“Бажа бажаны көргөндө башы кычышат” деген тамашалуу лакап жөн жеринен айтылбаган чыгар. Сахна адамдарынын арасында бир тууган болбосо да бир жердин кызын алгандар арбын. Бул жолу ак карлуу, төр жайлуу Нарын жергесинин күйөө балдарын айталы, кийинки кезек башкаларда.
БЕК БОРБИЕВ
Бажалардын башчысы мурда бажыканачы болуп иштеген, элине эмгегин сиңирип койгон Берадор Сманович. Мейли кытайлык кыргыз кызын жактырып калабы, мейли ар кайсы кыздын атын атап жар сала ырдайбы, баары бир Бек Борбиевдин бешенесине Нарындын Фаридасын жазыптыр. Ошентип, Токтогулдун торгою бир канча каршылыктарга карабай сүйүп жүрүп жубайын тапкан. Учурда кырктын кырынан ооп бараткан Бек агабыз кайната болгон убагы.
АЛТЫНБЕК АЛЫМОВ
“Отуздан ашып бойдок экен” деп кызыккандарга “айылдык кыз, никем бар менин” деп ырдачу. “Аа, башы бош эмес турбайбы” деп селкилер ойлонуп бүтө электе “койкоюп тосуп төшүңдү, койнуңа чакыр өзүмдү” деген ыры чыгып калбаспы, Алтыкебиздин. Ак кушка салыштырса, демек, киндик кан тамган Көлүнөн го, сүйгөнү дегенбиз. Жубайы Мээримди Жумгалдан жолуктуруп Бек байкесине бажа болгону аз келгенсип, иниси Ильязды да бажа кылып алды.
АЙБЕК КАРЫМОВ
Көзөмөлүнө алып, канатына калкалап, көңүлүнө жактырып жүрүптүр, Айбек Гүланданы. Аялдын жакшысы Ак-Талаада дедиби же экөөнү чыгармачылык бириктирдиби, айтор, токтогулдук Айбек жигит да Нарынга күйөө бала болуп, сахналаш бажаларынын санын көбөйттү. Учурда Раяна аттуу кыздуу болуп, эки кабаттуу үйдө эркелешип күн кечирип келишет. Анан да Айбек мырза топ эле түзөт, топ эле түзөт. Же түзгөн эстрадалык тобунун аты эркетайына жакпай калуудабы же Айбек мырзада акча көппү деген ой келди.
ИЛЬЯЗ АБДЫРАЗАКОВ
Ильяз деп соккон жүрөктөр азыр бир аз басаңдап кагып турат. Себебин Ильяз Абдыразаков Нарындын сулуусу Мединага баш кошкону менен байланыштырсак болчудай.
Бул жигиттин тоюнда Алтынбек Алымов “Ильяз экөөбүз ага-иниден эми бажага өттүк” деген. Ошол бойдон бажа болгон эки ырчыдан кабар жок. Же тымызын төртөө отуруп алып ыр жазып, обон чыгаруу менен алекпи, айтор, чыгармачылыгы жымжырт болуп туру. Бажалардан эл жаңы ырларды күтөрүн кулак кагыш кыла кетели.
САНЖАР БЕРДИБЕКОВ
Өкүл атасы Бек Борбиев Нарындын күйөө баласы болсо, Санжар Бердибеков да өкүл атасына бажа болуп, баш тырмашып калышты. “Сүйгөн элем Айгүлдү, Айгүл сүйгөн жок” деп тамашалуу ырдаганы менен, келинчегине болгон ашыктык оту эч качан өчпөй “аялым го, аялым” деп эркелетип келет. Кыскасы, турмуштун ысык-суугун 11 жылдан бери бирге татып келаткан Базар-Коргондун келини менен Нарындын күйөө баласы эки баланы тарбиялап келишет.
Кээде куудул бала каталык кетирип койсо, өкүл атасы да, бажасы да болгон Бек мырза өзү тарбиялап коюп жүрөт. Ал эми булар баш тырмашабы же ата-бала болуп сыйлашабы, калганы көшөгө артында боло турган нерсе.
Бурул Исмаилова
star@super.kg