Үмөт Дөөлөтов, манасчы: «Башка кесипти тандасам да, манасчылыкты таштабайм»

Каарманыбыз Үмөт Дөөлөтов 9 жашында “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алган Кыргыздагы биринчи адам. Мындан 9 жыл мурун ал жашаган Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылына барып ата-энесинен, өзүнөн кызыктуу маек алып келген элем. Ал кездеги кичинекей Үмөт учурда зыңкыйган жигит болуптур. Маңдайымда келишимдүү, сөздү орду менен сүйлөгөн жигит отурду. 

– Кандайсың, Үмөт, сен “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин алганыңда Ысык-Көлгө барып сонун көрсөтүү тартып келгенбиз, эсиңдеби?

– Ооба, Super.kg порталы менен чогуу баргансыз, көл жээгине барып "Манас" айтып бергем. Атам автоунаасы менен бизди ары-бери ташып жүргөн болчу, адашпасам. Анда Үмөт манасчы дешип жылдызым жанып турган убак эле да. Архивдеги маектеримди окуп азыр бир сыйра күлүп алам. Анда эмне, балалык баёо сезим менен оюмдагыны эле сүйлөп коё берчүмүн. Чоң кызматтагы саясий ишмерлер, президенттер Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаевдер менен чоң адамдардай эле сүйлөшүп койчумун. Мени баары жакшы көрүшчү.

– Андан бери мезгил алмашты, көп суулар акты дегендей, кичинеңде жарк деп чыгып эле, кайра көрүнбөй кеттиң?

– Өзүм жашаган Бактуу-Долоноту айылындагы мектепти аяктадым. Мектептер аралык кароо-сынактарды алып барып, "Манас" таануу боюнча сынактарда калыс да болуп калдым. Окуучулук кезим маданият менен жуурулушуп эле өттү. Мектепти бүтүргөндө Бишкекке келгем, учурда медициналык окуу жайда 2-курста окуп жатам. Буюрса, келечектеги тиш дарыгеримин.

– Маданияттан алыс кесипти тандапсың да, манасчылык өнөрүң кантти?

– Көптөр “көрүнбөй калдың, Манас атабызды таштадыңбы?” деп сурап жатышат. Бирок такыр андай эмес, манасчылык өнөрдү алып жүргөн адам эч качан аны таштай албайт, таштап койсо, демек, ал манасчы эмес. Манас – бул башка дүйнө, манасчылыкты өлгөндө гана таштайм. Окуу жайда менин манасчы экенимди көбү билбейт болчу, эми акырындан таанып “сен баягы кичинекей манасчы бала турбайсыңбы?” деп жатышат.

– Кичинеңде чын эле көп саясатчылар менен чоң адамдардай сүйлөшүп коймой жайың бар эле?

– Ооба, өнөрүмдүн артынан үлкөн адамдар менен бир учакта учуп, айрымдары менен достордой эле баарлашчумун. Роза Отунбаева эжекебиз “бул баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү эле силердики, калганы элдики, элдин уулу болсун” деп атама айтканы эсимде. Бир жолу атам менен Москвага илимий конференцияга барып "Манас" айтып, кайра кайтып келе жатсак, ошол биз отурган учакта экс-президент Алмазбек Атамбаев да бар экен. Атам экөөбүздү чакырып кофе ичип сүйлөшүп келгенбиз, атама алтын саатын белек кылды, мага болсо “Манасты таштаба” деп кеңешин айтты.

– "Манас" айтып жатканда образдан чыга албай ыйлап жиберген учурларың да болчу...

– Ооба, бир жолу Монголиянын президенти келип “Рух-Ордодо” "Манас" айтып калдым. Анда 5-6 жашта болсом керек, Манас ата менен Коңурбайдын сайышын айтып жаткам, айтканда окуяларды көз алдыңа элестетип айтасың да. "Манастагы" ошол эпизод күйүп жаткан отто чагылышып, Коңурбай менен Манас ата кадимкидей эле сайышып жатпайбы. Ошондо өзүмдү жоготуп койгом, сахна артынан эки киши келип көтөрүп чыгып кетишти. Атамды “балаңыз ыйлап жатат, келиңиз” деп чакыртышып, араң токтогон элем. Манасчылык өнөр касиети бар адамдарга гана берилет. Мен төрөлгөн Нарындын Миң-Булак айылынан көп манасчылар чыгышкан, мендеги өнөр ошол касиети бар адамдардан өтсө керек. Атам Миң-Булактын суусунан деп көп айтат. Өзүмдүн Болот атам да 7-классында Турдакун Усубалиевдин алдында "Манас" айткан экен, бирок чоң атам кийин үйдүн жалгыз баласысың деп айттырбай койгон экен. Атамдын кыргызчылыгы да бар, кичинемде "Манас" китептерди көп окуп берип, мен ошондон түшүнгөнүмдү "Манас" кылып айтчумун. Эгер атам азыркыга чейин "Манас" айтса чоң манасчы болмок.

– Кандай ойлойсуң, учурда мамлекет Манаска жетиштүү көңүл буруп жатабы?

– Жетиштүү деңгээлде көңүл бурулуп жатат. Бирок мындан да артык, мындан да масштабдуу иш-чаралар уюштурулушун каалайт элем. Манас ар бир кыргыздын канында бар нерсе. Биздин спортчулар Олимпиадага же башка беттештерге катышканда Манас атабызга дуба кылып анан чыкса жолдуу болмок. Бир жолу атам экөөбүз Сауд Арабиясында өткөн этно оюндарга катышып калдык, ошондо кыргыз балбаны беттешке чыгарда атам “кыргыздар, келгиле, Үмөткө "Манас" айттырып, Манас атабызга бата кылып анан чыксын, көрөсүңөр сөзсүз жеңет” деди. Бирок “убакыт тар, жетишпейбиз” деген шылтоо менен мага оюн алдында "Манас" айттырбай коюшкан. Ошол балбан беттеште утулуп калды. Кандай иш баштабайлы Манас атабызды айтып дуба кылып чыксак дейт элем.

– Жаштайыңдан эл сүймөнчүгү болдуң, бул нерсенин артыкчылыгы же кемчилиги эмнеде экенин сезе алдыңбы?

– Эл сүйүүсүнө арзуу деле чоң жоопкерчилик. Мектепте тентектик кылганда атам “сен деген тарыхтагы эң жаш маданият кызматкерисиң, башкаларга үлгү болушуң керек, тартиптүү бол, төш белгиге татыктуу бол” деп көп айтчу. Баламын да, ал кезде оюмдун баары оюн болуп көп маани берген эмесмин. Бул сыйлыктын баа-баркын эми түшүндүм.

– “Манас” эпосу Кыргызстандын атынан ЮНЕСКОго катталганда да Карганбек Самаков менен Францияга барып келген элең. Ал жакта да көпчүлүктү сунтандырганың айтылып жүрөт.

– Ал жакка мени менен кошо жети манасчы барган. Азыр түшүнгөнүм боюнча, Карганбек байкем мени аябай октогон экен да. “Сенин Манасыңды кытайлар тартып алганы жатышат, эмне, берип саласыңбы?” десе, “Манасымды бербейм” деп ыйлаганым эсимде. "Манастын" биздин атыбыздан
ЮНЕСКОго катталышы жарыяланганда мен эмес, чоң эле манасчылар ыйлашкан. Бул чоң тарыхый окуя да. Франциядагы отелде Карганбек Самаков байкем кой союп белгилегенбиз.

– “Саякбай” тасмасында манасчынын кичинекей кезин сенин аткарганыңды билебиз, кинодогу дебютуңа өзүң кандай баа бердиң?

– Улуу манасчынын бала кезин аткаруу мен үчүн сыймык. Тасмага тартылууну белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров сунуштаган. Негизи өзүмө да Саякбай атабыздын "Манас" айтканы жагат. Атам Саякбай атабыздын варианты чындыкка жакын деп эсептейт. Өзүм да чоңойгондо чепкен жамынып Саякбай атамдай манасчы болгум келчү. Бул тасма аркылуу кыялымдын бир бөлүгү орундалды десем болот.

 

Лунара Бекиева     

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1144, 7-13-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан