ӨЛКӨДӨ КЫШКА ДАЯРДЫК КАНДАЙ?

Энергетика тармагы олку-солку абалдагы өлкөнүн элин кыш жакындаганда “Быйыл электр жарыгы өчпөйбү? Көмүрдүн баасы кымбаттап кыйнабайбы? Жолду кар-муздан тазалоого даярдык жакшы элеби?” деген өңдүү суроолор түйшөлтөт эмеспи. Ноябрь аяктап баратат. Алдыда кыш, өлкөнүн даярдыгы кандай? 

2,6 МИЛЛИОН ТОННА КӨМҮР ЖАГЫЛАТ

Энергетика министрлигинин маалыматына таянсак, быйылкы кыш мезгилинде республика боюнча 2 миллион 646 миң тоннадан ашык көмүр керектелет. Мунун 1 миллион 334 миң тоннасын калк, 1 миллион тоннасын Бишкек ЖЭБи, 312 миң тоннасын бюджеттик мекемелер жагышат. Азыркы тапта эл 535 миң тонна, Бишкек ЖЭБи 192 миң тонна, мекемелер 154 миң тонна көмүр сатып алышты. Айта кетсек, өкмөт Бишкек ЖЭБин акырындык менен 100 пайыз жергиликтүү көмүргө өткөрүү керек деп билдирүүдө. Былтыр ЖЭБге Казакстандан 550 миң тонна көмүр ташып келинсе, быйыл 250 миң тонна алынмакчы.

БААЛАР КӨЗӨМӨЛГӨ АЛЫНАБЫ?

Бишкек-Чүй, Нарын, Ысык-Көлдү көмүр менен Кара-Кече кени камсыздай турганы белгилүү. “Кыргызкөмүр” ишканасы 13-ноябрга карата Кара-Кечеден 1 миллион тонна көмүр казылганын билдирет. Кышка карата көмүр ташуу иши 16-июлда башталып, азыркыга чейин уланып жатканы, элге деп 266 миң тонна, бюджеттик мекемелерге деп 73 миң тонна көмүр жөнөтүлгөн. Ал эми Бишкек ЖЭБи үчүн 151 тоннасы жеткирилгени айтылды. “Учурда Кара-Кеченин өзүндө жөнөтүүгө даяр 220 миң тонна, убактылуу көмүр сакталуучу жайда 120 миң тонна көмүр бар” дейт аталган ишкана. Элди көмүрдүн сапаты гана эмес, баасы да кызыктырат. Учурда “Кыргызкөмүр” ишканасынын отун базаларында (Бишкекте) көмүрдүн 1 тоннасы 5300 сомдон, Чүй облусундагы базаларда 5000-5800 сомдон, Баткен облусунда 6000-7500 сомдон сатылууда. Жумгалда ишкананын 14 отун базасы иштеп жатканы, азыркы учурга чейин 5 миң тоннадан ашык көмүр сатылганы маалымдалды. Ал эми “Ысык-Көл кемечилиги” филиалынын Балыкчыдагы пунктунда көмүрдүн 1 тоннасы 4320 сомдон сатылууда. 

КӨМҮР БАЗАЛАРЫНА БАРСАК...

Өкмөт айткан баалар такпы? Бишкектин батыш тарабындагы Мурманский көчөсүндөгү көмүр кампаларына бардык. Кара-Кечеден ташып келген көмүрдү жеке жактар 6500 сомдон сатып жатканын көрдүк. Ал эми Казакстандын Каражыра, Майкубен, Караганда, Шабыркүл кендеринин көмүрлөрүнүн 1 тоннасы 7000 сомдон экенин билдик. “Кыргызкөмүрдүн” кампасынын дарбазасына “көмүрдүн баасы 5300 сом” деп жазылыптыр. Бирок биз барган учурда кампада көмүр жок экен. Сатуучулар “баасы арзан болгону үчүн көмүр келери менен кардарлар талап кетишүүдө. Мисалы, бүгүн 150 тонна түштү эле, 3 саатка жетпей түгөндү” дешти бир ооздон. Мамлекеттик базада көмүрдүн 1 тоннасы 5300 сомдон сатылып жатканын кардарлар да ырасташты.

АЙМАКТАРДА АБАЛ КАНДАЙ? 

 Жогорку Кеңештин 9-октябрдагы жыйынында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Жээналы Орозбаев көмүрдүн баасы жылдагыдай эле мамлекеттин көзөмөлүндө экенин билдирди.

"Бардык аймактарда көмүрдүн эң жогорку баасы коюлуп, 15-сентябрдан баштап толук мамлекеттик көзөмөл киргизилген",- деген эле. Бирок аймактарда көмүр мамлекет бекиткен баадан кымбат сатылып жатканын айрым депутаттар айтып чыгышты. Айта кетсек, Монополияга каршы кызмат быйыл “Кыргызкөмүр” ишканасы өндүргөн көмүрдүн 1 тоннасынын баасын жолдун алыстыгына карап 5000-5800 сомго чейин деп бекиткен. Андан кымбат сатууга жол берилбейт. “Кыргызкөмүр” быйыл Кара-Кечеден тышкары Оштогу Загара-2, Баткендеги Урмизан-3 кендеринен көмүр казат.

СВЕТ ӨЧПӨЙБҮ?

Быйыл жыл аягына чейин Кыргызстан боюнча 17 миллиард 800 миллион киловатт-саат электр жарыгы колдонулары күтүлүүдө. Белгилүү болгондой, бул көлөмдүн бир бөлүгү импорттолот.

– Жыл аягына чейин биздин ири ГЭСтер 12,8 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүшөт. Чакан ГЭСтерден быйыл 250 миллион киловатт-саат электр энергиясын алабыз. Ал эми 1 миллиард 800 миллион киловатт-саат электр энергиясы ЖЭБдерден өндүрүлөт. Жетпеген 3 миллиард киловатт-саат электр кубатын башка өлкөлөрдөн сатып алабыз. Көбүн Түркмөнстан жана Казакстандан алсак, азыраагын Өзбекстан менен Орусиядан алабыз,- деди энергетика министри Таалайбек Ибраев жакында парламент жыйынында.

Депутаттар министрге “жыл башынан бери дээрлик 3 миң авариялык өчүрүү болуптур. Кайра эле кезек-кезеги менен өчүрүүлөр уланса, калк, орто жана чакан ишканалар кантишет?” деп суроо узатышты. Ага министр көмөкчордондордун көбү жаңыланганын, быйыл кышта маал-маалдык өчүрүүлөр болбой турганын, Бишкек ЖЭБдеги мүчүлүштүктөр да жоюлганын, мурдагыдай кычыраган кышта жарылуулар болуп эл караңгыда жана суукта калбай турганын убадалады.

Кышка даярдыгыңыз кандай?

Абдраим Мырзакеев, 60 жашта, Аксы:

– Биздин райондо Кара-Кече көмүрүнүн 1 тоннасы 9000 сомдун тегерегинде сатылууда. Атайын фуралар менен ташып келип сатып жатышат. Албетте, кымбат, көп балалууларга, колунда жокторго оор. Үй-бүлөм менен отунга үнөмдүү деп кышында “времянкада” кыштайбыз. Ошого 2 тонна көмүр алсам жетет. Былтыр кышта электр жарыгы өчкөн эмес, быйыл көрө жатарбыз. 

Айгүл Арстанбекова, 38 жашта, Жумгал:

– Биздин аймакта Кара-Кече күмүрүнүн 1 тоннасы 5000 сомдон сатылууда. Кышында жыл сайын 7-8 тонна көмүр жагабыз. Башка жактарга караганда көмүрдүн арзаныраак болгонуна сүйүнүп жатабыз. Былтыр кышында электр жарыгы көбүрөөк өчкөн. Быйыл күздөн бери 2-3 жолу өчтү. Эми кышкысын өчпөй турса экен деп тилеп жатабыз.

Мухтар Төрөгелдиев, 62 жашта, Ноокен:

– Бизде жылда эле Таш-Көмүрдүн көмүрү сатылат. Кара-Кеченин көмүрү келбейт. Учурда 1 тоннасы 7500 сомдун тегерегинде сатылууда. Бизде кышкысын аба ырайы жылуураак, ошого биздин үй-бүлөгө 2 тонна жетет. Былтыр кышында электр жарыгы дээрлик өчүрүлгөн эмес, быйыл да өчө элек. Ушунусуна шүгүр.

Канатбек Эрматов, 35 жашта, Кадамжай:

– Аймакта Алайдын Бел-Алмасынан казылган көмүрдүн тоннасы 7000-7500, ал эми Кызыл-Кыяныкы 9000-11000 сомдон болууда. “Кыргызкөмүрдүн” көмүрүнө караганда 1,5-2 кымбат. Акчасы жоктор ала албай отурушат.

Электр жарыгына келсек, күздөн бери оңдоо-түздөө иштери жүрүп жатканда өчтү. Өткөн кышта анда-санда гана өчкөн.

 Гүлмира Чойбекова, 59 жашта, Талас:

– Учурда Талас шаарында Казакстандын Шабыркүл, Каражыра көмүрлөрү сатылууда. Тоннасы 8500-9000 сом. Бул абдан кымбат, көп балалуулар, пенсионерлер ала албай кыйналышууда. Бишкектегидей 5300 сомдук көмүр жок бизде. Бир кышка биз үй-бүлөбүз менен 5 тоннадай жагабыз. Электр жарыгы болсо өткөн кышта катуу шамалда, оор кар жааганда гана өчүп жатты.

 Улан Атабаев, 37 жашта, Ат-Башы:

– Учурда бизде Кара-Кеченин көмүрү 6300 сомдон сатылып жатат. Келип түшөрү менен кардарлар талап кетүүдө. Былтыркыдан 1200-1300 сомго кымбат. Бизде аба ырайы суук болгону үчүн кыш мезгилинде 6-8 тонна көмүр жагабыз. 6 тоннанын баасы 37 миң сом. Мынча акча табуу азыркы заманда кыйын эле.

 

Канымжан Усупбекова

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1146, 21-27-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан