(Башы өткөн сандарда)
Самат уулуна убада кылгандай бул ишти жакшылап иликтеп чыкты. Андай ойлонсо да, мындай ойлонсо да жиптин учу өзү каалабаган жерге бара жатканын билди. Анткени Лимондун өтмүшүн карап отуруп Алиге тиешелүү эч нерсе таппады. Эч бир илинчек жок. Анын балдарын уурдап кетет деп ойлогудай деги бир кастыгы болушу мүмкүн эмес экен. Бирок шектенген нерсеси болушу мүмкүн. Окуянын таптакыр башкача болуу ыктымалы бар. Көптү көргөн экс-опердин акылы окуянын учу кайсы жакка бара жатканын сезип турду. Ооба, оор болушу мүмкүн, бирок кандай болсо да бул нерсени Алинин билгени туура. Андан башка жолу жоктой көрүнөт.
– Алло, Али, кандайсың?
– Жакшы, ата, өзүңөр кандай турасыңар?
Көп жылдардан бери баласынын “ата” дегенин укпаган жаны, бир жылуу толкун каптап кеткенин сезди. Жылмайып алды.
– Жакшы, сен келип кетчи үйгө.
– Тынч элеби?
– Машиненин номери кимдики экенин таптым.
Али Акайдын колунан телефон түшүп кете жаздады.
– Азыр барам.
Тез ордунан туруп кийине баштады.
– Али, материал бүтө элек. Сен кайда?
– Бүтөт, бүтүрөм. Азыр мен бир жерге барып келишим керек! Сен мен айткандай монтаждай бер.
Оператор ийинин куушурган бойдон калып калды. Али шашып чыгып кетти. Жиптин учу кайсы жерге барып такала турганын азырынча биле элек. Аз убакытта дүйнөсү аңтарылып жатып каларын кайдан билсин?..
ххх
Нурбек кыжалат болуп жатты. Басса-турса ойлуу, бир заматта эле чочугансып телефонун алып сыртка чыгып кетет. Кызы менен уулуна мурункудай көңүл бурбай калыптыр. Уулу бир нерсе деп сураса кыжыры келип, аны колу менен түртө салып кайра эле телефонуна үңүлөт. Асем муну байкап эле жатты. Бирок аялдык кылып чыр чыгара берүү анын табиятында жок эле. Тиктеп койду нааразы боло. Нурбек кайрадан сыртка чыгып кетти. Терезеден караса колун жаңсагылап бирөө менен урушуп жаткандай. “Кызык, ким болушу мүмкүн?..” деп ойлоп турду.
– Сага эмне болгон, бир нерсеге кыжалат болуп жатасыңбы?- деди киргенде.
– Жок, баары жайында.
– Жайында эмес экенин көрүп жатпаймынбы.
– Жаагыңды басчы!
Күйөөсү корс эте бир тийди. Асем шаабайы сууй тескери карап кетти, көзүнүн жашын көрсөткүсү келген жок. Ата-энесинин, бир туугандарынын “кой, болбойт” дегенине көнбөй тийип алган эр сөрөйү ушул. Баш кошконуна беш жылга жетпей ушинтип өзгөрүп кетерин ким билиптир?.. Убагында ааламда Асемден башканы көрбөй чарк айланган Нурбек азыр жок. Тиричиликтин айынан бир жыл эл катары орусиялап жүрдү. Келгенине 15 күн деле боло элек. Кайрадан Москвага билет алам деп оолугуп калганы кызык.
– Барбайсың!- деди Асем. Кайраттуу жана өктөм чыкты үнү.
– Хе, сен тоскоол болосуңбу?
– Мен эмес, балдарың. Экөө тең сагынды. Кетсек бул жолу чогуу кетебиз.
– Сага бышырып коюптурбу? Билесиңби ал жакта кандай оор жашоо? Балдар менен мүмкүн эмес кеткенге.
– Кетпейсиң!
Асем ушуну бекем айтты да, балдарын алып чыгып кетти.
ххх
Атасынын үйүнө кирип келген Али саламдашып жанына отурду. Самат анын абалын байкап сөздү узартып отурган жок. Сөздү ток этер жеринен баштады.
– Кыскасы, машиненин номери кимге таандык экенин таптык. Анын Лимон менен болгон байланышын да билдик. Көп жылдар бою анын ишенимдүү адамы, “оң колу” болуптур. Айрым бизнестери да анын атына жазылган экен. Демек, Лимон бул адамга абдан ишенген.
– Анан?
– Машине ошол адамдын атына катталган. Бирок сүрөттө рулда отурган адам Лимон өзү болушу мүмкүн. Ушул окуядан эки жума мурун ал түрмөдөн чыккан экен.
– Анан?
– Ананы ошол. Аты Азим. Үйүнүн дарегине чейин бар. Бирок сен барып андан сурай албайсың. Жакасына жабыша албайсың!
– Эмнеге?
Самат уулун аяп карап койду. Айла жок, азыр айтышы керек. Кандай болсо да айтыла турган учур.
– Бул жерде бир чоң сыр бардай. Анткени бул адам сенин мурунку аялың Элестин азыркы күйөөсү!
– Кандайча?
– 5 жыл мурун экөө расмий никеге туруптур. Экөөнүн бир кызы бар.
Али башына таш тийгендей делдейип калды. Бул нерсе кандайча болот? Элес өз балдарын жоготкон адамга кантип баш кошту? Жок, жок, мүмкүн эмес.
– Сен анын кимге баш кошконун билчү белең?
– Жок, – деди баш чайкаган Али. – Биз ажырашкандан кийин тез эле турмушка чыгып кетти. Мен ага катуу таарынгандыктан кимге турмушка чыкканына да кызыккан эмесмин. Бирок бизнесмен экенин кулагым чалган.
– Азим Лимондун “оң колу” катары белгилүү, бирок “каралар” дүйнөсүндө эч качан чоң фигура болгон эмес. Көлөкөдө кала берген. Бирок башында айткандай, Лимондун ишенимине кирген адам катары анын колунда бир топ бизнеси калган. Азыр чукуласаң да эч нерсе таппай тургандай таптаза. Бирок бизнес чөйрөсүндө да белгилүү адам болууну каалбайт окшойт.
– Азим дедиңизби?
– Ооба, таанышпы сага бул ысым? Табалдиев Азим.
Мындай атты же фамилияны укканы эсинде жок. Самат уулунун алдына сүрөт таштады.
– Бири мурунку абалы, бири азыркы.
Бир сүрөттө аны чачы такыр кырылган, көздөрү куу тиктеген жаш жигит карап турду. Экинчисинде чачын ак аралаган, кычырап кийинген, интеллигент адам. Эки сүрөттө эки башка адам тургандай эле.
– Ушунчалык өзгөрө алабы адам?
– Пластикалык операция. Адам эмнеге мынча өзгөргүсү келгенин ким билсин?.. Жүзү эле эмес, кийинүү стили, чач жасалгасы, баары өзгөргөнү көрүнүп турат. Демек, өткөн жашоосунун дарбазасын ушунчалык бекем жапканга аракет кылган.
Али сүрөттү тиктеп турду. Акылына эч сыйдыра албай жатты. Элес ушул адамга кантип турмушка чыкты? Кандайча болот мындай? Өз балдарын колунан алып койгон бул адам менен кандайча бирикти жолдору? Бул эмне деген сыр?
– Али, сен бул иштин түйүнүн акырындап чече аласың. Бир жаңылыштык кетирип баарын бузуп салба. Азыр Элести да, Азимди да сырттан кара. Изилде. Балдар тууралуу такыр ооз ачпаш керек. Сенин түйүндү чечүүгө аракет кылып жатканыңды билишсе, башка бир жолдор менен абалдан чыгып кетиши мүмкүн. Ошондуктан эч шашпа.
– Макул, баары сен айткандай болот, ата.
Али сүрөттөрдү алып чөнтөгүнө салды.
– Эч бир социалдык тармактарда, эч бир коомдук жайда жок бул адам. Издеп убара болбо,- деди атасы.
Уулу башын ийкеди да чыгып кетти. Машинесине отурду, таң калып бүтпөй жатты. Үч уктаса түшүнө кирбеген окуя. Азыр эле дарегин таап, кокодон алып жыгылгысы келди. Бирок андан эмне табат? Ушунча жылдан бери жөргөмүштүн желесиндей кылып тартып келе жаткан тузагын үзүп албашы керек.
Үйүнө жетти. Элес менен түшкөн эски сүрөттөрүн алып чыкты. Тиктеп отура берди. Биринчи таанышканын эстеди. Башын айланткан махабатты, ээ-жаа бербеген сезимдерин эсине түшүрдү. Дегеле бул аял ким? Кайдан келди? Эмнеге эч кандай тууган-туушканы болгон жок? Адамдын жок дегенде алысыраак тууганы болушу керек эмес беле? Болуптур, ата-энеси каза болуп калыптыр, кыргызда таяке-жээн, ага-тууган деген кантип болбосун? “Менин эч кимим жок” деген эле Элес муңайым гана. Мындай болушу мүмкүн беле? Ушунчалык алданып калдыбы? Сүрөттү тиктеп отурган Алинин акылы туман...
(Уландысы кийинки санда)