– Ильяз мырза, кандайсыз? Көп көрүнбөй кеттиңиз, эмне менен алексиз?
– Баягы эле жашоо тиричилик, үй-бүлө, бала-бакыра, анан албетте, жаңы ырлардын үстүнөн иштөө. Ыр жазат десе эле ай сайын ыр жаздыра бербейм. Бир ырдын үстүнөн 5 жыл иштешим деле мүмкүн. Алтынай Асанбекова менен жакында ырдап чыккан ырыбызды былтыр жазып баштаганбыз, быйыл чыгардык. Ырахатым, максатым, жан дүйнөм баары музыка болгондон кийин музыканын тегерегинде эле жүрөм.
– Мурунку маегиңизде “ырчылар элди ээрчиткендин ордуна, элди ээрчип кеттик” деген экенсиз. Мындай абалдан чыгууга аракет кыласызбы?
– Табитиме туура келген гана ырларды ырдайм. “Мына бул ырды ырда” деп берип калышат го. Эгер ыр жакпаса, эмне кылса да ырдабайм. Азыр куржунумда ошондой 7-8 ыр бар, ырдалбаган бойдон турат. Ушундай мамиле менен өзүмдүн Ильяз Андаш атымды сактап калам. Ошол интервьюдан кийин ага жазылган комментарийлерди окуп калгам. “Ой, сен элди ээрчибесең, сени ким ээрчийт” дешиптир. Сөзсүз түрдө ырларыбызды эл угат, эл тандайт. Бирок биз, чыгармачыл адамдар атайын билим алып, музыка эмне экенин түшүнүп турган соң элди ээрчитишибиз керек. Мисалы, мыкты композиторлорду, мыкты акындардын ырларын, классиканы ээрчип эле жатпайбызбы.
– Ырчылыктан сырткары дагы кандай өнөрлөрүңүз бар?
– Кичинемде куруучулукка кызыкчумун. Чопо, пластилинден бир нерселерди жакшы жасайм. Азыр деле кызыма сүрөт тартып же пластилинден бир нерсе жасап берип калам. Моторика, мээ менен манжаларымдын байланышы жакшы. Анан машинелерге кызыгам. Бир машинени жактырып калсам, аны алып, татынакай кылып жасап туруп, кайра сатып жиберем. 200-300 доллар пайда түшүп калат, үйгө азык-түлүккө жарайт дегендей.
– Ильяз Андаш деген атты элге таанытуу кыйын болдубу? Эмгек, убакыт...
– Көптөр азыр хайп менен деле таанылып жатпайбы. Байкасаңыздар, менде андай хайп-сайп, эч нерсе жок, ызы-чуудан алысмын. Чыгармачылык гана. Учурунда музыкалык мектепте, окуу жайларда окуганбыз. Ырчы болуш үчүн радио, телевидение, гезиттердин баарынын эшигин каккылап, кыдырганбыз. Бул нерсе да ырахат экен. Азыркы жаш ырчылар кандай телевидение, кандай гезит бар экенин деле билишпейт. Инстаграм, Тикток аркылуу эле тренд кууп чыга беришет. Бирок мунун залакасы тиет. Шоу-бизнес иштебей койгон жалкоо адамдарды аяп, эркелетип жүрө бербейт. Бат эле жерге чабат. Шоу-бизнестеги айрым иничектерди көрүп жүрөм. Бир ыры хит болсо эле, өздөрүн жылдыз сезип, бирок кийинки ырлары жакшы чыкпай калса кадимкидей депрессияга түшүп кетишет. Бул – жалкоолук. Эмгектенип турбасаң шоу-бизнес аябайт. Сахнанын артындагы түйшүктү көптөр билбейт. Атыбызды жасаш үчүн он жыл бекер иштедик, аймактарды, Орусияны бекер кыдырдык. Чай-наны жок ач калган күндөр өттү. Анын баарын көрсөтүштүн кажети жок. Биздин жумушубуз – элге жакшы маанай тартуулоо.
– “Ачуу айран” ырын кандайча ырдап калганыңызды сурайын...
– Негизи “Ачуу айранды” 1975-жылдан бери баары эле угуп жүргөн. “Ак кеме” тасмасында Мукан Рыскулбеков агай чөптүн үстүнө отуруп алып ырдаган жери бар эмеспи. 9 секунддук эле кадр, көптөр маани деле бербеши мүмкүн. Ошол үзүндүнү Эркин Эгембердиев досубуз сактап коюптур. Курал Чокоев экөөбүз ыр жазалы деп жүрсөк, Эркин ушул ырды угузуп калды. Укканда эле “бул ыр хит болот” дедик. Бирок арак-шарап деп ырдаганга болбойт эле. Мукан агайдын кыздарынан уруксат сурап, ырдын сөзүн өзгөртүп ырдадык. Күткөнүбүздөй эле ыр хит болду. Күнүгө чалуулар, чакыруулар, Хабаровскиге, Новосибирскиге... Ошко болсо ар 3 күндө бир учуп калдык. Бишкекте канча той болсо, баарына чакыра башташты. Аягында Курал экөөбүз чогуу жетишпей, бөлүнүп ырдай баштадык. Бир күндө 12 тойго барган учур ошондо болду. Биздин даражабызды көтөрүп, Куралга да, мага да үй алып берген ырлардын бири ушул.
– Жашооңузда “эң туура чечимим ушул” деп кайсы кадамыңызды айтасыз?
– Караколдо жашап жүргөндө жаш музыканттардан дүйнөлүк хиттерди, орусча ырларды ырдай алган жалгыз мен болчумун. Кафелердин баары “Ильяз бизде иштесин” деп атамдан суранышчу. Ошол кезде күчтүү музыканттар күнүнө 500 сом тапса, мен 1000 сом таап калгам. Андагы 1000 сом азыркы
10 миң сомго тете эле. Бирок мен "Бишкекке барып ырдайм, атымды чыгарам" деп баарына кол шилтеп баса бергем. Баары эле мындай тобокелдикке барбайт. Бишкекке келгенде батирге акы төлөй албай, тамак-ашка жетпей бир топ кыйналдым. Бул кыйынчылык да аябай көпкө чоюлуп туруп алды. Атымды чыгарам деп өжөрлөндүм. Балким, ошондо калып калсам азыркыдай атым чыкпай, жөнөкөй бир аймактагы музыкант бойдон калмактырмын.
– Эч нерсеге өкүнбөйсүз?
– Жок, баарына ыраазымын. Кудайга шүгүр, ата-энем, үй-бүлөм, балдарым, үй-жайым, унаам бар. Курсагым ток, бала-бакырам окуп жатат, дени сак. Эмнеге өкүнөм? Ооба, Мирбек Атабеков же Нурлан Насиптей популярдуу болуп кеткен жокмун. Балким, Кудайдын планы ушул. Балким, мага Мирбектей популярдуулукту бергенде мен көтөрө алмак эместирмин. Кудай деле таразалап туруп сага ылайыктуусун берет.
– Балдарга кандай атасыз?
– Балдарымды урушпаганга аракет кылам. Өзгөчө кызымды. Анткени ал кыз, конок. Үй-бүлөдө эжем экөөбүз удаа өстүк. Атам “эй, ал конок, аны сокпо, урушпа” деп көп айтчу. “Эмнеге эле эжеме болуша берет?” дечүмүн. Көрсө, чын экен. Кыз чоңоёт, бойго жетип башка бүлөгө кетет. Кызыма Айфон алып берсем, көптөр “жөнөкөй эле телефон алып бербейт белең” дешти. Кызым азыр менин камкордугумда, азыр алып бербегенде качан алып берем? Бир күнү бийге барам дейт, бийден тажап, йогага барам дейт. 2-3 ай сайын алмаштыра берет. Бала 12 жашка чейин өзүн издейт экен. Каякка барам десе ташый берем. Балам азыр ойноок куракта, 4 жашта.
Гулийпа Маметосмон кызы