“Атам жөнүндө биринчи жолу маек берип жатам, бул рубрикаңыздар абдан сонун экен” дейт ырчы Кудайберди Айтбосунов. Атасы тууралуу берилген суроолорго ары ойлонуп, бери ойлонуп, бир аз толкундануу менен жооп берип жатты. Назар салыңыз.
“Атам чынчыл, ак көңүл, анан корс киши”
– Атам Кылычбек Айтбосунов, 1958-жылы 25-майда Түп районуна караштуу Сары-Дөбө айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө жарыкка келген. Чоң ата, чоң энем айтып калышчу, атам бала кезинде шахматты мыкты ойноп, чоң кишилерди утуп алчу экен. “Республикалык сынакта автомоделизмден алдынкы орунду алган, жаш кезинде спортко жакын болчу” дегендери эсимде.
Атам аябай ак көңүл, чынчыл, берешен, колунда болсо эч нерсесин аябаган, бетке чабар, ошол эле убакта токтоо адам. Колунан баары келет. Бирок корс, айтканын айткандай, дегенин дегендей жасатат. Байкасаңыздар, көп эле улуу муундагы кишилердин мүнөзү ушундай, корс, бир сүйлөйт, айтканы мыйзам. Бала кезде “атаң келатат, атаңа айтам” дегенде баарыбыз тикебизден-тик туруп калчубуз. Азыр биздин балдарыбызга “атаң келатат” десе, “ой, папа пришёл, привет” дейт.
“Гимнди билбей калсам абдан уялткан”
– Кичинемден эле атамдын айтканын угуп, жаса дегенин жасачумун. Жер казса кошо казып, бак-дарак, жер-жемиштерди чогуу отургузчубуз, атам эмгек кылганды бизге жаштайыбыздан үйрөттү. Атам менен апам үч баланы – 2 уул, бир кызды тарбиялап чоңойтушту. Салтанат эжем 1984-жылы туулган, Рысбек байкем 1991-жылкы, анан мен. Баарыбыз азыр үйлөнүп-жайланып, бала-чакалуубуз. Жанатан атамды мактадым, эми кичине какыс-кукус кылган учурларын айтайын (күлүп). Короодо дайыма чыбык илинип турчу. Тентектик кылып калсак атам “чыбык сындырып келчи” деп калчу. Эсимде, бир жолу байкем экөөбүз эшикте караңгы кирип кеткиче ойнодук. Ылайдан кыш куят эмеспи, эшиктин алдында ошондой даяр ылай чыланып турган. Кечке ойногонубуз аз келгенсип, ошол ылай менен бири-бирибизди уруп ойнодук. Оой, тим эле ылайга чыланып калдык. Бир маалда атам “ай, кеч кирди, үйгө киргиле” десе эле кийимдерибиздин баары ылай. Атамдын ачуусу бир келди дейсиз, жанагы чыбык менен чып-чып сабады (күлүп). Бирок жаныбызды катуу оорутуп сабачу эмес, акырын тырс-тырс деп жазалап койчу.
Дагы бир жолу мектепте балдарды күрөштүрүп, ал үчүн тыйын чогулттум. Аны класс жетекчим атама айтып койгон экен, мени аябай урушкан. Бир жолу мамлекеттик гимнди билбей калсам атам мени абдан уят кылганы эсимде. Мунун баары мени патриоттуулукка, бирөөнүн эсебинен жашабаганга, уурулук кылбаганга үндөгөн тарбиясы экенин эми түшүнүп жатам.
“Өзүңдөн алсыздарга болуш, күчтүүлөрдөн ашып өт дечү”
– Айылда бир жолу байкем экөөбүз чүкө ойноп жатабыз. Анан чоң балдар келип чүкөлөрүбүздү алып коюшту. Рысбек байкем “Кудайберди, бар атамды чакырчы” деди. Мен “ата-аа” деп кыйкырсам, атам чыкты да, “сенден алдыбы, сен дагы ал, сени уруп жатабы, сен дагы ур, алың жетпей жатабы, таш менен ур” деп кирип кетип калды. Анан “апа” деп апамды чакырдым, эне деген эне да, “ай, берип койгула, эмне уруп жатасыңар менин баламды?” деп болушат. Атам такыр болушчу эмес, атамдын ушул сапаты биз үчүн жакшы тарбия болуптур. Дайыма “балам, мындай кылганың туура эмес, мындай кылганың туура. Боорукер бол, өзүңдөн алсыздарды урба, аларга болуш, өзүңдөн күчтүүлөрдөн ашып өт” дечү. Азыр деле “балам, ууру кылба, ушак сүйлөбө, бирөөнүкүн уурдаба, эң башкысы жөнөкөй бол. Жөнөкөйлүк – бул сенин күзгүң, адам менен адам болосуң” дейт.
“Куба эмес, Кудайберди болуп ырдап чыкканда ийгилик жылмайды”
– Атам ырчылыкка жок, ырдабайт. Атамдын Бакыт Айтбосунов деген бир тууган иниси бар, ал күчтүү аранжировкачы, композитор. Кичинемде Бакыт абамды туурап “мен ырдайм, мен да ырчы болом” десем, атам “ай, Бакыт, менин уулумду ырчы кыл” деп айтканы эсимде. Кийин инисине айтып, ырчы болсун деп Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепте окутту, анан Мураталы Күрөңкеев атындагы окуу жайда, андан кийин Улуттук консерваторияда окудум. Атам ошол жакка тапшыр деген. Музыкалык аспаптарда ойногон учурда тоскоолдук болбосун деп мени аяп турчу, кара жумушка көп жумшачу эмес. Кийин шоу чөйрөгө аралашып, Куба Айтбосунов болуп чыга баштадым. Бир күнү атам чакырып “балам, бери келчи, мен сени Кудайымдан сурап алсам, Кудай берген бала болсун, эл-журттун керегине жараган жигит болсун деп атыңды Кудайберди койсом, сен эмнеге атыңды Куба дейсиң? Кудайберди деп чык” деди. Атанын сөзүн угуш керек, Кудайберди деп чыккандан кийин, Кудайга шүгүр, Кудайым чын эле берди. Ошондон кийин ырларым хит болуп, элге таанылып, концерттерге, тойлорго чакыра башташты.
“Апама караганда атам тамакты даамдуу жасайт”
– Атам апамды абдан жакшы көрөт. Муну мамилесинен байкайм, кичинебизден эле үй жумуштарына кол кабыш кылчу, атамдын таттуу, даамдуу тамактарын жеп чоңойдук. Азыр да апамды эркелетип “кемпирим” деп коёт. Атамды апам “кайнатамдын баласы” дейт. Экөө бири-бирин тамашалап, пранкка салып турушат. Апамды сүйөрүн даамдуу тамактарды жасап билгизет. Бир сырдын бетин ачайынбы, апама караганда атам тамакты даамдуураак жасайт. Эркектин жасаган тамагы даамдуу болот дешет го. Атамдын куурдагы абдан даамдуу, казанга өзү эрмектеп этин, жашылчаларды, баарын туурап даярдап алат да, былкылдатып сонун жасайт. Биз аны шорулдатып жеп алабыз.
“Кээде пранкка салып турам”
– Атамды аябай жакшы көрөм, бирок муну өзүнө көп айта албайм. Кээде “э жаным го, жаным” деп бетинен өөп, кучактап алам. Кээде “Кылыч байке” деп калам тамашалап (күлүп). Кээде атам менен апамды пранкка салып видео тартып калам. Азыр ата-энем менен чогуу турабыз. Таң калганым, атам бизди эркелетпейт да, неберелерин укмуш эркелетет. Кызым менен ойнойт, ээрчитип алып көчөгө кетип калат, таттууларды алып берет, кызым да чоң атасын аябай жакшы көрөт.
Атанын кадырын убагында билишибиз керек. Мактанып айта ала турган белегим – атам менен апам Меккеге кичи ажылыкка барып келишти. Алдыда дагы, буюрса, чоң-чоң ийгиликтерге жетип, атамдын мага болгон ишеничин актагым келет. “Кимдин баласы?” дегенде “ой, бул Кылычтын баласы” деп сыймыктангандай ийгиликке жетким келет. Ата-энебиз жаныбызда болгондун өзү чоң бакыт.
Ата, мен сизди аябай жакшы көрөм. Сиз менен сыймыктанам. Сиз менин таянар тоомсуз. Ушул жашыма чейин колдоп жанымда болдуңуз, апам экөөңүздөр дагы көп жашаңыздар, оорубаңыздар, бакубат карылыкта, барчылыкта биздин төрүбүздө жакшы акыл-насааттарыңызды айтып, неберелериңиздин жытына мас болуп жүрө бериңиздер.
Гулийпа Маметосмон кызы