Рэпер Жесси күйөрманынын сабалышы боюнча чырга кабылды
“NUNU NANA”, “What Type of X”, “Cold Blooded” жана башка популярдуу чыгармалардын аткаруучусу, рэпер Жессинин айланасындагы ызы-чуу уланууда. 29-сентябрда көчөдөн Жессинин жанына бир күйөрманы келип, сүрөткө түшүүнү суранган. Ырчы айым сүрөткө түшүүнү каалаган эмес, андыктан “жок” деген. Андан ары эмне сөз болгону белгисиз. Бирок видеобайкоодон көрүнгөндөй, Жессини коштоп жүргөн эркектердин бири күйөрманга агрессивдүү мамиле кылып, ичке муштаган. Рэпер айым алгач арачалаганга аракет кылып, анан четке чыгып баса берген. Бул видео ачыкталгандан кийин коомчулук аягына чейин күйөрманын арачалаган эмес деп атактуу айымды сынга алууда. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө. Суракта Жесси күйөрманына кол салган адамды ошол күнү биринчи жолу көргөнүн айткан. Бирок ал адам Жессинин бир нече ырларынын жазылышына салым кошкон Koala аттуу музыкант болушу мүмкүн экени айтылууда. Ызы-чууну улай Жесси өзү иштешкен DOD Entertainment агенттигинен кеткени белгилүү болду.
“Кальмар оюну-2”: сериалдын режиссёру сынга кабылды
Убагында укмуш популярдуу болгон корейлердин “Кальмар оюну” сериалынын 2-сезону быйыл 26-декабрда экранга чыгат деп маалымдалууда. Бирок чыга электе эле интернет желесинде нааразычылыкка кабылды. Эмнеге десеңиз, сериалдын тизерине байланыштуу. Кыска трейлерде К-рор агымынын жайылышына салым кошкон музыкалык топтордун бири – “Big Bang’дин” T.O.P. аттуу ырчысын көрүүгө болот. Сериалда ырчы, рэпер мырза жинди чалыш адамдын образында экен. Анын катышуусундагы бир нече секунд айрымдарга жакпай калды. Анткени мындан бир нече жыл мурун T.O.P. баңгизатын колдонгону үчүн соттолуп, 10 айга абакка кесилген эле. Сериалдын режиссёру Хван Дон Хёк рэперге байланыштуу негативдүү билдирүүлөр болорун күтпөгөнүн айткан. Режиссёр мурда ката кетирип, күнөөлүү болгон атактуулар экинчи мүмкүнчүлүк алганга укуктуу дейт. Ал эми T.O.P. башкалар сыяктуу эле кастинг аркылуу тандалганын, ролун жакшы аткардыбы же жокпу сериал экранга чыккандан кийин гана сын айтылышы керектигин билдирген.