12-ноябрда Ички иштер министрлиги башкы прокурордун мурдагы орун басары Адыл уулу Кубан кармалганын кабарлады.
ИИМдин маалыматы боюнча, атайын түзүлгөн кылмыштуу топ 17-ноябрь – жергиликтүү кеңештерге шайлоо өткөн күнү бийликти басып алуу максатында өлкөдө баш аламандык уюштурууну көздөшкөн.
– Топ түзүлгөндө топтун мүчөлөрүнүн ар биринин ролу бөлүштүрүлгөн: уюштуруучулар, көмөктөшүүчүлөр, каржылоочулар жана аткаруучулар болушкан. Алар Бишкектин четинде спорттук оюндарды уюштурууну, 17-ноябрда бийликти басып алуу максатында баш аламандыкка чакырык жасоону пландашкан,- деп айтылат маалыматта.
Адыл уулунан тышкары 6 адам кармалып, 2025-жылдын 10-январына чейинки мөөнөткө камакка алынды. Кармалгандар “массалык баш аламандыктар”, “кылмышка даярдык көрүү”, “уюшкан топ түзүү же ага катышуу”, “бийликти күч менен басып алуу” беренелери боюнча айыпталууда. "Адыл уулу топту координациялоо, укук коргоо органдары менен байланыш жана каржылык камсыздоо жагын моюнга алган" деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы. Кармалган топтун кампасынан 1000 бөтөлкө спирт ичимдиги, баш аламандык уюштурууга керектүү каражаттар табылган.
Адыл уулу Кубан 2021-2024-жылдары Курманкул Зулушев баш прокурор кезинде анын орун басары болуп турган.