“Таманым жарылып, бастырбай кууратты...”  

Тамандын жарылып, басканда оорутуу жаратуусу адамдын жашоосунда бир топ эле дискомфорт жаратат. Коомчулукта “таманың жарылып жатса, демек, көп басасың” деген ишеним бар. Бирок бул дарттын жаралуу себептери көп. Таманы жарылып кыйналып жаткандар үчүн макалабыз “шпаргалга” болсун.

ДЕРМАТИТ

Тамандын жарылуусу теринин дерматит оорусунун бир түрүнө кирет. Бул оору теринин ийкемдүүлүгүнүн жана бекемдигинин төмөндөшүнөн улам өнүгүп кетет. Коллаген жана эластин жипчелеринин жетишсиздиги жана теридеги гидролипиддердин балансынын бузулушу да таманда жарака пайда болушунда маанилүү роль ойнойт. Эгер бул дарт көпкө созулуп, айыкпай жатса, тезинен врач-подологго кайрылуу керек. “Дүйнө жүзүндө ар бир үчүнчү аял жана ар бир төртүнчү эркек тамандын жарылуу дартына туш болот. Мындан он жыл мурун 40 жаштан өткөндөр гана жабыркашчу. Азыркы учурда дарт “жашарып” бара жатат” дешет подологдор.

ПАЙДА БОЛУУ СЕБЕПТЕРИ

Тамандагы жарака эндогендик (ички) жана экзогендик (сырткы) факторлордун себебинен улам пайда болот.

Эндогендик факторлор:

- Эндокриндик оорулар: кант диабети, гипотиреоз, семирүү, гормоналдык дисбаланс, анемия (темир жетишсиздиги);

- Зат алмашуунун бузулуусу;

- А, Е, В тобундагы витаминдердин жетишсиздиги (авитаминоз);

- Ашказан-ичеги оорулары;

- Боор, бөйрөк оорулары;

- Жүрөк-кан тамыр оорулары;

- Тери оорулары: экзема, псориаз, грибок, дерматит жана башка;

- Дары-дармектердин терс таасири;

- Буттагы деформациялык оорулар: май тамандуулук, тамандагы шпора (фасциит) жана башка;

- Кан айлануунун бузулушу.

Экзогендик факторлор:

• Туура эмес бут кийим: тар же чоң, табигый эмес материалдан жасалган, аба өткөрбөгөн жана башка;

• Жеке гигиенанын сакталбашы;

• Нымдуулуктун жетишсиздиги:

• Бутка күч келтирүү: узак убакыт тик туруу, көпкө басуу, оор көтөрүү жана башка;

• Аба ырайы: кургак, муздак, ысык аба терини кургатып, жарака кетүүсүнө себепчи болот.

ЖАРАКАНЫН ТҮРЛӨРҮ

Тамандагы жарака жеңил жана терең болуп экиге бөлүнөт. Жеңили адамга өтө дискомфорт жаратпайт, тамандагы жаракалар ичке, кыска болуп теринин үстүнкү эпидермис катмарын гана жабыркатат. Жеңил түрүн үй шартында деле дарылап алса болот.

Тереңин дарылоодо комплекстүү иш-аракеттер керек. Бул учурда теринин эпидермис жана дерма (теринин ортонку бөлүгү) катмары жабыркайт. Тамандагы жаракалар терең, узун болуп канайт, дарылабай жүрө берсе сезгенип, ириңдеп баштайт. Адам баскан сайын көзүнөн “жылдыздар учуп”, кыйналат. Бул учурда өзүм билемдик менен дарылоо жардам бербеши ыктымал. Андыктан сөзсүз подологго кайрылуу керек. Ал өз кезегинде анализ жүргүзүп, дарттын келип чыгуу себептерин аныктайт. Керек болсо, ортопед, терапевт, дерматолог врачтар менен биргеликте дарылоо жолдорун аныктап беришет.

ҮЙ ШАРТЫНДА ДАРЫЛОО

Азыркы учурда тамандын жаракасын дарылоого ылайыкталган крем, мазь, гель жана башка каражаттардын түрлөрү көп. Дарыканадан алып жатканда курамында глицерин, мочевина (карбамид), ланолин, ши майы бар каражаттарды алсаңыз жакшы жыйынтык берет.

Сода ваннасы

Сода ваннасы таман терисиндеги оорулардын алдын алган мыкты каражаттардын бири. Сода аралашмасы буттагы жоруп мозолго айланган, катып калган терилерди жумшартат, сезгенүүлөрдүн алдын алат. Аралашманы даярдоо жолу жөнөкөй: 1 литр сууга 1 аш кашык тамак-аш содасын кошуу керек, 2 литр болсо соданын да өлчөмун көбөйтөбүз. Бут күйбөгөндөй жылуу сууга соданы кошуп, бутту салгандан кийин 15-20 мүнөт отуруу керек. Териге дагы жумшартуучу, нымдандыруучу, эс алдыруучу эффект кошом десеңиз, сууга эфир майларын (лаванда, сандал жана башка) кошуп койсоңуз сонун болот. Андан кийин бутту жакшылап кургатып, дарыканадан сатып алган дары майды сүйкөңүз да, табигый материалдан байпак кийип бутту жылуу алып жүрүңүз.

Жумуртка маскасы

1 жумуртканын сарысына 1 аш кашык лимон ширесин жана 1 кашык крахмал (жүгөрү, картошка) кошуп жакшылап аралаштыруу керек. Алдын ала бутту жылуу сууга 15-20 мүнөт салып, терисин жумшартып алгандан кийин даяр аралашманы калың кылып сүйкөйбүз. Сыртынан тамак-аш плёнкасы менен ороп, байпак кийип алып 30 мүнөт күтөбүз. Андан кийин бутту жылуу суу менен жууп, крем сүйкөп, кайра байпак кийип алыңыз.

Алоэ маскасы

Бул масканын рецепти да оңой. Алоэнин чоң жалбырагын таза жууп, ботко абалына келгиче майдалаңыз. Кечинде жатарда алоэнин боткосун бутка сүйкөп тамак-аш плёнкасын ороп же полиэтилен баштык кийип, үстүнөн байпак кийип жатып алыңыз. Эртең менен бутту жылуу сууга жууп, крем сүйкөп алыңыз.

Массаж

Денеңизди укалаткандан кандай ырахат аласыз, ээ? Ошондой эле укалоого бут, анын ичинде таман да муктаж. Укалоо тамандагы кан, зат алмашуу процессин жөнгө салат. Андыктан жумасына эки жолу таманыңызды, буттун ар бир манжасын жакшылап укалаганды адатка айлантыңыз. Бул сизди көтөрүп жүргөн бутуңуздун саламаттыгына пайда гана алып келет.

ДАРЫЛАНГАНДАН КИЙИН...

Жарылган таманды ийгиликтүү дарылап алгандан кийин келечекте бул маселеге кабылбаш үчүн эмне кылуу керек?

1. Организмге керектүү минерал, витаминдер көп тамак-аштарды колдонгонго аракет кылуу керек.

2. Ашыкча салмак бутка, анын ичинде таманга күч келтирет. Андыктан салмактын нормадан ашып кетпешин көзөмөлгө алуу.

3. Кан алмашуу, зат алмашуу жакшы болушу үчүн көп кыймылдаңыз, таза абада сейилдеңиз.

4. Организмде суунун жетишсиздиги болбошу керек. Андыктан күнүнө 1,5-2 литр таза суу ичүү зарыл.

5. Гигиенага көңүл буруу. Күнүгө бутту жууп, нымдандыруучу, азыктандыруучу крем, майларды сүйкөп туруңуз.

6. Бир айда бир педикюр адисине барып, тамандагы кургап, катып калган терилерден арылып туруу, тырмакты туура алдыруу.

7. Таманды кыруу үчүн катуу щётка, таш жана башка каражаттарды колдонгондо сак болуңуз. Жаракасы бар жерди кырганда абалды курчутуп жибересиз. Кыргандан кийин таманга май, крем же атайын маска жасоо керек.

8. Жылаңайлак көп баспаңыз, табигый материалдан байпак жана бут кийим кийиңиз.

Асыл Орозбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1144, 7-13-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан