Адамдын мээси күндүзгүгө караганда түнкүсүн активдүү иштейт

Адамдын организмин окумуштуулар жүздөгөн жылдар бою изилдеп бүтпөй келишет. Ар бир орган өзүнчө түбү көрүнбөгөн кудукка окшош маалыматты камтыйт. Бүгүн адамдын мээси тууралуу кызыктуу фактыларга токтолдук, кийинки сандарда башка органдар тууралуу да маалымат беребиз.

Мээнин эс-тутуму

Окумуштуулар азыркыга чейин мээ өзүнө канчалык өлчөмдөгү маалыматты батыра алары тууралуу так жыйынтыкка келише элек. Бирок болжолдуу сан бар – 3 террабайтка чейин деген. Кээ бир окумуштуулар 3төн миң терабайтка чейин деле маалыматты сактай алат дешет. Айтор, так санды айтууга мүмкүн эмес. Ошентсе да адамдын мээси эң чоң энциклопедиянын ичиндегиден да көп маалыматты батыра алат.

Салмагы

Чоң адамдын мээси 1-2 килограмм өлчөмүндө болот. Мээ адамдын жалпы салмагынын 2 пайызын түзөт. Эркек адамдын мээси аялдыкына караганда 100-150 граммга салмактуураак келет. Мээнин салмагы канчалык чоң болсо, ал ошончо акылдуу деген туура эмес. Эң салмактуу мээ (2850 грамм) олигофрения жана эпилепсия дарты менен жабыркаган адамдыкы болгон.

20 пайыз абаны колдонот

Адам денесинин 2 пайызын гана түзгөнү менен, мээ башка органдарга караганда кан системине келген абаны эң көп колдонгон орган болуп саналат. Тагыраагы, кан системиндеги 20 пайыз аба мээге кетет. Андыктан аба жетишсиздигин биринчи сезген да – мээ.

Түнкүсүн активдүү

Күндүз көп иштейбиз, ойлонобуз, канчалаган маалыматты окуйбуз, кабыл алабыз, көрөбүз. Демек, мээ күндүз көп иштейт десеңиз, жаңылышасыз. Анткени мээнин чыныгы жумушу адам уктаганда башталат экен. Окумуштуулар бул кубулушка так жооп таба элек.

Мээ оорутууну сезбейт

Кайсы бир жериң ооруп жатканы тууралуу белгини мээ жиберет. Нерв импульстары ооруткан жерден мээге, мээден кайра ооруган жерге саатына 270 чакырым ылдамдык менен жетет дешет адистер. Манжаңа кичинекей тикенек киргенин, ал жер ооруганын ушундай ылдамдыктагы нерв импульстары кабарлайт. А бирок мээнин өзү оорутуну сезбейт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1146, 21-27-ноябрь, 2024-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан