ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 25-ноябрдан 1-декабрга чейин

Кой
(21.03–20.04)

Бул аптада кой жылдызындагылар жасала турган иштер көбөйүп бара жатканын байкашат. Иш графигин түзүп, бекем тартип менен биринин артынан экинчисине киришсеңиз, баарына жетишесиз. Аптанын экинчи жарымында ызы-чууга аралашып калышыңыз ыктымал. Мындай учурда арачынын же кеңешчинин ролу сизге пайда алып келбейт. Билим жаатында эмгектенгендер үчүн каржылык жактан пайда түшүүчү апта.

БУКАЧАР
(21.04–20.05)

Ушуну кылсам жыйынтыгы кандай болот деп олку-солку болуп турсаңыз, бул аптада тобокелге барганга жол ачык дешет жылдыздар. Анан да жумуш деп жүрүп үй-бүлөгө көңүл бурганды унутпаңыз, кыйын учурда башкы колдоочулар жакындарыңыз болот. Финансылык абалды көзөмөлгө алуу керек, ашыкча ысырапкорчулукка жол бербеңиз. Дем алыш күндөрүн спортко, активдүү иш-чараларга арнаңыз, күнүмдүк стресстен арылууга жардам болот.

ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)

Сиз үчүн чоң сумма болуп эсептелген акча менен коштошууга туура келиши мүмкүн. Анан да энергияңыз түгөнүп, өзүңүздү чарчаңкы абалда сезесиз. Кайгырбаңыз, мунун баары утурумдук нерсе. Аптанын экинчи жарымы жагымдуу жаңылыктары менен кубантат. Түгөйүңүз менен мамилени бекемдөөгө убакыт келди, романтикалык кече уюштуруңуз, чогуу сейилдеңиз. Айтор, сүйүү горизонтунда активдүү болуңуз.

БӨЙӨН
(22.06–22.07)

Аптанын биринчи жарымында акчага байланыштуу чечимдерди кабыл албай турган оң. Сизге пайда алып келбеген ишке аралашып калышыңыз ыктымал. Анан да дос-жакын тааныш, негизи эле карыз сурап келгендерге бекем туруп “жок!” деңиз, антпесе кийин ала албай кыйналасыз. Суукка урунуп, ден соолугуңузга зыян келтирип албайын десеңиз, иммунитетти бекемдеген тамак-аштарды пайдаланып, көчөгө жылуу кийинип чыгыңыз.

АРСТАН
(23.07–23.08)

Арстандар үчүн үйлөнүүгө, турмушка чыгууга эң ылайыктуу учур. Анан да түгөйүн таарынтып алгандар, бул аптадан калтырбай кечирим сураңыз, болбосо натыйжасы өзүңүзгө эле жакпай калат. Өзүмчүлдүк, өжөрлүк сапаттарды артка жылдырып, жумшак болсоңуз жумушта, окууда ийгилик сиз тарапта болот. Бош убактыңызды гаджеттер менен эмес, жакшы санаалаштар менен өткөрсөңүз, энергияңыз толукталып, жаңы ийгиликтерди багынтканга даяр болосуз.

БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)

Жаңы таанышуулар, жеке жашоодо же жумушта өзгөрүүлөр күтүлөт. Андыктан бейтааныш адамдарга ачык болуңуз. Ден соолук жаатында “эч нерсе болбойт, өзү эле өтүп кетет” деген майда маселелер олуттууга айланып кете электе өзүңүзгө көңүл буруңуз. Каржылык жаатта көзгө көрүнөрлүк өзгөрүү байкалбайт. Аптанын аягында узак жолго чыгышыңыз мүмкүн. Сапарга чыгуу айрыкча бойдок бийкечтер үчүн романтикалык жолугушууга айланышы ыктымал. Алга!

ТАРАЗА
(24.09–23.10)

Аптада үй-бүлөдө, жумушта же болбосо окууда да абал чыңалып, сизден ар тараптуу көңүл бөлүүнү, убакытты, туура чечимди талап кылат. Мындан улам стресске кабылышыңыз ыктымал. Терең дем алыңыз, өзүңүздү колго алыңыз, мындай чыңалган абалдан айлакерлик, токтоолук, анан да бал тилге салган чечендигиңиз менен чыга аласыз. Сүйүү жаатында бойдоктор үчүн жаңы таанышуулар ийгиликтүү болбойт. Аптанын аягын чыгармачылыкка, эс алууга арнаган оң.

ЧАЯН
(24.10–22.11)

Жакындарыңыздын сөзүнө, кеңешине кулак салганга мезгил жетти. Ашыкча эмоцияны ооздуктап, өзүңүздү колго алыңыз, кечке эле курмандыктын ролунда боло берген туура эмес. Жумуш издеп жүргөндөр айтылган сунуштан баш тартпай, жаңы ишке кирише бергени оң, жыйынтыгы жакшы болот. Чоң бир нерсе сатып алсамбы деп турсаңыз, алыңыз, жаңылбайсыз дешет жылдыздар. Дем алыш күндөрү сизден активдүүлүктү талап кылат.

ЖААЧЫ
(23.11–21.12)

Романтикалык сезимдерди билдирүү, кабыл алуу үчүн аптанын экинчи жарымы туура жол көрсөтөт. Ага чейин жумушта болобу, окуудабы, же эмне иш менен алек болбоңуз, сизден жоопкерчилик талап кылынат. Анткени бул апта алдыга чоң кадам таштоого абдан ылайыктуу убакыт болот. Зиректигиңизди, даанышмандыгыңызды, өжөрлүгүңүздү, лидерлигиңизди көрсөткөнгө убакыт жетти. Ден соолук жаатында эндокриндик системге көңүл буруңуз дешет жылдыздар.

ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)

Аптанын башында жумушта кесиптештер менен келишпестиктер чыгышы мүмкүн, бирөөнүн артынан сүйлөгөндөн сак болуңуз, өзүңүздүн ишиңизге так болуңуз. Мындай келишпестик үй-бүлөдө да жаралышы ыктымал. Негизи эле бул апта текечерлерден сак болууну талап кылат. Олуттуу чечимдерди кабыл алууну башка убакытка жылдырыңыз. Дем алышта үй-бүлөңүз же жакын досторуңуз менен тынч жерде эс алуу сунушталат.

Суу куяр
(21.01–19.02)

Сиздин алдыңызда элдин сөзү үчүн жашаш керекпи же өзүмдүн ыңгайым үчүн жашаш керекпи деген суроо жаралат. Чечимиңизден кийинки жашооңуздун агымы кандай багытта кетери көз каранды. "Анан сүйлөшөм, эртең көрүшөм" деп жүрүп айрым достордон алыстап кетпеңиз, бул апта достор менен жолугуп, чер жаза сүйлөшкөнгө ылайыктуу, демилгени өзүңүз колго алыңыз. Ден соолук жаатта баш оорусу кыжалат кылышы мүмкүн.

Балык
(20.02–20.03)

Балыктар үчүн күтүүсүз сюрприздерге бай апта болушу күтүлөт. Алдын ала пландалган иштер артка жылып, сиз күтпөгөн иштер аткарылат, кандай болбосун ички туюмуңузга ишениңиз. Кабар угушуңуз мүмкүн. Окугандар үчүн ийгиликтүү апта. Анан да саякатка чыгууну каалагандарга да ыңгайлуу мезгил. Насыя же карыз алам деп жатсаңыз, коё туруңуз, же болбосо жакындарыңыз менен кеңешип бир чечимге келиңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1146, 21-27-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан