Той-маараке башкарып жүргөн тамадалар жумушуна байланыштуу кызыктуу окуяларын айтып беришти. Эл ичинде күлкүлүү да, таң калычтуу да жоруктар көп эмеспи, бир жылмайып коюңуз, окурман.
Эрнест Бөрүбаев: “Май колу менен кучактап, телефонумду уурдап...”
– Жакында бир тойду алып бардым. Той бүтүп, эл тарады. Ак көйнөкчөн жүргөм. Аңгыча ашкана жактан бир эркек чыга келип “салам, "братан"! Мен эт бышырып жүрүп, тойду көрбөй калбадымбы. Бирок оюндарды уюштуруп, тойду кызытып жатканыңды угуп жаттым. Өзүм да күлө берип эзилип кала жаздадым. Тим эле красавчик жигитсиң да, Эрнест, келчи“ деп туруп эле май колдору менен шап кучактай калса болобу. Көйнөгүм майланышып жатып калды. “Көйнөктү кир кылдыңыз го!” десем, ал кечирим сурагандын ордуна кайра “эй, мен сени жакшы бала экен десем, көйнөктү айтасың да. Сен деле “ылдый түш, жаныма келбе, мени менен сүрөткө түшпө” дегендерден турбайсыңбы” деп таарынып кетип калды. Кызыктай эле болуп туруп калдым. Анан артынан “кир болсо мейли, кучактай бериңиз, көйнөк табылат!” деп кыйкырсам, кайра келип “бул пранк болчу, сенден өткөн куудул бекем?” деп ырсайды го, чиркин!
Дагы бир окуяны айтып берейин. Мындан бир топ жыл мурун тойдо кубатталсын деп сайып койгон Айфонум жоголду. Ал телефондо алдыда боло турган тойлордун даталары, өтчү жерлери жазылган эле. Анан былтыр жакшы тааныш молдоке менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатсам ал “жанымда бир жигит турат. Ал бир тойдон сенин телефонуңду уурдап алган экен. Ошону айтып сенден кечирим сурап жатат. Өзү айткандан уялат экен. Азыр намаз окуйт, молдо болуп калган” десе болобу. “Жакшы жолго түшсө эле болду, кечирдим аны” дедим. Бирок телефонумду кайтарып берген жок.
Кутман Султанов: “Тойго 1 ай мурун барып алгам”
– Ош менен Кызыл-Кыяда аттары окшош ресторандар бар. Бир жолу тойго алган буюртмам боюнча саат 3төрдө Оштон жөнөп, 6ларда Кызыл-Кыядагы бир ресторанга жетип бардым. Мааракелик той өтмөк. Жеткенимде той ээси чалып “Кутман, келдиңби?” деди. “Келдим” десем, “анда кирбейсиңби?” деп калды. Кирсем той ээлери башка. Кайра телефонум шыңгырап мен буюртма алган той ээлери “кайда турасың, сени көрбөй жатабыз го?” дешти. “Мен ичкериде турбаймынбы?!” дейм. Мындагы той ээлери болсо “биз сени чакырган эмеспиз тамадалыкка, биздики башка” деп оозумду ачырышты. Ошондо ойлоно түшүп, тигилерге чалып “той кайсы шаарда өтмөк эле?” десем, “Ошто да” дешти. Оо, кокуй, деп алаканды шак чаап, бир тамада шакиртиме чалып “сен тойду ачып, алып бара бер. Мен адашып Кызыл-Кыяга келип алыпмын” деп кайра Ошко жөнөдүм. Саат 9да жетип, тойдун жарымынан тартып өзүм алып баргам.
Бир жолу Өзгөндөн тойго буюртма алдым. Уюлдук телефонума жазылган дата боюнча жардамчым экөөбүз даярданып, түштөн кийин Өзгөнгө жөнөдүк. Саат 6ларда барып той ээлерине чалып “биз келдик, келсеңиздер программаны жазып алалы” десем, ал “эмнеге келдиңер?” дейт кайра. “Эмнеге келмек элек, тойго келдик. Тамадалыкка буюртма бербедиңиз беле? Мына датасы, 30у деп турат” десем, “Кутман, биздин той кийинки айдын 30у эмес беле?!” деп күлөт. Тойго 1 ай мурун барып алыптырмын.
Замир Кайназаров: “Үйлөнүп жаткан жигит мас болуп, өзүнүн тоюн көрбөй калган”
– Мындан эки жыл мурун үлпөт тойду алып бардым. Тойго ресторан толо эл келди, тойду баштадым. Баштаганда эле карасам үйлөнүп жаткан жигит мас болуп калыптыр, бутуна тура албайт. Айла жок, туугандары менен сүйлөшүп, колуктунун өзүн жар-жар айтып залга киргиздик. Төрдө колукту, анын курбусу жана күйөө жолдош үчөө отурду. Жигиттин жакындары улам барып аны соолуктурууга аракет кылып жатышты, бирок майнап чыккан жок. Той бүтөйүн деп калганда гана жигит зорго өзүнө келди, бата берген учурга катышып калды. Ошентип өзүнүн үйлөнүү тоюн көрбөй калган.
Байыш Момунов: “Бир жигит келип бул тойго мен тамадамын деген...”
– Мындан 3-4 жыл мурунку окуя. Той болор күнү зарыл иштерим чыгып калып, тойго бир аз кечигип, салтанат башталарга жакын ресторанга кирип бардым. Барып эле той ээлерин “болгула, кудалар каяктан, канча адамга сөз беребиз?” деп шаштыра баштадым. Алар айтып жатышат, мен жазып жатам. Байкасам, той ээлери мага бейтааныш. Аңгыча мага бирөө чалып “келбейсиңби, коноктор орун алып отуруп калышты” деп калды. Ошондо чындап шекшип “сиздер каердесиздер?” деп сурадым. Көрсө, ал ресторанда 2 зал бар экен. Мен башка эле залга кирип алыптырмын. Аңгыча бир жигит келип “бул тойго мен тамадамын” дейт күлүп. Ага колумдагы кагазды карматып, берки залга чуркап кеткем.
Мадин Итикеев: “Адашып келген 2 ырчыны бекер ырдаткам”
– Мындан 15 жыл мурун Бишкектин четиндеги чакан кафеде бир карапайым үй-бүлөнүн тоюн алып барып калдым. 200дөй конок келди. Той ээси “ырчы-чоорчуларга акчам жок, аларсыз эле тойду жакшы өткөрүп бер эми” деп суранып калды. Той өтүп жатканда 2 атактуу ырчы далбастап кирип келип, “Мадин, бизди ырдатып тез кетир, шашып жатабыз” дешти. Аларды көрүп той ээси “ырчыларга акчам жок дебедим беле?” деп калды. Мен “сиздей жакшы адамга аларды өзүмдүн атымдан чакырып койгом, бекер” деп салдым. Ал ырчылардын адашып келип алганын дароо эле билгем. Экөө удаа-удаа ырдап, эл бийлеп, той кызып кетти. Анан ырдап бүтүшүп экөө “Мади, бизди жөнөт эми, акчабызды ким берет?” деп калышты. Мен “силерди ким чакырды эле?” эле деп сураарым менен алардын биринин телефону шыңгырады. “Ай, качан келесиңер? Эл күтүп калды. Болбойсуңарбы?” деген үн угулду. Экөө “кашайып, башка тойго келип алыптырбыз, кеттик” деп шашкан бойдон чыгып кетишти. Мен алпарган тойдун ээлери болсо “тамада биз үчүн ырчыларды өзүнүн атынан чакырып берген” деп азыркыга чейин ыраазычылык айтып келишет.
Дагы бир тойдогу окуя. Бир чиновник элден өзгөчөлөнүп, керкейип отурган. Аңгыча каалоо-тилек айтуу кезеги келип, ортого чыккан тиги киши “куда-сөөктөр” деп айтам деп “урматтуу куда сөрөйлөр” деп балп этпеспи?! Уу-дуу болуп жаткан зал тымтырс болуп, баары тигинин оозун карап калышты. Тиги чиновник жаңылганын сезип, кечирим сурап, сөзүн оңдоп кетти. Бирок “куда сөрөйлөр” дегени баары бир отургандардын кулагында калып калды.
Аман Ибраев: “Кыз-күйөө, кудасы жок той алып баргам”
– Бир жолу Ошто баш кошуп жаткан жаш жубайлары, кудасы жок той алып баргам. Кыш мезгили болчу. Жигит Алайдан үйлөнүп жаткан, эртең менен эрте кортеж менен кызды алып келгенге Алайга кетишкен. Белгиленген убакта ресторанга бардым. Күтсөк жигит да, колуктусу да, кудалар да жок. Айла жок тойду баштап, ылайыктап ар кимисине сөз берип жаттым. Оюн ойнотсом да маанайлары суз баарынын. Тамактар болсо өз убагы менен берилип жатат. Анан түнкү саат 12де эки жаш менен кудалар кирип келишти. Көрсө, жол тайгак болуп, унаалары менен ашуудан аша албай көпкө кармалышыптыр. Баарын шашылыш киргизип, 2 жашка бата берип эле тойду бүтүргөнбүз.
Канымжан Усупбекова