Мөмөсүнүн сергитүүчү, заара кубалоочу таасири бар.
Жалбырагы гүлдөп бүтөрү менен чогултулуп, көлөкө жерге кургатылат. Кургатылган жалбырактын тундурмасы боор, бөйрөк ооруларын, өзгөчө өттүн таш оорусунда кеңири колдонулат. Тамыры боор сезгенгенде, сарык оорусунда”, - дейт Чомоев.
Алкалоид деген эмне?
Ичине азотту камтыган табигый органикалык күчтүү кошулма. Чайдын жалбырактарында кофе дандарында, какаодо да көп кездешип, адамды сергитет. Ошондой эле ооруну басаңдатуучу, вирус, микробдорго каршы дары-дармектерде көп колдонулат.
Эмнеге көп жегенге болбойт?
Бөрү карагатта берберин, алкалоид заттары көп болгондуктан кадимки карагат, малина сымал кашыктап жей бергенге болбойт. Анткени биринчи эле эндорфиндин көбөйүп кетишинен стресс жаралып, нерв системине зыянын тийгизет. Андан кийин ички организмге зыянын тийгизиши ыктымал. Ошондуктан дарылык үчүн чогултуп, кургатып алышат.
Кан токтотууда колдонушкан
Бөрү карагат, ысырыкты ата-бабаларыбыз илгертеден эле көп пайдаланган. Айрыкча кан кетүүдө, сарыкта натыйжалуу экенин билишкен. Ал эми дүйнөлүк тажрыйбада биздин заманга чейинки 4 миң жыл мурун Египетте дары катары колдонулганы жазылат. Кан токтотуу үчүн байыркы индейлер да ичишкен. Ал эми тибет монархтары күн сайын белгилүү өлчөмдө колдонуу өмүрдү узартат деп ишенишкен. Кытайда тундурмасын ичтен кан кетүүдө колдонушса, америкалыктар өт жолдорун тазалоодо кошумча каражат катары пайдаланышкан.
Ашканада колдонуу
Бөрү карагаттын мөмөсүн көп жегенге болбой турганын жаздык. Ошентсе да кумшекерден теңме-тең кошуп кайнатып, аз өлчөмдө колдонуп жүрүшөт. Барбаристе ага салыштырмалуу алкалоид аз болгондуктан кыям, морс, компот кайнатууга болот. Туздап да сакташат. Мөмөлөрүн кургатып алсаңыз 2 жылга чейин сакталат.
Асел Ишенбай кызы