Картаюу да бир чоң процесс. Адам алгач физиологиялык процессти кабыл алышы керек, анан психологиялык баскычтан өтүшү керек болот. Булардан оңой өтүп кетүү үчүн эмне кылыш керек? Бул жаатта кыргыз ата-апаларынын өзгөчөлүгү эмнеде? Этнопсихолог Асылжан Нарыбаева кызыктуу маалымат берди.
– Эмне үчүн кыргыз ата-апалардын көпчүлүгү 60тан ашканда эле “карылык келди, бүттү эми” деп багына башташат?
– Өнүккөн өлкөлөрдө адамдар улгайып, эмгекке жарамдуулугу бүткөн соң өздөрү менен алек болуп, саякаттап эл-жер кыдырып, жашоо образын жаңы нукка буруп кетишет. Өздөрүн өстүрүүнүн үстүндө болушат. Аларда жаш өтүп калганда балдары карайт деген түшүнүк жок. Ошого “бирөө багат” деген ишенүү сезими анча жок. А бизде жашы улгая баштаганда эле “болду, карыдым, мен эч нерсе кыла албайм, өлүмгө жакындап калдым” деген сезим басымдуулук кылып, өздөрүн чектей башташат. Жок, андай эмес. Улгайганда эң чоң милдет башталат, бул – келечекке кеңеш берип, аны куруу.
– Карынын үй-бүлөдөгү орду кандай?
– Кыргызда “карысы бардын – ырысы бар” деген жакшы кеп бар. Бул эмнени түшүндүрөт?.. Ата-эне жашоонун бардык этаптарынан, шарттарынан, барда, жокто мол тажрыйба топтоп, ошолорду балдарына, келиндерине, небере-чөбүрөсүнө туура жашоо эрежесин казына сыяктуу өткөрүп берип, жол көрсөтчү адамдар. Жаш өтүп калгандагы куракты сөз кылып жатпайбызбы. Ошого карата, мисалы, чоң энелер кыз неберелерин башка журттун бүлөсү экенин, ийкемдүү болууга, жашоодо керек болуучу узчулук кол эмгекке, чеберчиликке, үйдө, коомдо өзүн алып жүрүүгө тарбиялаган. Чоң ата да уул неберелерине жети атасын, кайдан келе жатышканын, санжыра айтып, устачылыкка, жашоодогу ар түрдүү кырдаалдан кантип чыгуу керектигин үйрөтүшүп кадыр-баркка ээ болушкан. – Карылардын дароо эле башкача ойлоно башташы кыйын да?
– Азыркы убакта жаш курагы өтүп, ал-күчтөн тайып калганда уул-келиндеринин алдында өзүн ыңгайсыз, үй-бүлөдө өзүн ашыкча сезип, батпай кор болуп, карылар үйүнө барып кордолгон адамдар көп кездешип калды. Себеби жогоруда айтылган карыялык өз нускабызды кармай албай, өзүбүздү алып жүрүүбүз үлгү болбой, ордубузду жоготуп алгандыгыбызда, балдарыбызга кыргыз үй-бүлөсүнө тийиштүү тарбиябызды бере албай калганыбызда. Анткени карыганда ата-энесин карылар үйүнө алып баруу – кыргыз элинин жашоо образына эң жат көрүнүш, трагедия десек да болот. Бирок эртең биз дагы ошол карылар үйүнө барып калбайбыз деген кепилдик жок. Ошондуктан карылыкка да даярдануу керек.
– Кантип даярданабыз?
– “Жашыңда берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген сөз бекеринен айтылбаган. Эгер карылар өз ордунда улуулук даражасын, деңгээлин, өзүн-өзү алып жүрүүсүн сактабаса, өзүн татыктуу көрсөтө албай калса, анда өзүн керексиз сезип, башкалар тарабынан баркталбай, психикалык жактан чөгүү жаралат. Адам чүнчүйт.
Ошондуктан ички абалыбызды, сөзүбүздү, даанышмандыгыбызды, өзүбүздү алып жүрүү маданиятыбызды оңдоп, ушул нерсе менен ички көрөңгөбүздү толтуруп, балдарыбыз баалай турган, үлгү көрсөтө ала турган деңгээлге өзүбүздү жеткиришибиз керек.
– Ааламдашуу доорунда карылар да өзүн жоготуп койгондой...
– Мындан 10-20 жыл мурун эле апа үйдөгү жылуулукту, жайлуулукту, үй-бүлөдөгү ынтымакты, уюткуну сактап турган. Анан эле миграция, глобализация, маалыматташуу доору башталды, аялдар иштейбиз деп сыртка чыгып кетишти, эркектердин жүгүн колдон тартып алышты. Анан өз ордун жоготуп алгандай, өзүн таппай жаткандай сезим жаралды. Азыркы учур кайрадан аялдан өз ордун табууну талап кылат. Кантип? Башканы койдук, өзүбүздүн эле кыргыз үй-бүлөсүндөгү эрежеге кайтсак, баары өз ордун билген бекем үй-бүлө боло алабыз. Кыргызда “керегем, сага айтам, келиним, сен ук, уугум, сага айтам, уулум, сен ук” деген кеп бар. Кереге – бул аялзаты, кереге качан кең жайылып, босогосу коюлуп ордун тапканда анан ууктар көтөрүлөт. Бул үй-бүлөнүн пайдубалында аялзатынын орду чоң экенинен кабар берет. Бул доордо эркек менен аял ички дүйнөсүндө тең салмактуулукту сактаганда, жакшы менен жаманды, ак менен караны, узун менен кысканы тең сактай алганда, ордуларын билгенде гана гармония жаралып бактылуу, барктуу карылыкка жете алышат.
Сулайман Рыспаев, жазуучу, педагогика илимдеринин доктору: “Карылар карылык сөөлөттү сакташы керек”
– Кыргыз ата-апалары тууралуу сөз болуп жаткандан кийин бизге тиешелүү карылардын каадасын кыска айтайын. Алар кантип кадыр-баркын, сөөлөтүн сакташканына токтололу.
Ак сакалдар кандай болушу керек?
- Элдик салт-нарктарды билиши
- Сөөлөтүн бузбай, нарктуу кийинип, сөз сүйлөшү
- Акыйкат, калыс болуусу, элди бөлүп-жарбашы
- Таарынышкандарды табыштырып, үлгү болуусу, бата берүүсү
- Кичүүгө устукан берүүсү, аларды алкоо, үйгө устукан көтөрүп кетпөөсү
- Бирөөнү кагып, каарып сүйлөбөөсү
- Акылман, даанышман болуусу
Байбичелер кандай болушу керек?
- Элдик салт-нарктарды билиши
- Сынын бузбай жүрүшү, нарктуу кийинип, сөз сүйлөшү
- Келиндерге нарктуу кеп айтышы, улуттук өнөрлөрдү үйрөтүүсү, турмуштук үлгү көрсөтүүсү
- Жаштарга насаат айтуу, бата берүүсү
- Кылжың-кулжуң сүйлөбөөсү
- Кичүүлөргө устукан берүүсү
- Токтоо, акылман болуусу
Асел Ишенбай кызы