(Башы өткөн сандарда)
Кыштын ызгаар суугу, кыртылдаган калың карды кечип тоо боорундагы көрүстөнгө чейин жөө барган Баян отуруп апасына куран окуду. Күндө апасынын жайына келүүнү адат кылып алган кыздын көзүнөн мөлт-мөлт куюлган жашы сууктан ээгине жетпей тоңуп калып жатты. Көз жаштын музга айланышы – бул Баяндын жан дүйнөсүнүн тоңуп баратканынын белгиси эле.
- Апаке, кандай чара кылам айтчы, кантип Жаратканым сени кара жерге ыраа көрдү? Сабырдуум, акылманым, күлүп-жайнап кете бердиң. Сен менден кетериңди билсем кучагыма кысып, жытыңдан моокумум кангыча искеп албайт белем жалгызым, мектептен келсем эле жоксуң. Айыгып жакшы болуп калдым дебедиң беле? Сенин балдарыңды багып берем, мен азыр өлбөйм, күрөшөм дегенсиң. Мен сага ишенгем. Сен үчүн жакшы кыз болгум келгенин түшүндүңбү? Эми качан мени жылуу колдоруң менен саамайымдан сылайсың? Турчу апакебай. Жалган дүйнөдө мени жалгыз калтырба... Тур, турчу, кеттик. Менин кызыл аттестат алганымды, чыкыйган жигитке турмушка чыкканымды көрөсүң, балдарымды карашасың.
- Айлана жымжырт, Баяндын кыйкырып ыйлаган ачуу үнүнөн мүрзөлөрдүн тосмосуна конгон каргалар учуп кетип жатышты. Өпкө-өпкөсүнө батпай өксүп жаткан Баян бир азда өзүнө келди, эки жагын карап кар аралаш шамал катуу согуп жатканын байкады. Апасынын көрүстөнүн колу менен бекем кучактап алган эле, колун тартайын десе сууктан колу тосмо темирге жабышып калыптыр. Сол колу менен чөнтөгүнөн кол аарчысын алып шилекейлеп, жабышып калган колун эптеп чыгарды.
xxx
Рак диагнозу коюлгандан эки айга жетпей эле Жаркын көз жумган. Дарыгерлер жакшы дарыланса бир жылга чейин жашайт деп айтышкан. Жаркын өзү да “жашайм, күрөшөм” деп эле турчу. Бирок ажалга даба жок тура, кааласа ар кандай жол менен алып кете берет экен. Жаркындын өлүмү менен үйдөн кут учту. Баян күндө апасынын көрүстөнүнө барып өзүн сооротсо, Ильяс сырткы дүйнө менен байланышты такыр эле үзүп өзү менен өзү болуп калды. Жалгыз тиричилик кылган Атыр эле, кайненесинин өлүмүнө кайгырса да абалы Баян менен Ильяска караганда бир топ дурус. Ильяс ашканада сүт тартып отурган Атырдын жанына келип акырын сүйлөдү:
- Атыр, байкадыңбы, терезедеги апам өстүргөн гүлгө кооз жашыл көпөлөк конуп алыптыр, жанына барсам такыр учпай койду, өлүк окшойт десем тирүү экен, көпөлөктөр кол менен кармайын десең учуп кетишчү эле, а бул көпөлөк...
- Ооба, мен ал көпөлөктү кечээ эле көргөм, ошол гүлдөн кетпей жатат. Өлтүрүп салганга кол барбайт...
- Сен да мен ойлогонду ойлоп жатасыңбы? Атыр айтчы, апам бизди сагынып жаткан сыягы, жакшы адамдар көз жумганда Кудай аларды кайсы бир жандык аркылуу жакындарын көрсөтүп турат дешет. Ошол чын болуп жүрбөсүн...
- Ырымчыл болбочу Ильяс, чоң эле, 3 балалуу кишисиң, жарым жан көпөлөк экен 2-3 күндө өлүп калат.
- Мен өмүрүмдө мындай кооз, боорукер көпөлөк көргөн эмес элем, колума алсам “мени өлтүрчү, өлтүрүп салчы” деп кыйналып жаткандай белги берди.
- А балким чын эле апамдыр, өлгөн адамды коё бербей кечке жоктоп ыйлай берсе ал адам да тиги дүйнөгө толук кете албай кыйнала берет дешет. Коё бергенди үйрөнүш керек. Баян эки айдан бери көрүстөнгө каттап жатат, сен болсо бөлмөңдөн чыкпай эзилип жатсаң апам деле кете албай кыйналып жаткандыр...
- Ошентип ойлойсуңбу? – Ильяс түшүнбөгөндөй аялын суроолуу карады.
- Ооба, жетишет да эми, тирүүлүк улана берет. Жумушка чык, алаксы, куран окутуп келгендердин аягы суюлду. Андан көрө балдарыңды ойло, карындашың 11-классты бүткөнү жатат, бүт жоопкерчилик сенин моюнуңда калды. Мына канча кишиге жооптуусуң.
xxx
Арадан беш ай өттү, Баяндын акыркы коңгуроосуна Ильяс байкеси, Атыр жеңеси балдары менен гүл көтөрүп келип куттукташты. Баян апасынын өлүмүнөн кийин көпкө калыбына келди, окууга да көп барбай таштап койгон, өзү тилек кылган кызыл аттестатка жете алган жок. Ага карабай 11-классты ийгиликтүү бүтүп жатканына баары кубанышты. Жылмайып тизилип турган Баянга Ильяс байкеси келип:
- Баян, куттуктайм карындашым. Мен сени эл аралык университетке окутам, мыкты котормочу болосуң. Колдон келсе үйдөгү мал-жандыктарды сатып шаардан үй алып берем. - Жаркын көз жумгандан кийин Ильястын карындашына болгон мамилеси таптакыр өзгөргөн, андагы бир туугандык сезим ойгонуп, жалгыз карындашын эч нерседен кем кылбай багып алам деп турган.
- Рахмат байке, сиз бар бактылуумун. Азыр апам болсо дүйнөм түгөл эле... Көзүнөн жаш кылгырып аккан Баян байкесин бекем кучактап жашын анын көйнөгүнө сүртүп жатты.
- Баянтай, кел мындан ары апамды күлүп гана эстейбиз. Жарым жылдан бери экөөбүздө жаш деле калбай калды окшойт.
- Макул байкем, кубанычтуу күндөрдө дайыма жакындарыңды көргүң келет экен. Өткөндө Кукунун тоюнда деле Гулбү таежем 10 жыл мурун каза болгон күйөөсүн жоктоп ыйлады го.
- Ооба, жакшылык-жамандыкта, чогуу катышкан, чогуу жүргөн адамдарын көргөн сайын жаман боло бересиң, баласы үйлөнүп жатса ыйлады да “күйөөм жанымда турса, балдардын жакшылыгын чогуу көрсөк эмне болмок” деп. Мейли, бар барагой, мугалимдериң күтүп калышты, Ардак грамоталарды тапшырат окшойт.
xxx
Жаз мезгили экенине карабай май айында кар жаап салды. Ильяс малдарын эми жайлоого айдайбыз деп жаткан, малдын тоюту да, чөбү да калган эмес. Жетишпес турмуштан тажап бараткан Атыр таң атпай балдарын кагып-силкип тургузуп күңкүлдөп калды.
- Тургула, эртерээк чайыңарды чогуу ичип алгыла, силерге улам-улам чай коюп бергидей Атыр деген эшек бош эмес, эшикте толо тиргилик күтүп турат! Ильяс турбайсыңбы, эшикте кар, от жакпайсыңбы, мен жагайын десем же отун даярдап койбоптурсуң - деп сүйлөндү.
- Балдарга зиркилдебечи неңдурайын, кичине иштебей акча таппай калса эле башкача болуп каласың өзү...
- Эркектин иши сыртта, тап, бак, апам деп эле бекер жатканыңа канча болду? Үйдө жарытарлык азык-түлүк жок, мал менен кошо өзүңдүн курсагың да ачка болсо айтасың да..
- Жап жаагыңды... Атыр унчукпай калды. Бир аз жымжырттыктан кийин ыйламсырап:
- Бул үйдүн кара эшеги мен, ачка-токмунбу чыдап жашашым керек. Карындашыңды жылына 70 миң сом контракт төлөп окутам деп жатасың, кайсы арыңа? Төрт коюңду сатып өзүң ачка отурасыңбы, ансыз деле козулардын туягын эсептеп күнүбүз өтмөй болду, жетилигине, кыркылыкка деп канча мал союп таштадың. Карындашыңды Орусияга иштегени жиберип турбайсыңбы андан көрө 1-2 жылга, өз бүлөңдү бага албай жатасың, кантип анын олчойгон контрагын төлөйсүң, таңмын.
- Эй, мына вахтада сонун жумушум бар эле, ар кимдин сөзүнө кирип, кызганган катын болуп жумуштан чыгарып алдың го. Өзүң күнөөлүүсүң.
- Ооба, баарына мен күнөөлүмүн.
xxx
Агасы менен жеңесинин кайым айтышканын баягыда Баян кокусунан угуп калган. Агасынын аны окутканга шарты жок экенин, жөн гана агалык милдет деп, куру намыска салып окутам деп жатканын Баян өзү деле сезип турган. Престиждүү окуу жайда, кала берсе котормочулукка окуу бир топ кымбат эле. Баян бир күнү отуруп өзү үчүн чечим чыгарды. “Мен андан көрө жеңем айткандай, 1-2 жыл Орусияга барып иштеп келейин, акча чогултуп келип окууга тапшырам” деди ичинен. Бирок ушул чечим менен кыздын жашоосундагы эң бир оор тагдыр башталарын ал кайдан билмек. “Көз жашка ишенбеген Москванын азгырыгына туруштук бере аласыңбы чунак кыз?” деп сураган эч ким болбоду.
(Уландысы кийинки санда)