Жүрөк сыры
Редакцияга баш баккан бул жигитти көчөдөн көрсөм, оор трагедияны көтөрүп жүргөнүн, осол тил менен айтканда, гей экенин байкамак эмесмин. Мотурайган айылдык кыргыз жигиттин кыздарга мүнөздүү уяңдыгы сүйлөгөндө гана билинип турду. “Окуп чыксаңыз” деди ал колундагы кагазын сунуп...
“АЛГАЧКЫ ЖОРТУУЛ”
– Өзүм 20 жаштамын. Башында бардык эле балдардай бактылуу элем. Кичинемде дээрлик балдардын оюнун ойнобой, кыздарга жакын болчумун. Чоңойгон сайын менде эркектерге болгон кызыгуу басымдуулук кыла баштады. Баарынан да адам өз табиятын түшүнө албай кыйналганы жаман экен. Жигит чоңойгон сайын кыздарга ыктап баштайт го. А мен кыялымда эркек менен төшөктө жатканымды элестете берчүмүн. Кийин Бишкектеги жогорку окуу жайлардын биринде окуй баштаганда гей дегендер болорун угуп, ал тууралуу биле баштадым. Бир чети “мага окшогондор да бар тура” деген ойго келип сүйүнсөм, экинчи чети “кантип мен гей болоюн, демек, мен оорулуу адам турбаймынбы?” деп сыздадым. Бир күнү “гейлер менен таанышам” деген жарыяны окуп, телефон чалдым. Телефондогу Рахат деген жигит жагымдуу сүйлөштү.
Гейлердин чөйрөсү... Билесизби, бул чөйрөгө кабылганга чейин кыргыздарда ушунчалык көп гей бар экенин билген эмесмин. Мени бул чөйрөгө кошкон мырза бир байкенин үйүнө алып барды. Ошол түнү Рахат менен болдум. Ал жакта жашы 40тарга барып калган эки байке да бири-бирине кумар тартуулашты. Өзүмдөн өзүм жийиркенип, ушундай тагдырга туш болгуча өлүп калбай деп ойлодум. Бирок тор сымал жайылган арам жашоо мени арбай берди.
“ГЕЙ СУЛУУЛАРЫНА “СТАВКА” КОЮЛАТ”
– Гейлердин “Маяк” аттуу клубу бар. Ал клубга кимдер гана барышпайт. Саясатчылардан баштап шоу-бизнестин жылдыздарына чейин ошол клубдан көрүүгө болот. Гей эместер клубга киргизилбейт. Гейлер арасында сулуулар сынагы өткөрүлүп, катышкандарга акчалай “ставка” да коюлат. Жеңгендерди төшөгүнө алып жатуу үчүн да акча жумшалат. Гейлер “пассив”, “актив”, “универсал” болуп бөлүнүшөт. Мен эки ролду тең аткаргандардын арасына кошулам.
Үй-бүлөсү бар улуу байкелер бизге “бул нерсени баары бир таштай албайбыз. Гейлер аялына алымсынбай калышат. Жүрөгүбүздө үй-бүлөнүн да өз орду бар” деп калышчу. Булар эки жашоого өзүн бөлүп салган адамдар болуш керек. Алардын кадимки жашоосундагы аты башка, кылганы, сүйлөгөнү башка. А гейлердин дүйнөсүндө башка ысым коюп алышат. Коомдук жайларда кадимки эркектердей болгону менен, өздөрүнчө калганда кыздай кийинип алгандар да бар. Бул жолдон эң ыпылас нерселерди көрдүм. Баарынан да 50дөн ашкан аксакал “геймин” деп көйнөгүн көтөргөндө жашоонун жарыгы өчкөндөй болгон.
“НУРИК – БАКТЫСЫЗ СҮЙҮҮМ...”
– Менин сүйүүм бактысыз гана сүйүү эмес, Жараткандын алдында күнөө. Кичине кезимде молдодон сабак алып, дин боюнча да түшүнүгүм бар. Бирок сүйүү эч нерсеге баш ийбей койду. Нурик менден беш-алты жаш улуу. Медакадемияда окучу. Азыр борбордогу бейтапканалардын биринде иштейт болуш керек. Кээде экөөбүз отуруп алып “биздей жарым эркектер жаралбаса” деп өкүнүп калчубуз. Биздин мамилебиз алыска узабасын да билер элек. Мен каникулга кеткенде Нурик ата-энеси айткан кызга үйлөнүптүр. Ал мага телефон чалып, аны унутушум керек экенин айтты. “Жок дегенде дос болуп эле жүрөлү, мен сени бир айда бир сыртыңдан эле көрүп турайын” десем да макул болгон жок.
Ошентип кайгы жеп жүргөндө бизди тааныштырган Эрлан аттуу балага жолугуп, абалымды түшүндүрдүм. “Эгерде акча төлөсөң, Нурикти таап берем” деди. Нурик баш тартып койгонбу же өзү эле каалабадыбы, айтор, ал дагы кабарсыз кетти. Жанымды коёрго жер таппай жүрүп, Жанболот деген жигит менен тааныштым. Ал Нурикке окшош болчу, ошондуктан ага тез эле тартылып кеттим. Жанболот экөөбүз чогуу жашай баштадык. Анын сырткы келбети сүйгөнүмө окшогону менен, жан дүйнөсү таптакыр окшош эмес экен. Нурик эч качан мага жамандык каалап, шылдың кылгысы келчү эмес. А Жанболот айтылбай турган нерсени элге жар салып, тагдырымды талкалады.
Бир күнү “туугандарың менен тааныштырсаң” деп айтканынан эжемдин улуу баласын чакырып келгем. Үчөөбүз чай ичип отурсак эле ал “биз ушундай гейбиз. Акең дагы ошондой, туура түшүн” деп баштады. Иним мени тиктеп, бетиме түкүрүп туруп басып кетти. Ал эжеме айткан окшойт, урушуп, үйүнөн кууп чыкты. Ошентип, туугандардын арасында легендага айланып кеттим. Жездем мага кызыктай тигилип, жаралуу жанымды ачыштырган cөздөрдү айтат. Адам катары көрбөй, кемсинткенге өтүштү. “Сен үйүңө барып жашай бер. Жаңы жылдан кийин чакыртып алам” деген Жанболоттун башка менен жашап жатканын укканда ого бетер ыза болдум.
Мага эми өлүмдөн башка жол жок. Кийинки кездерде жалаң өлүм жөнүндө китептерди окуй баштадым. Же из которуп башка жакка кетип калышым керек. Бирок ата-энемди кыйбайм. Алар менин минтип калганым үчүн күнөөлүү эмес да. Менден башка уулдарынын убайын көрүп, жакшы жашоодо жашашын каалайм.
Кыйналып, мендей дүйнөдөн ордун таппай калган адамдар аз болсун деп силердин редакцияга келдим. Менин булганган ыйманымды тазарта турган эч нерсе жок. Бирок жаштарга айта турган сөзүм бар. Мени бул укугумдан эч ким ажырата албайт. Мага окшоп “геймин” деп таза жолунан адашып кеткен ага-инилерге бул жолдон кайткыла демекчимин. Силер гей эмессиңер, нукура эркексиңер. Болгону, шайтандын азгырыгына жетеленгенсиңер. Эгерде болгон күчүңөрдү, эркиңерди топтосоңор, ак жолго кайтып келесиңер.
Ал эми Нурикке жакшылык каалайм. Анын бул торду үзүп чыгып өз бактысын таап кеткени мага чоң сабак жана үлгү болду.
Жаратканым, ушулбу кең дүнүйөң?
Мазмуну жок өмүрүмдөн түңүлөм.
Жигит болуп, жигит сүйгөн жүрөгүм,
Миң дирилдеп, жалбырактай күбүлөм.Турмуштун кыянына агып алдым,
Анткен сайын качат менин ыйманым.
Байкоосуздан ууландырып өмүрүмдү,
Тагдырдын ачуу шорун ууртап алдым...
Психологдун кеңеши
Ж.Баласагын атындагы
КУУнун психология кафедрасынын
доценти Бермет Наралиева жооп берет.
– Бул – инсандын туура эмес идентификациясы. Башкача айтканда, “мен” деген образдын туура эмес түзүлүп калышы. Кичинесинде ата-эне “сен эркек баласың!” деп тарбиялап, тарбиясында туура эмес көрүнүштөр болсо, баам салып турушу керек болчу.
Табият – баарынан улуу нерсе. Эркекти эркек, аялды аял кылып, бирине бирин керектүү кылып жараткан. Гей деген нерсе – ошол табиятка каршы чыгуу. Мына ошол табиятка каршы чыгып жаткан соң бул жигиттин жан дүйнөсүндө ушунчалык трагедия, дискомфорт болуп жатат. Эрк-күчүн пайдаланып мындай абалдан чыгып кеткендер да жок эмес. Жигитке жакшы жашоо үчүн, татыктуу жашоо үчүн күрөш деп кеңеш берет элем.
“Ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат” дегендей, бүгүн бул теманы жашырсак, ушул жигиттин кебетесин кийген, коомдон өз ордун таба албай жанчылган адамдар эртең да чыгат. Коомдун оорусу, көптөгөн Азимдердин трагедиясы болгон бул нерседен улуу кыргыз эли алыс болсо деген тилек...
Нуржамал Жийдебаева
коom@super.kg