МАШИНАҢЫЗДЫ МАЙДАСЫНА ЧЕЙИН БИЛЕСИЗБИ?

Илим жана техника

Көчөгө чыксаң, автоунаалардан баш адашып, жол тыгындары көбөйгөн заман. Аларды чыгарган компанияларда да атаандаштык күчөп, биринен бири өтүп жаңы функциялары бар автоунааларды чыгарышууда. Замандан артта калбай, бизге да ошондой унаалар келип, аны менен кошо биз жакшы түшүнө бербеген жаңы сөздөр пайда болду. Ошондуктан кыскача автотүшүндүрмөнү сунуш кылууну туура көрдүк.

КРУИЗ-КОНТРОЛЬ
Круиз-контроль – айдоочусуз эле автоунаанын туруктуу ылдамдыгын сактап туруучу механизм. Ал ылдамдык азайып баратканда көбөйтүп жана көбөйүп баратканда ылдамдыкты азайтып турат. Мисалы, айдоочунун катыштыгы жок эле ылдый түшүп баратканда ылдамдыкты азайтса, өйдө чыгып баратканда газды көбөйтүп турат.
Мындан сырткары алдыда бараткан автоунаа менен аралыкты бир калыпта кармап турууну башкарат. Алыс жол жүргөндөр үчүн аябай ыңгайлуу. Автоунаанын круиз-контролун башкаруу жеңил. Механизмди иштеткенден кийин индикатор күйөт. Унааны керектүү ылдамдыкка чейин жеткирип алган соң механизмге ылдамдыкты эске туттуруп коюу гана керек. Мындай учурда тормоздун педалын баспай эле койсоңуз болот. Эгер айдоочу тормоздун педалын басса, система иштөөсүн токтотот. Аны кайрадан ишке киргизүү керектелет. Круиз-контроль автомат коробкага да, механикалык коробкага да орнотулат. Негизинен, саатына ­­
40-140 чакырым ылдамдык диапазондо иштейт.

ПАРКТРОНИК
Көчөлөрдөгү тыгындар акыркы убакта эң актуалдуу көйгөйлөрдүн катарына кирип калбадыбы. Мындан да жаманы – дайыма толуп турган жолдун жээктери.
Жердин тардыгынан улам автоунаасын жол эрежелерин бузбай жана бир нерсени сүзүп албай токтотуу үчүн айдоочудан тапкычтык талап кылынат. Тар жерге автоунаасын токтотом деп жатып бамперин уруп алгандарды көп эле көрүп жүрбөйбүзбү. Парктроник мына ушундай көйгөйлөргө жардам берүү кызматын аткарат. Ал датчиктерден, башкаруу блогунан жана спикерден (динамик) турат. Датчиктер алдыңкы жана арткы бамперлерге тизилип орнотулат да, башкаруу блогуна маалымат берип турат. Бир нерсеге бампер өтө жакындаганда башкаруу блогу эскертүү сигналын берет. Бул учурда спикер ишке кирет да, ар кандай тондогу жана узактыктагы үн сигналын чыгарат. Ушундай жол менен айдоочуда автоунаасын тар жерге так жана абайлап токтотконго мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ТИПТРОНИК
Типтроник – КППнын (кол менен башкарылуучу кыймыл берүү коробкасы) элементтери бар АКПП (автоматтык кыймыл берүү коробкасы). Автоунааны сатып алууда кардар кандай кыймыл берүү коробканы тандаарын чечип алышы керек, автоматтыкпы же механикалыкпы. АКППны тандагандар айдоочу ашыкча түйшүк кылбаган автоунааны алышат. Бул көбүнчө аялдарга жагат. Ал эми кээ бир айдоочулар АКПП менен өзүн жаман сезерин айтышат.
1990-жылы “Порше” автокомпаниясы жаңы “Типтроник” аталыштагы коробка коюлган Порше 911 автоунаасын сатыкка чыгарган. Убакыттын өтүшү менен типтроник тибиндеги коробка менен башка компаниялар да өздөрүнүн унааларын жабдый башташкан. “Порше” типтроник сөзүн соода маркасы деп патенттеп алганы үчүн өзүлөрүнүн коробкасын башкача аталышта чыгарышат. Мисалга, BMW – steptronic, Chrysler – autostuck, Honda – S-Matic жана башка.

ИММОБИЛАЙЗЕР
Иммобилайзер – автоунааны сыр сандарсыз от алдырбай турган түзүлүш. Бул автоунааны ээси гана башкарышын камсыздап, уурдап кетүүдөн сактайт. Ушундай максатта автоматтык-электрондук ачкыч колдонулат да, ал ачкычка атайын код коюлуп, аны тергенде же жашыруун кнопканы басканда гана автоунаа от алат. Бирок айнекти талкалап же эшикти бузуп кирип, ичиндеги буюмдарды уурдагандардан сактай албайт. Азыр жаңы автоунаалар заводдон эле иммобилайзерлер менен жабдылат.

БОРТ-КОМПЬЮТЕР
Борт-компьютер – айдоочуга ар кандай маалыматтарды берип туруучу система. Мисалга, күйүүчү майдын чыгымын, жол жүрүүнүн орточо ылдамдыгын, абанын температурасын жана башкаларды. Мындан башка да автоунаанын көптөгөн системаларын көзөмөлдөп, алар бузулганда белги берип турат.

Нурбек Абдыкадыров
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
huba-buba
2011-08-13 17:39:07
мынча жакшы...
-1
lastochka87.
2013-09-18 02:51:57
жакшы маалымат
-1
orozbaev_83
2013-12-17 13:51:27
жакшы экен
-1
jipara86
2014-02-20 15:37:56
жакшы маалымат экен
0
mastermaster
2014-06-13 17:05:47
маалымат толук эмес,билбегендер чала маалымат алып калышат,мисалы типтроник туурасында,автомат менен механиканы баары эле билет,а типтроник эмне экекнин тушундурмосу жок.
0
№ 433, 18-24-февраль, 2011-жыл.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан