Кыргызстандын “Балдардын укуктары жөнүндө конвенцияга” кошулганына 30 жыл толду.
Адилет Абылбеков “Бишкек жашыл курулуш” ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.
УКМК: “Бишкекте баасы 948 миллион сомду түзгөн бала бакча мамлекетке кайтарылды”.
Парламентте 19-ноябрда Бишкектеги 4 райондун аталышын өзгөртүү маселеси кайра көтөрүлдү.
17-ноябрда өткөн шайлоодо добуш сатып алуу фактысы боюнча 7 кылмыш иши козголгону маалымдалды.
Акылбек Жапаров: “Элибиздин 89 пайызы Кыргызстандын туура жолдо баратканына ишенет”.
Жакында Бишкек шаарынын жаңы башкы планы иштелип чыгары айтылды.
20-ноябрда Баткен облусунун аймагында жер титиреди, жабыркагандар жок.
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кол салууну пландаган деп уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.
Таш-Көмүр ГЭС каскадында темир-бетон цехи ишке киргизилгени кабарланды.
Депутат Исхак Масалиев “үйүңдү камсыздандыр” деп элди мажбурлоо туура эмес экенин айтып чыкты.
Кыргыз-Казак чек арасындагы “Каркыра” өткөрүү пункту 24 саат бою иштөө режимине өткөрүлмөкчү.
Ат-Башы районуна эл аралык ири соода-логистика борбору курулары маалымдалды.
Расмий маалыматка таянсак, 10 айда дыйкандарга лизинг түрүндө 1055 техника берилген.
Өзгөндүн Мырза-Аке айылындагы мектепте меш жарылып, 1 адам жаракат алды.
Оң рулдуу унааларды такси катары колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору парламенттен 1-окуудан өттү.
Элдар Абакиров: “Көмүр жагууну токтотмоюнча Бишкектин абасы ыштан арылбайт”.
Тышкы иштер министрлиги Украинадагы Кыргыз жарандарын ал өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды.