Кайып (Ага-карындаш бир күндө жоголгон курч окуялуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Асем күйөөсүнүн кылык-жоруктарынан күмөн санап жатты. Бирок ою жамандыкка кетпеди. Эркектер күчтүү деген менен бир аша албаган бийик ашууга туш келгенде дал ушинтип дүйнөсү куурулуп калат. Иши жүрүшпөй жатса керек деп ойлоду. Орусияда иштеп үйгө жарытылуу акча алып келбегенине кыжалат болуп жаткандыр деген да ойлор келди. Көп нерсе ойлоду, бирок башка бир аял алардын турмушуна аралашып калганын ойлогон жок. Ал вариант такыр эле акылына келбеди. Анткени Нурбектин сүйүүсүнө бекем ишенчү, экөө аша албаган ашуу жоктой сезилчү. Бирок жашоонун биринчи “аялдамасынан” эле күйөөсү шарт бурулуп алсыздык кыларын билбеген эле. Өзүнөн башка бир аялга кызыгат деп эч ойлобоптур.

Ошол кечте колуна күйөөсүнүн телефону тийип калганда да оюнда эч жамандык жок болчу. Нурбек “досторума жолугам” деп кеткен, телефонун унутуп калган окшойт. Телефондогу кодду ачуу үчүн уул-кызынын туулган жылы, күнүндөгү сандарды жазып көрдү, ачпады. Кайын эне, кайын атасынын туулган күндөрүн жазып көрдү. Жок, ал эмес экен. Өзүнүн туулган датасын жазды эле, код ачылып кетти. Сүйүнүп алды. Кимдир-бирөөдөн “чыңк” деп билдирүү келди. Бир аялзатынын сүрөтү экранга чыга келди. Жарым жылаңач, кумарлуу тиктеп, жылмайып турат. “Сегодня я такая” деген СМС келди аркасынан. Көзү алайып кетти Асемдин. Мурунку жазуушууларды окуй баштады.

– Мен сизди сагындым, тезирээк келиңизчи.

– Барам бат эле, аз калды.

– Качан?

– Бир ай ичинде барып калам.

– Сизди сагынып, свитериңизди кийип алып басып жүрөм. Москвада укмуш кар жаап жатат.

– Романтика де...

– Кыргызстанга кеткенде эле суз тартып кеттиңиз, мени мурункудай эркелетпей калдыңыз.

Андан ары жагын окуганга чыдай албады. Ичин бир жалын каптап кеткендей үч бүктөлдү. Кускусу келип, окшуп ажатканага жөнөдү. Суу ичип араң эсине келди. Телефонду тиктеп “бул түш болуш керек. Кеткенине бир жыл болбой жатып кантип эле ушул кадамга барсын? Түш болсо экен” деп жатты. Ойгонушун күттү. Реалдуулук болчу, тилекке каршы, “ойгоно” албады. Жалын менен ызгаардын ортосунда калгандай сезди. Бир жагынан жүрөгү күйүп барткандай кызганыч болсо, экинчи жагынан титиреткен ызгаар ыза болчу. Бакырып албаса болчудай эмес, балдарын ойлоду. Коркуп кетишпесин деп оозун алаканы менен бекем жаап көчөгө чуркап чыкты.

– Аа-аа!

Көмөкөйдөн чыккан жапайы үндөн тынч жаткан теребел селт этти. Ээн көчөдө бакырып-бакырып ыйлап алды да, андан кийин бүт энергиясы түгөнгөндөй шалдая түштү. Төшөгүнө келип жатты. Кайдагы уйку. Ичи өрт жалын болуп, көздөрү умачтай ачык. Сырттан Нурбек келе жатканын байкап калп эле көзүн жумуп калды. Нурбек кирди да, столдо турган телефонун алып акырын чыгып кетти. Терезеден караса машинесинде отуруп бирөө менен сүйлөшүп жатыптыр. Ким болмок эле, тигиниси да. Асем жетип барып тытып-тытып, салгысы келип жатты. Бирок сабыры жеңди. Окуянын акыры кандай болот деп күттү. Эртеси күйөөсү уктап калганда машинесине отуруп алып тиги аял менен Нурбектин атынан жазышканга өттү.

– Менин эки балам, аялым бар. Алардын жанына келгенде баары өзгөрдү. Болду, сени менен байланышымды үзөм. Мени кечир,- деп жазды Асем.

– Кандайча?

– Мен ушундай чечим кылдым.

– Сиз мага эмнелерди убада кылдыңыз эле? Сизге ишенгем мен. Кантип? Биздин сүйүүбүзчү?

– Сүйүү деген өтөт-кетет. Өчөт, кайра жанат,- деп жооп жазды тиштенген Асем.

Шек алдырбай Нурбектин ролунда болуп жазышып жатты. Акырын сурап бир топ нерселерди билип алды. Акыры тиги кыздын да жаны кашайды окшойт, “анда менин талагымды берип коюңуз!” деди.

Ме сага! Асемдин бүткөн бою дүркүрөп кетти. Демек, нике окулган экен да. Өттү-кетти бир мамиле эмес тура. Жаны ооруп, эрдин кесе тиштеди. Ушул сөз Нурбекти анын жашоосунан биротоло чийди. Ал үчүн күрөшүүгө бел байлаган эле, эми ага күчү да калбаганын сезди. Эми эки тоо бириксе биригет чыгар, бирок ал Нурбекке аял боло албайт мындан ары. Колунан телефон түшүп кетти. Бир кезде көзүнөн жашын аарчыды да, чечкиндүү кадам шилтеди. Башында Нурбек такыр моюнга албай жатты. Чөнтөгүндөгү телефонду алды да алдына ыргытты.

– Талак сурап жатат тигиниң. Кантип ушуну моюнуңа албайсың?

Нурбек шылкыйып отуруп калды. Үн катпай керебеттин эки четинде экөө таң сүргөнчө отурушту. Бир аз күн мурун эле бир бүтүн болгон эки адамдын ортосунда эми бир муздак дубал тургандай эле. Асем ыйлап, чачын жулуп, бакырып-өкүргөн жок. Жөн гана отура берди. Бир оокумда гана ордунан туруп кийим-кечесин жыйнай баштады.

– Сен каякка?

Чын эле каякка барат? Нурбекке тиет элем деп ата-эне, урук-туугандын баарынан кечип кетпеди беле. Колундагы эки баласы менен кайда барат?

– Билбейм, иши кылып сен жок жерге. Сени такыр көрбөй турган жерге...

– Асем...

– Кечирим сураба. Убара болбо. Бүттү баары.

Нурбек Асемдин мүнөзүн билчү. Анын бир чечимге жети өлчөп бир кесип келерин, андан кийин ал чечимден эч качан баш тартпасын билет болчу. Жүрөгү шуу дей түштү. Бутун кучактап жыгылды. Ансыз жашай албасын, утурумдук бир сезимге жетеленип кеткенин айтты. Жалынды, жалбарды. Асем кашын жыйрыган да жок. Акырын бошонду да даярдана берди.

– Балдарды бербейм,- деди Нурбек айласы кеткенде. Мындан башка бул аялды кармап кала турган колунда эч нерсеси калбады.

– Алып калганга акың жок. Мен энесимин.

– Сенин эч нерсең жок, үй меники, акчаны мен табам. Сот баары бир балдарды мага берет.

– Мен баары бир кетем.

– Балдарыңды таштап болсо дагыбы?

– Мени балдарымдан эч ким ажырата албайт.

– Мен ажырата алам.

ххх

Бул окуя бир ай мурун болгон эле. Асем үйдөн чыгып кетти, бирок балдарын ала албады. Нурбектин атасы юрист эле, ага таянып алып “мыйзамсыз мыйзам” таап Асемди жазалай берди. Али Акай менен Асемдин жолдору ушул жерден кесилишти.

Али түнү менен уктабай кеңсеге келген. Атасынан уккан маалыматты башына батыра албай жатты. Негизги суроонун жообу белгисиз бойдон эле. Балдарын уурдаганга катышы бар адамга Элес кантип баш кошуп калды? Эч эле күмөн санабадыбы? Азыр ал тууралуу эмне билет? Эмнеге балдарды издегенге каршы? Акылына эч нерсе чүргөлбөдү.

– Сизди издеп бирөө келиптир.

– Бүгүн мен эч кимге жокмун!

– Сизди кечээ да күткөн, жумушка келбегениңизден кайра кеткен эле. Бүгүн кайра келиптир.

– Ким экен?

– Бир жаш келин, балдарын издеп жатыптыр.

Алинин жүрөгү солк кетти. “Балдарын издеп жатыптыр”. Ал үчүн бул жашоодогу эң оор сөз ушул болчу. Кудай ата-энени балдарын издетүүдөн сактасын. Сыртка чыкса жапжаш келин ойлуу отуруптур. Татынакай жүзү кайраттуу, сүрдүү болчу. Кыйгачынан турган экен, бир көз ирмемге көзүнө Элестин жаш кези тартыла түштү. “Жинди боло баштасам керек” деди ичинен. Келин жалт карады. Чын эле окшош болчу мурунку аялына. Дал Элестикиндей сулуу жүз, арыкчырай келбет, болгону көз карашы окшош эмес эле. Элестин көздөрү кумарлуу тиктеп бир караган кишини эрксизден ойго сала турган көздөр эле. Мунуку токтоо, терең, түбүнө кайгыны чөгөрүп алгандай каректер...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1146, 21-27-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан